Багытталган таасир берүүчү каражаттар: аларды кам көрүү программасына кантип кошуу керек?

Адаттагы териге кам көрүү анын керектөөлөрүнө жооп бербей калганын байкадың беле? Теринин абалы жаш өткөн сайынже мезгилдер алмашкан сайын өзгөрүшү мүмкүн, бирок, бул сүйүктүү өнүмдөрдөн баш тартууга себеп болбошу керек. Белгилүү бир маселелерди азыр жана ушул жерден чечүү үчүн, сен күнүмдүк кам көрүүңдү багытталган таасир берүүчү каражаттар менен толуктап, жагдайды сактап калсаң болот.

Багытталган таасир берүүчү каражаттар эмне үчүн керек?
Сен териге кам көрүү программасын тандоого жоопкерчиликтүү мамиле жасап, акыры өзүңө керектүү каражаттарды таптың! Кошумча өнүмдөрдүн эмне кереги бар? Теринин сырткы көрүнүшү жана сапаты гормондор, стресс, тамактануу рациону, уйку жана айлана-чөйрөнүн абалы сыяктуу көптөгөн факторлордун таасири алдында өзгөрүп турат. Бул кадимки кам көрүүң канчалык кылдат жана жумшак болсо дагы, кээде териңе бир аз көбүрөөк көңүл бурууң керек дегенди билдирет.  Багытталган таасир берүүчү каражаттар – бул жогорку концентрациядагы активдүү ингредиенттер кошулуп, ушундай көйгөйлөрдү жок кылуу үчүн, атайын иштелип чыккан формулалар.  

Мындай каражаттар теринин кайсы керектөөлөрүнө жооп берет? 
Гиперпигментацияны кыскартуудан бырыштарды жазууга чейин – күчтүү ингредиенттеринин аркасы менен мындай өнүмдөр кемчиликтердин бүтүндөй бир спектрин жеңе алат. Жаңы NovAge ProCeuticals сериясы дагы теринин белгилүү бир көйгөйлөрүн тез чечүүгө жөндөмдүү. Линейканын ар бир курамындагы активдүү ингредиенттердин концентрациясы көз көрүнөө натыйжаларга жетишүү үчүн эффективдүү болуп, ошону менен бирге колдонууда да коопсуз – өз ваннаңдан чыкпай эле кесипкөй дерматологдун колуна түшкөндөй болосуң. Жаңы линейканын курамына эмне кирет?
 
С витамини (10%) кошулган сыворотка: Беттин териси тегиз болуп, жаркырап турушу үчүн меланиндин ашыкча иштелип чыгышын басаңдатуучу 4 жумалык интенсивдүү курс.
Ретинол (1,1%) кошулган сыворотка-концентрат: Бырыштарды кыскартуу, теринин текстурасын тегиздөө жана жалпы жашартуучу натыйжа берүү үчүн карылыкка каршы кам көрүү
AHA-кислоталары (6%) кошулган сыворотка-пилинг: үстүртөн жасалган химиялык пилинг сыяктуу таасир берүүчү эксфолиант, ал өлгөн клеткаларды кабырчыктандырып, теринин тегиздиги жана саламат жаркыроосу үчүн табигый жаңыланууга өбөлгө түзөт.
Пептиддер (0,5%) кошулган сыворотка-концентрат: коллагендин иштелип чыгшын колдоо, серпилгичтикти жогорулатуу жана дароо лифтинг-эффект берүү үчүн 7 күндүк интенсивдүү курс.
Ниацинамид (2%) жана центелла экстракты кошулган биоцеллюлозадан жасалган маска: Тынчтандыруучу жана интенсивдүү нымдандыруучу каражат, ал бир колдонуудан кийин эле күңүрт жана суусузданган териге жаркыроону кайтарып берет.


Багытталган таасир берүүчү каражаттарды териге адаттагы кам көрүүгө кантип кошуу керек? 
Мындай каражаттардын көпчүлүгүндөй эле,  NovAge ProCeuticals сериясынын өнүмдөрүн кам көрүүнүн бир бөлүгү кылып алуу оңой, бирок аларды милдеттүү түрдө узак мөөнөткө чейин күн сайын колдонуу зарыл эмес. Төмөндөгү мисалдан ProCeuticals’ты NovAge комплекстүү кам көрүүсү менен кантип айкалыштыруу керек экенин билип алсаң болот: 

Утром:
Эртең менен:
1.Тазалоочу каражат
2.ProCeuticals кам көрүүсү (эгер өнүм күндүз колдонууга арналган болсо – сөзсүз  түрдө нускаманы кунт коюп окуп чык!)
3.Көздүн айланасындагы териге арналган крем
4.Сыворотка
5.Күндүзгү крем

Кечинде: 
1.Тазалоочу каражат
2.ProCeuticals кам көрүүсү (эгер өнүм кечинде колдонууга арналган болсо) 
3.Көздүн айланасындагы териге арналган крем
4.Сыворотка
5.Түнкү крем 

Акыркы жана маанилүүсү: 
•Кээ бир активдүү ингредиенттерди (ретинол, AHA-кислоталары, С витамини) териге кам көрүүгө акырындык менен кошуу керек – эгер териң кургак же сезгич болсо, бул өзгөчө маанилүү. Эгер өнүмдү күн сайын колдонуу сунушталса, териңдин реакциясын баалоо үчүн, башында жумасына 2-3 жолу колдон. 
•Кээ бир өнүмдөрдүн курамында күн жарыгынын таасири алдында өз эффективдүүлүгүн төмөндөтүүчү же УФ-нурланууга теринин сезгичтигин жогорулатышы мүмкүн болгон компоненттер бар. Аларды түндө колдонуп, күндүз болсо SPF кошулган каражаттарды колдонуп, күнгө чыгууну чектөө керек.  
•Активдүү ингредиенттер кошулган бир нече каражатты бир учурда колдонуунун кереги жок. Мисалы, ретинол жана С витамини бири-бири менен айкалышпай, бирге колдонууда теринин кызарып, кычышуусуна алып келиши мүмкүн. Ар дайым колдонуунун алдында нускаманы кунт коюп оку. 

Өзүң үчүн активдүү ингредиенттердин күчүн ачууга даярсыңбыЖаңы NovAge ProCeuticals линейкасы жөнүндө көбүрөөк билип ал. Присоединяйся к «Навстречу переменам» бьюти-марафонуна кошулуп, алдыңкы эксперттер менен бирге өзүң жана териң жөнүндө көбүрөөк билип ал.

Текст: