Skip to main content Skip to main menu Skip to search
Oriflame сулуулук индустриясында жаныбарларга текшерүүгө тыюу салган биринчи компаниялардын бири. 1967-жылы негизделгенден бери жана 50 жылдан ашык убакыттан бери биз өнүмдөрүбүздүн коопсуздугун же натыйжалуулугун далилдөө үчүн аларды эч качан жаныбарларга сынаган эмеспиз. 50 жыл мурун, ЕБда жаныбарларга текшерүү мыйзамсыз болгонго чейин Oriflame’дин позициясы өзгөчө болгон. Бирок биз ар дайым изилдөөнүн альтернативалык ыкмаларын жактап келгенбиз жана ушул күнгө чейин бул принципти сактап келебиз.

Oriflame ɵз ɵнүмдɵрүнүн коопсуздугун кантип текшерет?

Oriflame’дин бардык ɵнүмдɵрү баланстуу швед ыкмасын колдонуу менен иштелип чыгат:
Аракеттер – ар дайым ɵз милдеттенмелерибизди жана убадаларыбызды аткаруу 
Коопсуздук – ɵзүң менен гармонияда болууну сактоо, тышкы менен ички балансты сактоо 
Жоопкерчилик – планетабызды жана бүткүл дүйнɵлүк коомду урматтоо

Ушул принциптерди жетекчиликке алуу менен, биздин ички эксперттерибиздин командасы ар кандай тестирлөө башталганга чейин бардык косметикалык формулаларды комплекстүү карап чыгат. Бул ар бир ингредиенттин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн жасалат. Андан кийин көз карандысыз лабораторияларга кайрылабыз. Бул бизге ыктыярчыларды (18 жаштан жогорку дени сак адамдар) тартуу менен косметикалык каражаттарды сынап көрүү жана алардын териге тийгизген таасирин баалоо мүмкүнчүлүгүн берет. Коопсуздук сыноолору катышуучулардан макулдук алынгандан кийн жүргүзүлөт. Процедура квалификациялуу медициналык кызматкерлердин көзөмөлү астында ишке ашат. Косметикалык ɵнүмдɵрдүн клиникалык сыноолору жаныбарларга сыноонун коопсуз жана этикалык альтернативасы катары кабыл алынган. Бул текшерүүлɵр азыр стандарттуу практика болуп саналат.

Жаныбарларга тестирлɵɵгɵ мыйзам тарабынан уруксат берилеби? 
2013-жылы, Oriflame биринчи жолу жаныбарларга текшерүүгө каршы чыкандан 40 жылдан ашык убакыт өткөндөн кийин, ЕБ жаныбарларга текшерилген косметиканы сатууга тыюу салган. Бул 2013-жылдан бери Европада сатыла турган бир да косметикалык ɵнүм же ингредиент мындай жол менен сыналышы мүмкүн эмес дегенди билдирет. Тилекке каршы, бул ыкма бүт дүйнөдө колдонулбайт. Жаныбарларга сыноодон алынган текшерүүлɵрдүн маалыматтары жергиликтүү бийлик органдары тарабынан жергиликтүү мыйзамдарга жана эрежелерге ылайык ɵнүмдү өз рыногунда расмий каттоону талап кылышы мүмкүн.

Орифлэйм жаныбарларга текшерүүнү токтотуу үчүн кандай кадамдарды жасап жатат?
Биз жаныбарларга сыноосу жок дүйнөдө жашагыбыз келет. Бул амбицияларды реалдуулукка айландыруу үчүн, Орифлэйм бар болгон бардык өлкөлөрдө ɵнүм портфелине жигердүү баа берип, ɵнүмдɵрдүн ассортиментин жана курамындагы мүмкүн болуучу өзгөрүүлөргө мониторинг жүргүзүп, өндүрүштүн жайгашкан жерин эске алат. Биз жаныбарлардын жыргалчылыгына реалдуу жана туруктуу салым кошууну каалайбыз жана бул максатта биз косметикалык ɵнүмдɵрүбүздү саткан бардык өлкөлөрдүн бийликтери менен бүткүл дүйнө боюнча ɵнүмдɵрдүн коопсуздугун изилдөөгө гумандуу жана этикалык мамилени камсыз кылуу үчүн кызматташууга даярбыз.