Көйгөйлүү тери: Эмне кылуу керек?

Майланышкан жылтырак, кызарган точкалар, тери тешикчелеринин кеңейип кетиши, акне (безеткилер) — тери эмне үчүн өспүрүмдөр үчүн гана эмес, а бардыгы үчүн көйгөйлүү жана аны менен кантип күрөшүү керектигин айтып беребиз.

Биз чоңоюп, чоңдордун жашоосуна киргенде, биз мектептеги альбомдорубузду барактап жатып, аларды көрүп алып, биз аларга күлгөндү жакшы көргөн, биздин кызыктай жасалган чач жасалгаларыбыз,  оңтойсуз жасалган макияжыбыз жана  кийим-кечелерибиз  артта калган сыяктуу эле, биздин бетибиздеги жагымсыз кызарган точкаларыбыз да сөзсүз түрдө биздин өткөн  жашообузда калышы керек деп ойлойбуз. Чындыгында, теринин көйгөйлүүлүгү бардык эле жаш куракта кездешет, бирок акненин (безеткинин) пайда болгон себептери андан айырмаланышы мүмкүн.

Акнени (безеткини) пайда кылган себеп эмне болуп саналат?

Өспүрүмдөрдө кара тактар жана безеткинин пайда болушу гормоналдык чыңалуунун натыйжасында себумдун (майдын) көп иштелип чыгышы менен байланыштуу болот. Териге туура камкордук көрүлгөн учурда, жыныс системасы балансталган учурда, тери таза болот. Ал тургай кынтыксыз териси менен болгон дени сак аялда да, гормоналдык фонундагы кандайдыр бир өзгөрүүлөр болгон учурда:  мисалы, менструация (этек кир), кош бойлуулук, менопауза, бойго болтурбоочу таблеткалар да кызыл точкаларды  жаратышы мүмкүн. Алардын пайда болушуна стресс, жашоо образы жана айлана чөйрөнүн  агрессивдүү факторлору да таасирин тийгизиши мүмкүн. Безеткинин (акне) оор формалары да гормондор менен байланышкан, бирок сөз организмдеги олуттуу бузулуштар жөнүндө болуп жатат. Мисалы, ал гормондордун иштелип чыгышын жөнгө салуучу калкан бездин (щитовидной железы) дисфункциясы. Же болбосо, эркектердин гормондорунун (андрогендердин) жогорулаган деңгээли: май бездери, аларга өзгөчө сезгич келет жана ал теринин тешикчелерин тосуп бөгөттөйт жана сезгенүүнү пайда кылган себумдун (майдын) күчөтүлүп иштелип чыгышына жооп жасайт.

Сен эмне жасай аласың?

1. Беттеги акненин бардык түрлөрү менен күрөшүү дарыгердин кабинетинен башталат. Дерматологго кайрыл жана, биринчи кезекте, калкан безин, ичеги-карын трактын (ЖКТ), жана жашыруун сезгенүү процессине жана негизги витаминдер жана минералдардын жетишсиздигине карата канды текшерт.

2. Аларды сыкпа. Механикалык тазалоону – бир гана косметологдон тазалат! Адис терини туура даярдайт жана кирлерди кылдаттык менен тазалай алат. Ал эми үйдөгү шарттардагы жыйынтык бир – кан тамырлардын бузулушу жана аларды кымбат лазер менен гана алып салууга боло турган купероз.

3. Майланышкан жылтырак болгондуктан, аны жасоо зарыл деп эсептебесең дагы, терини нымдаштырып тур. Майлуу теринин да нымдалышуусу толугу менен жок болушу мүмкүн – ал эми аны эгерде, керектүү ным менен каныктырып турса, себумдун (майдын) иштелип чыгышы төмөндөйт.

4. Агрессивдүү тазалоочу каражаттардан алыс болуңуз: алар липиддердин мантиясын бузат жана себумдун (майдын) иштелип чыгышын гана пайда кылат.

Редактордун тандоосу

NovAgeдин жаңы продуктуларын тосуп ал: майланышкан жылтыракты жана теринин тешикчелерин ичкертүүнүн клиникалык жактан далилденген натыйжасы менен жылтырабаган бозомтук абалга келтирүүчү ГЕЛЬ. Терини дароо жылтырабаган бозомтук абалга келтирет жана теринин текстурасын жакшыртат. Аны жуунуу үчүн каражаттан кийин жана комплекстүү кам көрүүнүн курамындагы сыворотканын алдында колдон. Эгерде, териң кайрадан жылтырай баштай турганын сезсең, анда зарыл болсо, бир күндүн ичинде, макияждын үстүнөн эле сүйкөп кой.

Micro-Sponge  сиңирип алуучу технология - бул майланышкан жылтырыкты сиңирип алуу менен дароо эле аны кетире турган өсүмдүк чөптөрдүн компоненти, жана терини узак убакыт бою жылтыратпай бозомтук абалда кармайт.

Себум (майларды) - контролдоо технологиясы антарктицинди – глюкопротеинди камтыйт, ал майдын иштелип чыгышын азайтат, теринин тешикчелерин ичкертет, терини тынчтандырат жана майланышкан жылтыракты кетирет.

Vita Hydration нымдаштыруучу комплекси – клеткаларды нымдаштыруу жана клеткалардагы нымдуулук балансын колдоочу ингредиенттер.

Салицил кислотасы – анын текстурасын жакшыртуу менен теринин үстүнкү катмарын жумшак тазалайт, теринин тешикчелерин тазалайт жана себумдун (майдын) бөлүнүп чыгышын азайтат.

Ниацинамид - табигый коргоочу бөгөттү бекемдейт, теринин текстурасын жакшыртат, тешикчелерди азайтат жана келечектеги кызыл точкалардын пайда болушунун алдын алат.

Көйгөйлүү тери үчүн NovAgeдин башка продуктуларын Oriflameдин кийинки каталогдорунан изде!

Текст: