Описание
Жаш курактын алгачкы белгилерине каршы көздүн айланасына арналган крем жаркыраган көз карашты жана 24 саатка чейин нымданууну камсыз кылат*.
- Гиалурон кислотасы дароо жана тереӊ нымдандырып, жумшартып, табигый гидролипид тосмосун бекемдейт;
- Кофеин микроциркуляцияны өбөлгөлөп, терини сергитип, картаюунун жана чарчоонун көз көрүнөө белгилерин кыскартат;
- Кызгылт спектрдеги минералдык жарыкты чагылдырган микробөлүкчөлөр териге саламат жаркыроону тартуулап, кемчиликтерди көз көрүнөө тегиздейт.
Натыйжалуулугу клиникалык жана керектөөчүлүк изилдөөлөр менен тастыкталат. Дерматологиялык текшерүүдөн өткөн.
Максималдуу натыйжа алуу үчүн тазаланган жана даярдалган териге ар күнү эртең менен жана кечинде NovAge Skinergise Ideal Perfection (42723) комплекстүү кам көрүүнүн бир бөлүгү катары колдон.
*Биринчи колдонуудан кийинки клиникалык тесттердин жыйынтыктары боюнча.
Как пользоваться
Көздүн тегерегиндеги тери өтө сезимтал жана жука, кадимки кремдердин курамындагы активдүү заттар кычышууну пайда кылышы мүмкүн. Дал ушул себептен, көздүн айланасына шишик жана ыңгайсыздык жаратпаган, жеңилирээк текстурадагы өзүнчө каражат керек.
- Колуӊдун сыртына бир аз кремди сыгып ал. Ар бир көзгө күрүчтүн өлчөмүнөн ашпаган крем жетиштүү.
- Кремди орбита сөөгү боюнча аты жок манжаң менен жай. Түздөн-түз көздүн кабагына сүйкөөгө болбойт, көзгө тийгизбей колдон.
- Толугу менен сиңип бүткөнчө, аты жок манжаңдын учу менен кремди акырын чапкылоо кыймылы менен сүйкө.
Комплекстүү кам көрүү синергия принциби боюнча курулат: ар бир өнүмдүн формуласы алардын бардыгы бири-бирин толуктап тургандай кылып ойлонулган. Сен өнүмдөрдү өз-өзүнчө ийгиликтүү колдоно аласыӊ, бирок топтом толугу менен колдонулган учурда жакшы иштейт. Максималдуу натыйжа алуу үчүн, NovAge Skinergise Ideal Perfection (42723) комплекстүү кам көрүүнүн бир бөлүгү катары колдон.
Состав
Красная водоросль
Гиалуроновая кислота
- Таурин — табигый энергетик. Скандинавиялык балырлар менен бир дуэтте таурин түзмө-түз клеткаларды кубаттандырып, терини нымдандырып, калыбына келтирет.
- Acaи мөмөсүнүн сөӊгөк клеткасынын экстракты эркин радикалдардын таасиринен коргойт, күчтүү нымдуулукту камсыз кылат жана тауриндин энергия берүүчү таасирин толуктайт.
Подробнее о NovAge
Отзывы
Доставка
Информацию о способах доставки, стоимости и сроках вы можете посмотреть в разделе Центр поддержки.