Skip to main content Skip to main menu Skip to search

Ар бир Орифлэймдин Бренд Өнөктөшү үчүн Орифлэймдин Этикалык кодексинин жана Уставда көрсөтүлгөн Жүрүм-турум эрежелеринин мазмунун окуп чыгуу жана билүү абдан маанилүү, анткени алар компания менен Орифлэймдин Бренд Өнөктөшүнүн ортосундагы мамилелердин негизин түзөт жана кошулуу келишиминин ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Уставдын корпоративдик басылмаларда жарыялангандыгына же башка жол менен Орифлэймдин Бренд Өнөктөшүнүн назарына коюлгандыгына карабастан, аларды сактоо Орифлэймдин бардык Бренд Өнөктөштөрү үчүн милдеттүү. Орифлэйм компаниясы каалаган убакта жана өз ыктыяры менен жалган жеке маалымат берген же Уставдын эрежелерине туура келбеген Орифлэймдин Бренд Өнөктөштөрүнүн каттоосун токтотуу (каттоо номерин токтотуу) укугун өзүнө калтырат. Орифлэймде каттоодон өткөн номерин жоготкон Орифлэймдин Бренд Өнөктөштөрү бардык укуктарынан жана артыкчылыктарынан, анын ичинен өз түзүмдөрүнөн ажыратылат. Этикалык Кодекс жана Жүрүм-турум эрежелери Орифлэймдин Брэнд Өнөктөштөрүнүн укуктарын коргоо максатында түзүлгөн, бизнес-этиканын жогорку стандарттары менен бекитилген, жана ага ылайык, Орифлэймдин Брэндн Өнөктөштөрү өз иш-аракеттеринде Уставда көрсөтүлгөн милдеттенмелерден тышкары, өз өлкөлөрүнүн мыйзамдарын жетекчиликке алууга милдеттүү.

I. ОРИФЛЭЙМДИН ЭТИКАЛЫК КОДЕКСИ

Орифлэймдин Бренд Өнөктөшү катары мен төмөндө келтирилген бизнес жүргүзүү принциптерин сактоого милдеттенем.

1.1. Орифлэймдин Уставында жана компаниянын башка басылмаларында чагылдырылган бардык эрежелерди так сактоо. Бир гана Орифлэймдин Уставында жазылган нерсени эмес, анын рухун да кармануу.

1.2. Орифлэймдин Бренд Өнөктөшү катары бизнес мамилеге кирүүдө, «башкалардын мага кандай мамиле жасашын кааласам, аларга да ошондой мамиле жасоо» деген негизги принциби менен жетектелүү.

1.3 Кардарларга жана Орифлэймдин Бренд Өнөктөштөрүнө Орифлэймдин өнүмдөрдү, бизнес мүмкүнчүлүктөрү жана Орифлэйм жөнүндө ар кандай маалыматтарды так жана чынчылдык менен тааныштыруу. Өнүмдөр жана мүмкүнчүлүктөр тууралуу жазуу жана оозеки түрүндө бир гана Орифлэймдин расмий корпоративдик басылмаларында пайда болгон убадаларды берүү. Орифлэймдин өнүмдөрүн жана бизнес мүмкүнчүлүктөрүн башка компаниялардын өнүмдөрү жана бизнес мүмкүнчүлүктөрү менен салыштырганда, бир гана ырасталган расмий маалыматтарды берүү маанилүү экендигин унутпоо.

1.4. Кардарларга буюртмаларды тейлөө жана дооматтарды кароо жагынан сылык жана ыкчам тейлөө кызматын камсыздоо. Эгерде өнүмдөрдү алмаштыруу зарыл болсо, расмий булактардан алынган тиешелүү көрсөтмөлөрдө каралган тартипти сактоо.

1.5. Орифлэймдин Расмий корпоративдик басылмаларында көрсөтүлгөн жана жетишкен деӊгээлге ылайык жазылган Бренд Өнөктөшүнүн (ошондой эле демөөрчүнүн жана Директордун) бардык милдеттерин аткаруу.

1.6. Өзүн компаниянын эң жогорку этикалык стандарттарына ылайык, чынчыл, кадыр-барктуу жана жоопкерчиликтүү алып жүрүү.

1.7. Орифлэйм тармагын эч кандай шартта, компания тарабынан бекитилгенден башка өнүмдөрдү жайылтуу же кызматтарды жайылтуу үчүн колдонбоо.

1.8. Керектөөчүлөргө өнүмдөрдү түз сатуу ыкмасын так сактоо, бул кандай гана болбосун чекене дистрибьютордук каналды колдонбоону билдирет.

1.9 Орифлэймди көпчүлүктүн көзүнө терс мааниде көрсөтүшү мүмкүн болгон, түшүнүксүз мазмундагы маалыматтардын жайылышына жол бербөө.

1.10. Сиздин өлкөңүздүн, ошондой эле менин эл аралык тармагым иштей турган бардык өлкөлөрдүн мыйзамдарын сактоо.

1.11. Этика кодексинин жана Жүрүм-турум эрежелеринин талаптарын сактоо Эрежелерди жана Шарттарды (кошулуу келишими) түзүүнүн шарты болуп саналат.

II.  ОРИФЛЭЙМДИН БРЕНД ӨНӨКТӨШТӨРҮНҮН КОШУЛУУ ЭРЕЖЕЛЕРИ

1. АНЫКТАМАЛАР

А. «Орифлэймдин Бренд Өнөктөшү» (мындан ары «Орифлэймдин Өнөктөшү» /, «Өнөктөш») - мындан ары ар кандай деңгээлдеги жана наамдагы көзкарандысыз Орифлэймдин Көзкарандысыз Бренд Өнөктөшү (анын ичинде Менеджерлер, Директорлор жана андан жогорулар).

Б. «Орифлэймдин Бренд Өнөктөшүнүн «Жеке кабинети» Орифлэйм тарабынан өз веб-сайтында иштелип чыгат жана жүргүзүлөт.

В. Эгерде башкача белгиленбесе, анда бул документте «Орифлэйм» аталышы сиз Орифлэймдин Бренд Өнөктөшү болуп катталган компаниянын аймактык кеңсесин билдирет.

Г. «Демөөрчүлүк тутум» Орифлэймдин Бренд Өнөктөшүн, анын демөөрчүсүн жана бардык жогору турган демөөрчүлөрдү камтыйт.

Д. «Жеке Топ», 22% деңгээлине жеткен биринчи катардагы Өнөктөштөрдү жана алардын Топторун кошпогондо, демөөрчү тарабынан түздөн-түз же анын Тобундагы башка Орифлэймдмн Бренд Өнөктөштөрү тарабынан тартылган бардык Орифлэймдмн Бренд Өнөктөштөрүн өзүнө камтыйт.  

E. «Топ» деген сөз ушул Орифлэймдин Бренд Өнөктөшүнүн 22% деңгээлине жеткен Өнөктөштөрүн  жана алардын топторун камтыган бүтүндөй түзүмүн билдирет.

Ж. «Орифлэймдин расмий корпоративдик басылмаларына» «Ийгилик планы - Лидерлер үчүн чыгарылыш» (анын ичинде Орифлэймдин Уставы), Орифлэймдин каталогдору, Орифлэймдин Бренд Өнөктөшүнүн Старттык топтому, «Бизнес жана Сулуулук» журналы жана компаниянын расмий сайтында жарыяланган бардык материалдар кирет.

З. «Демөөрчү» - Компанияга башка Өнөктөштөрдү чакырып, аларды Орифлэйм менен тааныштырып, окутуп, колдогон Орифлэймдин Бренд Өнөктөшү.

 И. «Эрежелер» - www.oriflame.kg сайтында жайгаштырылган, Орифлэйм өнүмдөрүн сатып алуу максатында Орифлэймдин Бренд Өнөктөштөрүнүн эрежелерин, принциптерин, укуктарын жана милдеттерин белгилеген эрежелер жана шарттар, ошондой эле анда көрсөтүлгөн башка документтер.

К. «Орифлэйм Компаниясы», «компания», «Орифлэйм», «Орифлэйм компаниясы» - «ORIFLAME COSMETICS» («ОРИФЛЭЙМ КОСМЕТИКС») ЖЧК

 ИНН 00807200910181.

Баш тамга менен башталган, бирок бул бөлүмдө аныктамасы жок сөздөр мурунку «Ийгилик планы – Лидерлер үчүн чыгарылыш» бөлүмүндөй мааниге ээ.

 

2. КАТТАЛУУ

2.1. Орифлэймдин Бренд Өнөктөшү болуу үчүн талапкерге буга чейин катталган Өнөктөшүнүн (демөөрчүнүн) сунушу керек. Айрым учурларда, Орифлэйм келечектеги Орифлэймдин Бренд Өнөктөшүн каалаган түзүмгө кошууга укуктуу.

2.2. Орифлэймдин Бренд Өнөктөшү катары катталуу талапкердин жеке макулдугу менен гана жүргүзүлөт. Орифлэймдин Бренд Өнөктөшү мындай макулдуктун жоктугунан улам келип чыккан бардык терс кесепеттерин көтөрөт. Орифлэймдин Бренд Өнөктөшүнүн бир гана каттоо номери болушу мүмкүн.

2.3. Орифлэйм талапкерди каттоодон же кайра каттоодон баш тартуу укугун өзүнө калтырат.

2.4. Мыйзамдуу куракка жеткенде же мыйзамдуу өкүлдөрдүн (ата-энелеринин, асырап алуучулардын же камкорчусунун) жазуу жүзүндөгү уруксаты менен - 14 жаштан баштап Орифлэймдин Бренд Өнөктөшү болсо болот.

2.5. Каттоо жеке адамдарга - өнөктөштөргө, эгерде алар бири-биринин мыйзамдуу жубайы же ата-энеси жана баласы болсо, 2 адам үчүн берилиши мүмкүн. Өнөктөштөр Орифлэйм алдындагы милдеттенмелери боюнча биргелешип жана өзүнчө жооп беришет жана компания өнөктөштөр карыздарын төлөбөгөн учурда алардын биринен же экөөнөн теӊ бардык карыздарын өндүрүп ала алат.

2.6. Орифлэймдин Бренд Өнөктөшү Орифлэймдин Бренд Өнөктөшү катары катталгандан кийин каттоону 30 күндүн ичинде (же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка мөөнөттө) токтото алат жана жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөттө Орифлэймден каттоо акысын кайтарып берүүнү талап кылууга укуктуу.

2.7. Орифлэймдин Бренд Өнөктөшү, өнөктөш катары катталгандан кийин 30 күн өткөн соӊ, Орифлэймге жазуу жүзүндө билдирүү жөнөтүү менен каттоону токтото алат. Бул учурда, Орифлэйм жогорудагы 2.6-пунктта көрсөтүлгөн акчалай төлөмдү кайтарып берүүгө милдеттүү эмес.

2.8. Өнөктөштүн Орифлэймдеги каттоосу 17 каталогдон кийин аяктайт (1 жыл).

2.9. Орифлэймдин Бренд Өнөктөшүн каттоо жылдык алым төлөнгөндөн кийин узартылат, ал Орифлэймдин Бренд Өнөктөшүнүн буйругу менен автоматтык түрдө жылдык каттоонун мөөнөтү аяктаганда алынат.

2.10. Жогорудагы 2.8-пункттун жоболорун эске алуу менен, төмөндөгү учурларда Орифлэймдин Бренд Өнөктөшүнүн Орифлэймге катталуусу токтотулат:

- Компанияда каттоодон өткөндөн кийин 4 каталог мөөнөтү аяктагандан кийин, эгер Орифлэймдин Бренд Өнөктөшү катталгандан бери бир дагы буюртма бербесе,

- Орифлэймдин Бренд Өнөктөшү тарабынан акыркы буюртма берилген күндөн тартып 17 каталогдук мезгил (1 жыл) бүткөндөн кийин. Ошол эле учурда, жылдык алым 17 каталог мезгилинен кийин алынбайт (1 жыл).

2.11. Мурунку Орифлэймдин Бренд Өнөктөштөрү же алардын мыйзамдуу жубайлары төмөнкү шарттарды сактаган учурда кайрадан Орифлэймге каттала алышат:

- Орифлэймде кайра каттоодон өткөнгө чейин, акыркы буюртма берилген күндөн баштап, жок дегенде 17 каталог мезгили өтүшү керек;

- өзгөчө учурларда, компания өзүнүн каалоосу боюнча кайра каттоонун шарттарын өзгөртүү укугун өзүнө калтырат;

- Эгерде Орифлэйм менен келишимдин бузулушу ушул Консультанттын аракетсиздигинен (баллдык буюртмалардын жоктугу) келип чыкса, анда Орифлэймдин Бренд Өнөктөшү Орифлейм менен келишим бузулганда (токтотуу) токтоосуз кайра каттоодон өтүүгө арыз бере алат (2.7-пункт).

2.12. Орифлэймдин Бренд Өнөктөшүнө талапкер, эгер алардын жакын туугандарынын бири (жолдошу/жубайы, атасы же апасы, балдары, бир тууган агасы/иниси же эжеси/карындашы/сиӊдиси) Орифлэймдин Өнөктөшү болсо, алардын биринин биринчи сабына катталууга милдеттүү. Эгерде Орифлэймдин Бренд Өнөктөшүнө талапкердин бир нече туугандары мурунтан эле Орифлэймдин өнөктөштөрү болсо, анда биринчи сапта төмөнкү артыкчылыктарга ылайык каттоо жүргүзүлөт:

1. жубайы

2. атасы же энеси

3. балдары

4. бир туугандары

2.13. Орифлэймдин Бренд Өнөктөшү болууну каалаган Орифлэймдин Бренд Өнөктөшүнүн мыйзамдуу жубайы өз жолдощу/жубайы менен бирдей номерде, же өзүнчө каттоо номери менен катталса болот, бирок бул учурда ал жубайынын биринчи сабына катталуусу зарыл. Экинчи учурда, эгер жубайлардын бири Орифлэймге кошулган жубайы менен бирдей номерде катталуу максатында Орифлэймдеги мүчөлүгүн токтотууну кааласа, ага төмөнкү эрежелер колдонулат:

- наамдарга жетишкендиги үчүн ал алган бир жолку төлөмдөр, биринчи кезекте Орифлэймге кошулган жубайынын жогорку акчалай сыйлыгынан алынат, эгерде мындай акчалай сый акы жубайынын жубайы менен бир номер астында каттоону түзүү максатында мүчөлүгүнүн токтотулушунан келип чыкса.

- биринчи жубайдын каттоосу 1 жылдык мөөнөткө токтотулуп, көрсөтүлгөн мөөнөттөн кийин анын Орифлэймдеги каттоосу токтотулат

- жубайларды бир номерге биргелешип каттоосу жубайлардын бири Орифлэймге өзүнчө номер боюнча мүчөлүгүн токтотуу жөнүндө арыз бергенден кийин токтоосуз жүргүзүлүшү мүмкүн.

2.14. Өнөктөш Этика кодексин же Жүрүм-турум эрежелерин бузган учурда Орифлэйм анын Орифлэймдеги каттоосун токтотууга укуктуу.

2.15. Орифлэйм Орифлэймдин Бренд Өнөктөшүнүн каттоосун мыйзам бузуу фактысы иликтенип жаткан мезгилде токтото туруу укугун өзүнө калтырат.

2.16. Өнөктөштүн туура эмес катталган маалыматтарын өзгөртүү Орифлеймдин макулдугу менен гана катталган учурдан тартып 3 каталогдук мезгил ичинде объективдүү жагдайлар болгондо мүмкүн. Өнөктөш туура эмес каттоо маалыматын берген учурда, Орифлэйм 2.15-пунктунда каралган укуктан пайдаланууга укуктуу. 

3. ТҮЗҮМДӨРДҮН ТУРУКТУУЛУГУН ЖОГОРУЛАТУУГА БАГЫТТАЛГАН ЧАРАЛАР

3.1 Орифлэймдин Бренд Өнөктөштөрүнө башка демөөрчүнүн кайра каттоосунан өтүүгө тыюу салынат. Кайра каттоо каттоо аяктагандан кийин (токтотулганда) жана 2.11 пунктунда баяндалган эрежелерди сактоо менен гана жүргүзүлүшү мүмкүн. Орифлейм менен келишим бузулган учурда, Орифлеймдин Өнөктөшү өз тобунан айрылат. Топ Орифлэйм менен келишимди бузган Өнөктөштүн жакынкы демөөрчүсүнө өткөрүлүп берилет. Каттоо ушул Уставдын 2.8.-2.10 пункттарына ылайык токтотулат.

3.2. Эгерде Орифлэймдин Бренд Өнөктөшү ушул Уставдын 2.11-пунктун колдонуп, Орифлэйм менен башка түзүмдө кайра катталуу менен келишимди Уставда көрсөтүлгөн тиешелүү мөөнөттөн кийин бузган болсо, анда ага 3.2.1-3.2.3-пунттарда көрсөтүлгөн каржылык төлөмдөрдү жүргүзүүнүн жана жаңы түзүмдү иштеп чыгуунун атайын эрежелери колдонулат.  

3.2.1 Бизнес коопсуздугун камсыздоо жана жогорку Орифлэйм Өнөктөштөрүнүн түзүмдөрүнүн бүтүндүгүн сактоо үчүн, башка түзүмдөргө кайра катталган Орифлэймдин Бренд Өнөктөштөрүнүн мурунку түзүмүндө болгон бир дагы Орифлэймдин Өнөктөшү, Орифлэйм менен келишим бузуу эрежелерин аткарып, эрежелер менен аныкталган мөөнөт өткөндөн кийин кайра катталса дагы, анын жаңы түзүмүнө каттала албайт. Жаңы катталган Өнөктөш өзүнүн мурунку түзүмүндө болуп көрбөгөн жаңы адамдарды чакыруу жолу менен өзүнүн жаңы түзүмүн курууга укуктуу. Бул эрежеден өзгөчө учур Өнөктөштүн жакын туугандарына гана колдонулушу мүмкүн: күйөөсү (аялы), бир туугандары, атасы же энеси, балдары.

3.2.2 Орифлэйм Орифлэймдин Бренд Өнөктөшүнүн жаӊы катталуусунда анын буга чейин наамдарга жетүү үчүн алган бардык бир жолку төлөмдөрүн эске алуу укугун өзүнө калтырат. Ошол эле наамдарга жетүү үчүн төлөмдөр төлөнбөй калышы мүмкүн. Мындан тышкары, компания Орифлэймдин Бренд Өнөктөшүнүн ар кандай иш-чараларга жана маркетингдик кампанияларга катышуусун чечүүдө, анын квалификациялык тарыхын эске алуу укугун өзүнө калтырат.

3.2.3 Орифлэйм түзүмдөрдүн туруктуулугун жогорулатууга багытталган иш-чаралар бузулган учурда, ар кандай талаштуу жагдайларда чечим кабыл алуу укугун өзүнө калтырат.

3.3. Орифлэймдин Бренд Өнөктөшүнүн каттоосун бир демөөрчүдөн экинчи демөөрчүгө өткөрүп берүү, өзгөчө учурларда гана, Орифлэймдин каалоосу боюнча жүргүзүлөт.

3.4. Жеке Топту же Жеке Топтун бир бөлүгүн Орифлэймдин бир Бренд Өнөктөшүнөн экинчи Өнөктөшүнө өткөрүп берүүгө тыюу салынат.

3.5. Орифлэймдин Бренд Өнөктөштөрү каттоо номерин Орифлэймге жазуу жүзүндө арыз менен кайрылуу жана анын макулдугун алуу менен жакын туугандарына - жубайына, ата-энелесине, балдарына, анын ичинде асырап алынган балдарына, бир туугандарына гана бере алышат. Ушул Эрежеге ылайык, өзүнүн номерин башка адамга өткөрүп берген Орифлэйм Брендинин Өнөктөшү, 2.11-пунктунда баяндалган эрежеге ылайык, компанияда кайрадан каттоодон өтө алат.

3.6. Орифлэймдин Бренд Өнөктөшү каза болгон учурда, анын каттоо номери, компаниянын чечими менен, маркумдун жакын туугандарына (мыйзамдуу жубайы, ата-энеси, балдары, анын ичинде асырап алынган балдары, бир туугандары) анын каза болгон күнүнөн тарта 6 айдын ичинде жазуу жүзүндө арыз бергенден кийин берилиши мүмкүн. Болбосо, маркумдун каттоо номери жокко чыгарылат, ал эми ага адамга тийиштүү төлөмдөр мураскорлорго мыйзам боюнча же керээз боюнча мыйзамда белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө мындай төлөмдөрдү алууга мураскордун укуктарын тастыктаган документтерди көрсөткөндөн кийин төлөнөт.

3.7. Орифлэйм Орифлэймдин Бренд Өнөктөшүнө Компанияга өзүнүн инсандыгын тастыктаган документтин көчүрмөсүн бергенден кийин гана, жаңы өнөктөштөрдү чакырууга жана каттоого уруксат берет.

4. ОРИФЛЭЙМДИН БРЕНД ӨНӨКТӨШҮНҮН МИЛДЕТТЕРИ

Жалпы милдеттер

4.1. Орифлэймдин Бренд Өнөктөшү Орифлэйм менен болгон мамилесинде колдонулуучу бардык мыйзамдарды, эрежелерди жана бизнес эрежелерди, анын ичинде өнөктөштү салык төлөөчү катары каттоону, отчетторду толтурууну жана тиешелүү салыктарды төлөөнү жөнгө салуучу салык жоболорун сакташы керек. Орифлэймдин Бренд Өнөктөшү кардарлардын жана коомчулуктун алдында өзүнө жана компанияга зыян келтирүүчү аракеттерди көрбөөгө милдеттенет.

4.2. Орифлэймдин Бренд Өнөктөшү сатып алуучулар, кардарлар, башка Орифлэймдин Бренд Өнөктөштөрү тарабынан берилүүчү жеке маалыматтардын корголушун камсыз кылуу боюнча Кыргыз Республикасынын жеке маалыматтарды коргоо жаатындагы мыйзамдарына ылайык иш-аракеттерди көрүшү керек.

Орифлэймдин Бренд Өнөктөшүнүн кардарларга карата милдеттенмелери

4.3. Орифлэймдин Бренд Өнөктөшү кардарга карата адилетсиз иш-аракеттерди жасабашы, аны адаштырбашы керек.

4.4. Кардар менен баарлашуунун башталышында Орифлэймдин Бренд Өнөктөшү өзүн Орифлэймдин Бренд көзкарандысыз Өнөктөшү катары так жана даана тааныштырышы керек жана кайрылуунун максатын, байланыш кандай болгонуна карабастан – электрондук почта, веб-сайт, социалдык тармак жана башкалар – түшүндүрүшү керек.  Сатып алуучунун Орифлэймдин расмий өкүлүнөн билдирүүлөрдү алып жатам деген жаңылыш оюн алдын алуу үчүн Орифлэймдин Бренд Өнөктөшүнөн өз статусун жана байланыш маалыматтарын көрсөтүүдө тактык талап кылынат. Орифлэймдин Бренд Өнөктөшүнө карата "көзкарандысыз" деген сөз – электрондук почта колтамгаларында, визиткаларда, жеке сайттарда, социалдык тармактардагы жеке баракчаларда ж.б. – бардык учурларда милдеттүү түрдө колдонулушу керек.

