Описание
Жаш курактын биринчи белгилерине каршы бетке арналган түнкү крем терини түнү бою нымдандырып*, эртеӊ менен эс алгандай көрк берет**
- Ниацинамид табигый коргоочу тоскоолдукту бекемдейт, теринин текстурасын жакшыртат, ийкемдүүлүгүн жогорулатат, биринчи бырыштарды тегиздейт;
- Гликоль кислотасы теринин жаркыроосун калыбына келтирет, теринин өлгөн клеткаларын кабырчыктандыруу менен коллагендин иштелип чыгышын активдештирет;
- Е витамини - күчтүү табигый антиоксидант - теридеги нымды сактап, табигый липиддик тоскоолдукту бекемдейт.
Натыйжалуулук клиникалык жана керектөөчүлүк изилдөөлөр менен тастыкталат. Дерматологиялык көзөмөл алдында текшерүүдөн өткөн.
Максималдуу эффективдүүлүк үчүн, сыворотканы сүйкөгөндөн кийин, ар түнү NovAge Skinergise Ideal Perfection (42723) комплекстүү кам көрүүнүн бир бөлүгү катары колдон.
*Биринчи колдонуудан кийинки клиникалык тесттердин жыйынтыктары боюнча.
** Биринчи колдонуудан кийинки керектөөчүлүк тесттердин жыйынтыктары боюнча.
Как пользоваться
Комплекстүү кам көрүүнүн курамындагы кремдердин таасири айырмаланат: күндүзгү крем, башкасынан мурда, күн бою нымдандырууну жана ультрафиолет нурларынан коргоону камсыз кылат, түнкү крем - терини калыбына келтирип, ал активдүү ингредиенттерди эӊ жакшы кабыл алуучу саатарда азыктандырат.
- 5 кичинекей буурчактай көлөмдөгү кремди чекеӊе, беттериӊе, мурдуӊа жана ээгиӊе сүйкө.
- Манжалардын учу менен жеңил укалоо же акырын чапкылоо кыймылын колдонуп, толугу менен сиңгенче кремди жай. Көздүн айланасынан алыс бол. Түнкү кремди жатаардан эӊ азы жарым саат мурда сүйкөөгө аракет жаса, ошондо крем териге сиӊип, жаздыкта калбайт.
Комплекстүү кам көрүү синергия принциби боюнча курулат: ар бир өнүмдүн формуласы алардын бардыгы бири-бирин толуктап тургандай кылып ойлонулган. Сен өнүмдөрдү өз-өзүнчө ийгиликтүү колдоно аласыӊ, бирок топтом толугу менен колдонулган учурда жакшы иштейт. Максималдуу натыйжа алуу үчүн, NovAge Skinergise Ideal Perfection (42723) комплекстүү кам көрүүнүн бир бөлүгү катары колдон.
Состав
Пчелиный воск
Красная водоросль
Гликолевая кислота
NAC
- Таурин — табигый энергетик. Скандинавиялык балырлар менен бир дуэтте таурин түзмө-түз клеткаларды кубаттандырып, терини нымдандырып, калыбына келтирет.
- Acaи мөмөсүнүн сөӊгөк клеткасынын экстракты эркин радикалдардын таасиринен коргойт, күчтүү нымдуулукту камсыз кылат жана тауриндин энергия берүүчү таасирин толуктайт.
Подробнее о NovAge
Отзывы
Доставка
Информацию о способах доставки, стоимости и сроках вы можете посмотреть в разделе Центр поддержки.