4.5. Орифлэймдин Бренд Өнөктөшү кардарга өнүмдөрдүн баасы жөнүндө, эгерде алар алгылыктуу болсо, кийинкиге калтыруу боюнча төлөө мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө толук жана ишенимдүү маалыматтарды берүүгө тийиш; төлөө шарттары жөнүндө; өнүмдөрдү кайтарып берүү саясаты; кепилдиктин шарттары жөнүндө; тейлөө жана жеткирүү убактысы жөнүндө. Орифлэймдин Бренд Өнөктөшү кардардын бардык суроолоруна толук жана так жооп бериши керек.

4.6. Эгерде кардар өнүмдөрдүн сапатына канааттанбаса жана өнүмдөр кайра сатууга ылайыктуу болсо, анда Орифлэймдин Бренд Өнөктөшү кардарга төмөнкүлөрдү тандап алуу укугун берет: сатып алынган товарларга мындай товарларды бир жолку кайтарып берүү менен кайтарып берүүнү же товарларды эквивалентине алмаштырууну. Акылга сыярлык убакыт аралыгы так көрсөтүлүшү керек жана түздөн-түз жана аралыктан сатууга (телефон, почта же Интернет аркылуу) бирдей колдонулушу керек.

4.7. Өнүмдөрдү сатууда Орифлэймдин Бренд Өнөктөшү кардарга чекене буюртма бланкын бериши керек, анда Орифлэймдин логотиби, Орифлэймдин Бренд Өнөктөшүнүн маалыматтары, анын аты-жөнү, дареги жана телефон номери, сатуунун бардык маанилүү шарттары, кепилдик милдеттенмелери, кепилдик мөөнөттөрү (эгерде өнүмгө кепилдик болсо) , анын шарттары, деталдары жана сатуудан кийинки кызматка байланыштуу чектөөлөр, кепилдик берген уюмдун аталышы жана дареги, кепилдик мөөнөтү жана кардарга сунушталган кемчиликтерди оӊдоо шарттары чекене заказдын формасында же өнүм менен кошо берилген башка коштоочу документтерде так көрсөтүлгөн), чектөөлөр жана кардар үчүн кайтарып берүү шарттары көрсөтүлүшү керек. Шарттар так жана түшүнүктүү жазылышы керек.

4.8. Орифлэймдин Бренд Өнөктөшү чындыкка дал келбеген, эскирген же башкача түрдө колдонулбай турган, белгилүү бир сунушка тиешеси жок же кардарды адаштырган кандайдыр бир жол менен колдонулган билдирүүлөрдү колдонбошу керек. Орифлэймдин Өнөктөшүнүн өнүмдүн натыйжалуулугуна байланыштуу оозеки же жазуу жүзүндөгү билдирүүлөрү Орифлэйм тарабынан бекитилген билдирүүлөргө жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына толугу менен шайкеш келиши керек.

4.9. Орифлэймдин Бренд Өнөктөшү туура эмес же адаштыруучу салыштырууларды колдонбошу керек. Салыштыруу критерийлери фактыларга негизделиши керек, аларды объективдүү колдоо керек. Орифлэймдин Бренд Өнөктөштөрү түздөн-түз же кыйыр түрдө башка компанияны, бизнести же өнүмдү бурмалабашы керек жана конкреттүү салыштыруу критерийлерин жана объективдүү далилдерди көрсөтпөстөн салыштыруу жүргүзбөшү керек. Орифлэймдин Бренд Өнөктөшү башка компаниялардын жана алардын өнүмдөрүнүн атын же абройун, фирмалык аталышын жана соода маркасын адилетсиз колдонуудан алыс болушу керек.

4.10. Орифлэймдин Бренд Өнөктөшү кардарларына акылга сыярлык мөөнөттө буюртманы жокко чыгарууга укук берип, өнүм жаңы болуп, сатууга жарактуу болсо, аны өткөрүп алып, ал үчүн төлөнгөн акысын кайтарып берүүсү керек.

4.11. Орифлэймдин Бренд Өнөктөшү кардарды жадатпоо үчүн, аны менен жеке байланыш, телефон же электрондук почта байланышы аркылуу акылга сыярлык убакытта жана акылга сыярлык саатта байланышып турушу керек. Орифлэймдин Бренд Өнөктөшү кардардын биринчи талабы боюнча өнүмдөрдү көрсөтүүнү же сунуштоону токтотууга милдеттүү.

4.12. Орифлэймдин Бренд Өнөктөшү, кардарларды колдонуудагы мыйзамдардын ченемдерине ылайык, мисалы, жашы жете электерге, адилеттүү соода принциптерине жана ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын корголушун камсыз кылуу принциптерине толук ылайык так маалыматтарды берүүгө милдеттүү.

4.13. Орифлэймдин Бренд Өнөктөшү кардарлардын тажрыйбасынын же билиминин жетишсиздигин урматтоо жана түшүнүү менен кардарлардын күтүүлөрүн алдабашы керек. Карылардын жаш курагы, оорусу, акыл-эси же ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү, жагдайды түшүнбөстүгү, ишенимдүүлүгү же кардарлардын тилди начар билгендиги менен колдонууга жана ошондой эле башка ар кандай жосунсуз жоруктарды колдонууга тыюу салынат.

4.14. Орифлэймдин Бренд Өнөктөшү потенциалдуу кардарларды жеке адамдарды баштапкы сатып алуу баасын төмөндөтсө же калыбына келтирсе болот деген билдирүүнүн негизинде, эгер мындай төмөндөтүүлөр же калыбына келтирүүлөр кандайдыр бир боло элек окуяга көзкаранды болсо, Орифлэймдин Бренд Өнөктөшүнө ушундай сатып алуулар үчүн жөнөтүү жолу менен, өнүмдөрдү сатып алууга мажбурлабашы керек.

4.15. Орифлэймдин Бренд Өнөктөшү, кардар өзүнүн буюртмасын берген каталогдун жарактуулук мезгилинде кардарлардын буюртмаларын жол-жоболоштурушу керек.

Орифлэймдин Бренд Өнөктөшүнүн башка Орифлэймдин Бренд Өнөктөштөрүнө карата милдеттенмелери

4.16. Орифлэймдин Бренд Өнөктөшүнө башка Өнөктөштөрдүн талапкерлерин өз түзүмдөрүнө тартуу, ошондой эле башка адамдардын түзүмдөрүнүн ишине кийлигишүү аракеттерин көрүүгө тыюу салынат.

4.17. Орифлэймдин Бренд Өнөктөшү Орифлэймдин Бренд Өнөктөштөрүнүн сатуусу же кирешеси тууралуу маалыматты туура эмес чагылдырбашы керек. Кирешелер жана сатуулар жөнүӊдө кайсы болбосун элестетүүлөр: (а) чынчыл, так жана жалган эмес, адаштырбагандай болуп чагылдырылышы керек жана (б) тиешелүү рыноктогу документтештирилген жана далилденген фактыларга негизделген болушу керек. Потенциалдуу Орифлэймдин Бренд Өнөктөштөрү (в) чыныгы киреше жана сатуу адамдын өзүнө жана анын жөндөмүнө, сатуу процессине сарпталган убакытка, күч-аракеттерге жана башка факторлорго көз каранды экендигин жана (г) киреше алуу мүмкүӊчүлүгүн акылга сыярлык баа берүү үчүн жетиштүү маалыматка ээ болушу керек.

4.18. Орифлэймдин Бренд Өнөктөшү башка Орифлэймдин Бренд Өнөктөштөрүнөн же потенциалдууу Орифлэймдин Өнөктөштөрүнөн Орифлэйм тарабынан иштелип чыккан ар кандай материалдар же кызматтар үчүн, Орифлэймдин Бренд Өнөктөшү тарабынан уюштурулган милдеттүү эмес окутууга же жолугушууларга түздөн-түз байланышкан чыгымдарды жабуу акысын кошпогондо, акы албайт.

4.19. Орифлэймдин Бренд Өнөктөштөрү башка Орифлейм Брендинин Өнөктөштөрүн жадаптсатан, алар менен акылга сыярлык түрдө жана акылга сыярлык саат ичинде гана сүйлөшүп турушу керек.

4.20. Орифлэймдин Бренд Өнөктөшү өзүнүн өнөктөштөрүн ал аркылуу буюртмаларды берүүгө мажбурлабашы керек, ошондой эле буюртманын минималдуу өлчөмүн же анын ассортиментин белгилебеши керек. Бардык Орифлэймдин Бренд Өнөктөштөрү каалаган көлөмдөгү буюртмаларды түздөн-түз Орифлэймден жайгаштыра алышат. Сактоо жана курьердик төлөмдөр буйрутманын көлөмүнө жараша өзгөрүлө тургандыгын эске алуу керек. Анын негизинде Компаниянын ар бир Өнөктөшү буюртма берүүнүн максатка ылайыктуулугу жөнүндө өз алдынча чечим чыгарышы керек. Орифлэймдин Бренд Өнөктөштөрү башка Орифлэймдин Бренд Өнөктөштөрүнөн негизсиз көлөмдө өнүмдөрдү сатып алууну талап кылбашы же ал үчүн сыйлабашы керек же сатуу боюнча жардамчыларды тартпашы керек. Орифлэймдин Бренд Өнөктөшү сатуунун көлөмү жана күтүлүп жаткан суроо-талаптын чегинен ашык өнүмдөрдү сатып албашы керек.

4.21. Орифлэймдин Бренд Өнөктөшү компания тарабынан расмий бекитилгенден тышкары, интеллектуалдык өнүмдөрдү жана консультациялык кызматтарды сатуу үчүн Орифлэймди колдонууга укугу жок. Өнүмдөрдү башкаларга сунуштоодо, өнөктөш каталогдогу бааларды колдонушу керек.

4.22. Орифлэймдин Бренд Өнөктөштөрү башка түз сатуучу компаниялардын сатуучуларын кызыктырбашы же тартпашы керек.

4.23. Орифлэймдин Бренд Өнөктөштөрү башка компаниянын өнүмдөрүн, анын сатуу жана маркетинг планын же башка компаниянын башка өзгөчөлүктөрүн адилетсиз түрдө жаманатты кылбашы керек.

4.24. Өнөктөштүн Орифлэйм менен кызматташуу мамилеси эмгек мамилеси болуп саналбайт. Орифлэймдин мүмкүнчүлүктөрүн башкаларга тааныштыруу менен, Орифлэймдин Бренд Өнөктөшү Орифлэйм жумуш сунуштабайт, бирок өз алдынча бизнес ишин баштоого мүмкүнчүлүк берет деп так жана даана билдириши керек.

4.25. Орифлэймдин Бренд Өнөктөшү милдеттенмелерди алууга жана Орифлэймдин атынан иш алып барууга укуктуу эмес жана ушул эреже сакталбаган учурда келтирилген чыгымдардын ордун толтурууга милдеттенет.

4.26. Орифлэймдин Бренд Өнөктөшү, башка Орифлэймдин Бренд Өнөктөшүнүн атынан, анын жазуу жүзүндөгү макулдугусуз буюртма жайгаштыра албайт.

4.27. Орифлэймдин Бренд Өнөктөшү, өзүнүн Жеке Тобунун бардык Өнөктөштөрүнүн компаниянын алдындагы кийинкиге жылдырып төлөө шарттары боюнча милдеттенмелерин аткарылышын камсыз кылууга милдеттүү.

4.28. Демөөрчү демөөрчүлүк кылынган Орифлэймдин Бренд Өнөктөштөрүн окутуу, өнүктүрүү жана мотивациялоо үчүн жооптуу.

4.29. Орифлэймдин Бренд Өнөктөшү Орифлэймдин алдын ала макулдугусуз «Орифлэйм» же «Oriflame» аталышын колдонуу менен кандайдыр бир жалпыга маалымдоо каражаттарына, мисалы, телекөрсөтүүлөргө, радиого, мезгилдүү басылмаларга интервью бере албайт,  же ММКларда (мисалы, «вирустук» жарнама: Интернет, SMS ж.б.) жарнамаларды колдоно албайт.

4.30. Орифлэймдин Бренд Өнөктөшү социалдык тармактарда компания, өнүм, кызмат көрсөтүү жөнүндө аудиторияны адаштырган же компаниянын беделине доо кетирген блогдорду жүргүзбөшү керек.

5. КОШУМЧА ЭРЕЖЕЛЕР ЖАНА ПРИНЦИПТЕР

5.1. Орифлэйм компаниясынын саясатында аймактык таасир чөйрөсүн бөлүштүрүү же франшиза каралган эмес. Бир дагы Орифлэймдин Бренд Өнөктөшү өз бизнесин аймактык таасир чөйрөсүн бөлүштүрүүнүн же франшизанын негизинде жүргүзүүгө укугу жок. Ар бир Орифлэймдин Бренд Өнөктөшү көрсөтүлгөн мамлекеттердин аймагында Орифлэйм менен бизнес түзө алат.

5.2. Орифлэймдин Бренд Өнөктөшү, Орифлэйм компаниясы дүйнөнүн бардык болбосо да, көпчүлүк өлкөлөрүндө өнүмдөрдүн коопсуздугу жана каттоосу, импорттук эрежелер жана тийиштүү өлкөлөрдө соода жүргүзүүдө колдонулушу мүмкүн болгон башка талаптарды так аткаруу менен өз ишин алып барып жаткандыгын эске алышы керек. Орифлэймдин Бренд Өнөктөштөрү Орифлэйм иштебеген өлкөлөргө товарларды ташып кетишинен же ага байланыштуу келип чыккан кандай болбосун зыяндар, доолор жана талаптар үчүн Орифлэйм жооптуу эмес. Мындай доомат келип чыккан учурда алар үчүн толук жоопкерчиликти Орифлэймдин Бренд Өнөктөшү өзүнө алат.

5.2.1. Орифлэймдин Бренд Өнөктөштөрү бир өлкөдөн Орифлэйм өнүмдөрүн сатып алып, аларды Орифлейм иштеген башка мамлекеттен сатуудан алыс болушу керек.

5.3. Орифлэймдин Бренд Өнөктөшү компаниянын кызматкери болуп саналбайт. Визиттик картада жана башка ушул сыяктуу документтерде Орифлэймдин Бренд Өнөктөшү өзүн «Орифлэймдин Көзкарандысыз Бренд Өнөктөшү» же компанияда анын өсүүсүнө жараша «Орифлэймдин Көзкарандысыз Бренд Өнөктөшү – Менеджер» жана «Орифлэймдин Көзкарандысыз Бренд Өнөктөшү – Директор» деп гана атаса болот.

5.4. Орифлэйм компаниясы тарабынан расмий колдоого алынган жарнамалык материалдар жана башка социалдык тармактардагы тиркемелер кошумча уруксатсыз колдонулушу мүмкүн. Компаниянын өнөктөштөрү жеке сайттарды же жеке баракчаларды Oriflame сөзү камтылган домен менен каттай албайт, бирок алар сын-пикирлерин Орифлэймдин расмий сайтына, блог дубалына ж.б. жерлерге жарыялай алышат. Компания жарыяланганга чейин материалдарды карап чыгуу укугун өзүнө калтырат. Онлайн чөйрөсүндө Орифлэймдин Бренд Өнөктөштөрү үчүн жүрүм-турум эрежелери 1 жана 2-Тиркемелерде келтирилген.

5.5. Oрифлэймдин логотиптери, фирмалык аталыштары жана соода белгилери Орифлэймдин Бренд Өнөктөшү тарабынан компаниянын алдын ала жазуу жүзүндө макулдугусуз басылып чыккан жана электрондук материалдарда (анын ичинде интернет ресурстарында) колдонулбашы керек. Эгерде мындай макулдук алынган болсо, анда соода маркасы, логотип же фирмалык аталыш Орифлеймдин корпоративдик стилинин чегинде так колдонулушу керек. Интернет ресурстарында корпоративдик белгилерди колдонуу 1-Тиркеме менен жөнгө салынат.

5.6. Орифлэймдин Бренд Өнөктөштөрү компаниянын жазуу жүзүндөгү уруксатысыз Орифлэйм соода маркаларын же логотибин колдонуп, кандайдыр бир басылып чыккан / демонстрациялык материалдарды Орифлэймден башка булактардан көрсөтүп же ала албайт.

5.7. Бардык Орифлэймдин корпоративдик басма материалдары, видеотасмалары, фотосүрөттөрү, дизайны автордук укук жөнүндө мыйзамдар менен корголгон жана аларды Орифлэйм компаниясынын алдын ала жазуу жүзүндөгү макулдугусуз толугу менен же жарым-жартылай көчүрүп алууга болбойт. Автордук укук менен корголгон материалдарды уруксат берилген колдонууда, Орифлэймге шилтеме талап кылынат, ал көрүнүп турган жерде жайгашып, анын аныктыгында күмөн болбошу керек. Интернетте компаниянын сүрөттөрүн жана башка материалдарын колдонууга байланыштуу кошумча эрежелер 1-Тиркемеде келтирилген.

5.8. Орифлэймдин Бренд Өнөктөштөрүнө Орифлэйм өнүмдөрүн чекене сатуучуларда, интернет дүкөндөрдө жана Ebay.com сыяктуу интернет-дүкөндөрдө жана аукциондордо, doska.kg сыяктуу акысыз билдирүү такталарында сатууга, көрсөтүүгө же жайгаштырууга тыюу салынат. Интернет сатууну уюштуруу боюнча кошумча эрежелер 1-Тиркемеде келтирилген. Орифлэймдин корпоративдик басылмалары чекене сатуу ишканаларында да сатыкка коюлушу же сатылышы мүмкүн эмес. Соода-сатыкка кирбеген ишканалар, мисалы, сулуулук салондору, Орифлэйм өнүмдөрүн көргөзүүдө колдонулса болот, бирок ал жерден өнүмдөр сатылбайт.

5.9 Орифлэйм өнүмдөрү Орифлэймдин ассортиментинде көрсөтүлбөгөн үчүнчү жактын өнүмдөрүнүн жанында соода жүргүзбөгөн ишканаларда көргөзмөгө коюлбашы керек.

5.10. Орифлэймдин Бренд Өнөктөштөрүнө тематикалык эмес форумдарда билдирүүлөрдү автоматтык түрдө жайгаштырууга, мындай билдирүүлөрдү алууга алдын ала макулдугун бербеген колдонуучулар базасына спам-билдирүүлөрдү автоматтык түрдө жөнөтүү үчүн программаларды колдонууга тыюу салынат.

5.11. Орифлэймдин Бренд Өнөктөштөрүнө эч кандай шартта Орифлэймдин фирмалык таңгагындагы талаптарды бузуу менен өнүмдөрдү кайрадан таңгактоого же анын энбелгилерин өзгөртүүгө тыюу салынат. Орифлэймдин Бренд Өнөктөштөрү компаниянын өнүмдөрүн бир гана оригиналдуу таӊгагында таркатууга милдеттүү.

5.12. Орифлейм чыгарган өнүмдөр, эгерде аларды колдонуу учурунда бардык көрсөтмөлөр аткарылса, ден-соолукка зыян келтириши мүмкүн эмес. Орифлэйм компаниясы өз өнүмдөрүнүн жогорку сапатына кепилдик берет жана сапатсыз өнүмдөрдү колдонуудан келип чыккан зыяндын ордун толтурууга даяр. Өнүмдөрдү туура эмес пайдалануудан келип чыккан зыян үчүн компания жооптуу эмес.

5.13. Орифлэйм каалаган убакта Орифлэймдин Бренд Өнөктөштөрүнүн мөөнөтү өтүп кеткен эсебинин жана башка милдеттүү төлөмдөрүнүн эсебине каалаган көлөмдөгү арзандатуулардан же бонустардан каражаттарды кармоо укугун өзүнө калтырат.

5.14. Орифлэйм бааларды, ассортиментти жана төлөм шарттарын алдын-ала эскертүүсүз өзгөртүү укугун өзүнө калтырат. Орифлэйм мындай өзгөрүүлөрдүн кесепетинен келип чыккан жана кампада өнүмдүн жоктугуна байланыштуу жоготулган мындай көлөмдүү арзандатуулардын, бонустардын жана башка төлөмдөрдүн ордун толтурбайт.

5.15. Орифлэйм Орифлэймдин Бренд Өнөктөшүнүн сатылып алынган өнүмдөргө кеткен чыгымдарын төмөнкү шарттарда гана төлөп берүүгө милдеттенет:

- кайтарып берүү компания белгилеген мөөнөттө жүргүзүлгөн;

- кайтарып берүү суммасы Орифлэймдин Бренд Өнөктөшү тарабынан кайтарылып берилген товарларды жеткирүүгө кеткен чыгымдарды, бардык арзандатууларды, бонустарды, акчалай сыйлыктарды алып салгандан кийин товардын наркын түзөт;

- кайтарылып бериле турган өнүмдөр, анын ичинде басылып чыккан жарнамалык материалдар, сатып түгөтүү өнүмдөрү, жана сатууну колдоо боюнча топтомдор кайра сатууга жарактуу болушу керек.

Ушул пункттун контекстинде, андан ары сатууга жарактуу өнүмдөр:

- колдонулбаган, ачылбаган же бузулбаган болушу керек; жана

- мөөнөтү бүтпөшү керек; жана

- учурдагы Орифлеймдин ассортиментинде көрсөтүлүшү керек.

5.16. Эгерде Орифлэймдин Бренд Өнөктөшү Орифлэймдин имиджине жана кадыр-баркына терс таасирин тийгизиши мүмкүн болгон мыйзамдуу же мыйзамсыз талкууга же окуяларга катышкан болуп чыкса, анда ал компанияга бул тууралуу токтоосуз маалымат бериши керек.

5.17. Орифлэйм «Ийгилик планына», квалификациялык шарттарга, ошондой эле Уставга, Этикалык Кодекске жана Орифлеймдин жүрүм-турум эрежелерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү бир тараптуу киргизүүгө укуктуу.

6. ОРИФЛЭЙМ ДИРЕКТОРУНУН УКУКТАРЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ

Орифлэймдин Бренд Өнөктөшүнө коюлган негизги талаптардан тышкары, Директордун деңгээлиндеги жана андан жогоркуларга карата төмөнкү эрежелер колдонулат. Ушул эрежелердин биринин бузулушу наамдын жана ага байланыштуу бардык артыкчылыктардын, анын ичинде бонустардын жана көлөмдүк арзандатуулардын жокко чыгарылышына алып келиши мүмкүн, ал эми айрым учурларда Орифлэймдин Бренд Өнөктөшүнүн каттоо номери токтотулат.

6.1. Директор өзүнүн Жеке Тобунун Лидери катары ар бир каталог мезгилинде төмөндөүлөргө милдеттүү:

а) Ар убакта рекрут жасоо жана Жеке Тобун өнүктүрүү;

б) Орифлэймдин Бренд Өнөктөштөрүн мотивациялоодо жардам жана колдоо көрсөтүү;

в) тренингдерди жана мотивациялык жолугушууларды өткөрүү, максаттарды коюу жана алардын аткарылышын көзөмөлдөө;

г) Орифлэймдин Бренд Өнөктөштөрүн мыкты бизнес жүргүзүүгө үйрөтүү;

д) өзүнүн Орифлэймдин Бренд Өнөктөштөрүнө ар кандай жолугушуулар, иш-чаралар, тренингдер, компаниянын жаңылыктары ж.б. жөнүндө өз убагында маалымат берип туруу;

е) Орифлэйм тарабынан уюштурулган бардык семинарларга жана башка иш-чараларга катышуу;

ж) Орифлэймдин Этика кодексин жана Жүрүм-турум эрежелерин сактоо, бардык маселелерде жеке үлгү көрсөтүү;

з) Орифлэймдин сатуу боюнча менеджерлери өткөргөн Орифлейм менен болгон бизнес-жолугушууларга катышуу.

6.2. Орифлэйм директорунун башка түз сатуучу компаниялардын атынан чыгууга укугу жок.

6.3. Эгерде Директордун жубайы же жакындары (атап айтканда: бир тууганы, атасы же энеси, балдары) башка түздөн-түз сатуучу компаниянын өкүлү болсо, анда жубайы же туугандары (ушул пункттун 6.3-пунктунда аныкталгандай) Орифлэймдин ишине катышууга жана Орифлейм компаниясын өз компаниясынын чөйрөсүнө тартууга жол берилбейт. Жубайлары же жакын үй-бүлө мүчөлөрү (ушул пункттун 6.3-пунктунда аныкталган) башка түз сатуучу компанияларда иштеген Директорлор бул тууралуу Орифлэймге билдирүүсү керек.

6.4. Директор каза болгон учурда, анын компаниядагы мүчөлүгү тиешелүү өлкөнүн учурдагы мыйзамдарына ылайык, жакын туугандары тарабынан мураска кала алат. Жазуу жүзүндөгү арыздар каза болгон күндөн тартып 6 айдан кечиктирилбестен берилиши керек, антпесе директордун каттоо номери токтотулат. Мураскорлор Орифлэймдин Бренд Өнөктөшү үчүн милдеттүү болгон шарттардын бардык талаптарын кабыл алышы жана аткарышы керек.

6.5. Директор Орифлэймдин бардык кошумча жазуу жүзүндөгү эрежелерин жана көрсөтмөлөрүн сакташы керек.

7. ДООМАТТАРДЫ КӨРСӨТҮҮ ЖОЛ-ЖОБОСУ

Орифлэймдин Этикалык кодексинин жана Жүрүм-турум эрежелеринин бузулгандыгы боюнча ар кандай даттанууларды Орифлэймдин аймактык өкүлчүлүгүнө жана / же Орифлэймдин Бренд Өнөктөшү жайгашкан өлкөдөгү компаниянын башкы директоруна түздөн-түз жөнөтсө болот.

 

1-ТИРКЕМЕ.

ОРИФЛЭЙМ БРЕНД ӨНӨКТӨШТӨРҮНҮН ИНТЕРНЕТТЕГИ ЖҮРҮМ-ТУРУМ ЭРЕЖЕЛЕРИ  

1. НЕГИЗГИ МААЛЫМАТ

Бул Устав Орифлэймдин Бренд Өнөктөштөрүнүн Интернеттеги жүрүм-турум эрежелерин аныктоого багытталган, ал Орифлэйм компаниясынын укуктарын жана ага байланыштуу мыйзамдарды жана колдонуудагы келишимдерди бузбайт.

 

2. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР

Орифлэйм компаниянын Өнөктөштөрүнө борборлоштурулган сатуу жана өнүмдү жайылтуу онлайн-аспаптарын жана Орифлэймдин Интернеттеги бизнес-мүмкүнчүлүктөрүн сунуш кылат.

Ошондой эле, Орифлэймдин Бренд Өнөктөштөрү, Орифлэйм компаниясынын Интернеттеги расмий сайттары эместигин көрсөткөн шартта, өз ишмердүүлүктөрү, өнүмдөрү жана бизнес-мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымат алмашуу үчүн өз веб-сайттарын түзө алышат. Цитаталоо учурунда сайттын жеке ээсин, байланыш маалыматтарын көрсөтүү, ошондой эле расмий булакка шилтеме берүүнү милдеттүү болуп саналат.

 

3. ВЕБ РЕСУРСТУН АТЫ

Орифлэймдин Бренд Өнөктөштөрүнүн веб-сайттын доменинде / поддоменинде, мобилдик тиркемеде, блог дарегинде, социалдык тармактагы баракчанын (мисалы, Facebook, ВКонтакте, Instagram), видеохостинг каналынын же органикалык издөө натыйжаларында сайттын аталышында «Орифлэйм» же «Oriflame» сөздөрүн, ошондой эле Орифлэймдин (Oriflame) фирмалык аталышынын фонетикалык имитациясын колдонууга укугу жок.

 

Фонетикалык имитация тамгалар, тыбыштар жана сандар менен иштөө (ысымдагы бир же бир нече тамгаларды жана / же сандарды алмаштыруу, кошуу жана / же алып салуу), түпнускага жакын үндү же жазууну тууроо менен бренд атын клондоштурууну билдирет. Мисалы, Орифлэйм – Орифлейм – Орилэйм, 0riflame - Orileme  ж.б.

 

«Орифлэйм» же «Oriflame» деген сөздү ошол эле аталышта бул топ (социалдык тармактагы же блогдогу баракча) компаниянын расмий ресурсу эмес деп так көрсөтүлгөн учурда, социалдык тармактардагы блогдун, аккаунттун же топтун аталышында колдонсо болот. Мисалы: «Ноокат Орифлэйм Лидерлеринин Коому».

 

4. ОРИФЛЭЙМДИН БРЕНД ӨНӨКТӨШҮНҮН ВЕБ РЕСУРСУНА БОЛГОН ТАЛАПТАР

Кандайдыр бир веб-ресурстун (веб-сайттын, блогдун, социалдык тармактардагы баракчанын же топтун) алдыңкы (биринчи) бетинде же жарнамалык кампаниясында, сайттын ээси Орифлэймдин Көзкарандысыз Бренд Өнөктөшү экендиги көрүнүп тургандай, байкалаарлык болуп турушу керек. Веб-ресурстун беттеринде Орифлэймдин логотибин же соода маркасын колдонууда ээси жөнүндө маалымат корпоративдик белгиге жакын жайгашуусу керек.

Орифлэймдин Бренд Өнөктөшүнүн байланыш маалыматы (жок дегенде фамилиясы, аты, электрондук почтасынын дареги жана телефон номери) веб-сайтка кирүүчүлөр үчүн оңой жеткиликте болушу керек.

Эгерде өнөктөштүн сайтында катталуу опциясы бар болсо, анда сайттын ушул жеринде каттоо Компаниянын өзү эмес, Орифлэймдин Бренд Өнөктөшү тарабынан демилгеленип жаткандыгы тууралуу көрүнүктүү жана байкалаарлык маалыматтар болушу керек. (Мисалы, «И. Жакупованын командасына катталуу» же «Кыялдарга карай алга!» командасына  катталуу).

Бул бөлүмдүн эрежелери Бренд Өнөктөштөрдүн Орифлэймдин ишмердүүлүгүнө тиешеси жок жеке баракчаларына, блогдоруна жана веб-сайттарына жайылтылбайт.

 

5. МАЗМУНУ ЖАНА ШИЛТЕМЕЛЕР

Өздөрүнүн веб-сайтын түзүүдө, Орифлэймдин Бренд Өнөктөштөрү, Орифлэймдин расмий веб-сайтынын дизайнын, меймандар тарабынан түшүнбөстүктөрдү жаратпоо үчүн, кандайдыр бир жол менен көчүрүп алууга укугу жок. Орифлэймдин расмий интернет-ресурстарынан, мисалы, веб-сайттан, социалдык тармактардагы топтон, видеохостинг каналынан жана башка материалдарды көчүрүүдө материалдардын булагына шилтеме талап кылынат.

 

Орифлэймдин Бренд Өнөктөштөрүнө онлайн дүкөндөрдө жана аукциондордо, купон сунуштары бар арзандатылган сатууларды камтыган сайттарда, мисалы, Ebay.com, акысыз кулактандыруу такталарында, мисалы, doska.kg мобилдик операциялык тутумдар, ошондой эле өз веб-ресурстарында (веб-сайт, блог, социалдык тармактагы баракча ж.б.), анын ичинде онлайн төлөмдөрдү кабыл алууларда Орифлэйм өнүмдөрүн сатууга, көрсөтүүгө же жайгаштырууга тыюу салынат. Орифлэймдин расмий сайтында андан ары буюртма берүү үчүн өнүмдөрдү өз веб-ресурстарынды аларды сүрөттөп, каалаган буюртма жөнүндө маалымат топтоп, сунуштоого гана уруксат берилет.

Орифлейм өнүмдөрү көрсөтмө үчүн коюлбашы керек жана Орифлэймдин Бренд Өнөктөштөрүнүн жеке веб-ресурстарында, Орифлэймдин ассортиментинде көрсөтүлбөгөн үчүнчү жактын өнүмдөрүнүн жанында сунуш кылынбашы керек.

 

6. ФОТО ЖАНА СҮРӨТТӨР

Орифлэйм Өнөктөштөрүнө төмөнкүлөрдү колдонууга уруксат берет:

• Орифлэймдин расмий сайтындагы «Орифлеймдин контент китепканасы» бөлүмүндө «бөлүшүү», «жүктөө» функциясы менен камсыздалган жарыяланган бардык сүрөттөр.

• Орифлэймдин расмий сайтында, ошондой эле Орифлэйм каталогунда жарыяланган учурдагы каталог мезгилинин башка сүрөттөрү, колдонулган сүрөттүн астында Орифлэйм сайтында сүрөттүн булагын милдеттүү түрдө көрсөтүү менен. 

Уруксат берилбейт:

• Орифлэймдин расмий сайтында же учурдагы каталог мезгилиндеги каталогдо жарыяланбаган келечектеги каталогдордун, брошюралардын жана башка басылмалардын сүрөттөрүн колдонуу.

• Моделдердин сүрөттөрү («Орифлеймдин контент китепканасы» сунушталгандардан тышкары).

Орифлэймдин колдонулган бардык материалдары жогорку сапатта болушу керек.

Жогоруда аталган объектилерди пайдалануу эрежелеринин бузулушуна байланыштуу Орифлэймге келип түшкөн бардык үчүнчү жактардын талаптары жана дооматтары Орифлэймдин Бренд Өнөктөшүнө жөнөтүлөт жана Орифлэймдин Бренд Өнөктөшү аларды өз эсебинен жөнгө салууга милдеттүү.

  

7. ОРИФЛЭЙМДИН ЛОГОТИБИ

Орифлэймдин логотиби компаниянын расмий баракчасында кандай форматта колдонулса, ошондой эле форматта барактын үстүӊкү же астыӊкы колонтитулу катары гана колдонулушу мүмкүн. Логотипти өзгөртүүгө, анын ичинде анимацияга тыюу салынат.

 

8. ОРИФЛЭЙМДИН БРЕНД ӨНӨКТӨШТӨРҮНҮН СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАРДА БОЛУШУ

Орифлэймдин Бренд Өнөктөштөрүнүн блогдордо, социалдык тармактарда ж.б. ресурстарда болушу Орифлэйм тарабынан демилгеленет. Компаниянын өнөктөштөрү өнүмдөрдүн касиеттери жөнүндө маалыматтын тактыгы боюнча 1.3-пункттун талаптарын сактоо менен, Орифлэйм өнүмдөрү жөнүндө сын-пикирлерин жана комментарийлерин жарыялай алышат. Маалыматты туура көрсөтүү жана булакка шилтеме берүү үчүн Компания өзүнүн расмий Интернет-ресурстарындагы "Достор менен бөлүшүү" функциясын колдонууну сунуштайт.

 

9. ИНТЕРНЕТТЕ АЛГА ЖЫЛУУ

Орифлэймдин Бренд Өнөктөштөрү, Уставда көрсөтүлгөн Онлайн чөйрөсүндөгү жүрүм-турум эрежелерин сактоо менен, өзүлөрүнүн веб-ресурстарын Интернетте өз алдынча алга жылдыра алышат.

Контексттик жарнамада (мисалы, Google Adwords кызматын колдонуу менен):

Орифлэймдин Бренд Өнөктөштөрүнүн Интернеттеги жүрүм-турумдарынын эрежелерин сактоо жөнүндө толугураак маалымат жана практикалык мисалдарды Орифлэймдин Бренд Өнөктөштөрүнүн Интернетте иштөө боюнча колдонмосунан караңыз.


№ 2-ТИРКЕМЕ. СҮЙЛӨШҮҮ ЭРЕЖЕЛЕРИ

ОРИФЛЭЙМ БРЕНДИНИН ПОТЕНЦИАЛДУУ КАРДАРЫ / ӨНӨКТӨШҮ МЕНЕН СҮЙЛӨШҮҮДӨ: 

- өзүңүз жана Орифлэйм компаниясы менен тааныштырып, пайдалуу маалыматтар, өнүмдөр жөнүндө ойлоруңуз, Орифлэйм кызматы менен бөлүшүңүз.

- кардарларга өзүӊүздүн сунуштарыӊыздын максатын түшүндүрүп, Орифлэймдин өнүмдөрү жөнүндө маалымат бериӊиз.

- суроолорго чынчыл жана так жооп бериңиз.

- Өнүмдөр боюнча Орифлэйм тарабынан жактырылган гана билдирүүлөрдү жасаӊыз. Кардарларды Орифлэймдин веб-сайтына жөнөтүңүз, анда алар өнүмдөр жана алардын талап кылынган касиеттери жөнүндө көбүрөөк маалымат ала алышат.

- кардарларды, башка Орифлэймдин Бренд Өнөктөштөрүн сыйлаӊыз. Расалык, гендердик негизде зомбулукту, экстремисттик аракеттерди жасабаӊыз; ыплас сөздөрдү колдонбоңуз. Башка бирөөнүн жеке жашоосуна, ошондой эле саясатка, динге ж.б.у.с. маселелерге карата сый көрсөтүңүз. 

-  кардардын талабы боюнча сүйлөшүүнү токтотуӊуз.

жеке маалыматтарды коргоо жаатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоо менен, кардарлардын жеке маалыматтарын чогултуу жана сактоо керек.

- Орифлэймдин маалыматтарынын купуялуулугун сактоо керек. Мурда Орифлэймдин сайтында жарыяланган расмий материалдарга шилтеме жасоодо, сиз булакка шилтеме жасашыңыз керек (мисалы, «www.oriflame.kg сайтында жарыяланган, 2020»). Расмий жарыяланганга чейин Орифлэймдин купуя материалдарын жарыялоого тыюу салынат, мисалы, келечектеги өнүмдөрдү сатуу же рекрутинг кампаниялары жөнүндө.

- өнүмдөрдү сатууда:

- кардарга өнүмдөрдүн баасы, төлөө шарттары, жеткирүү мөөнөттөрү жөнүндө ишенимдүү маалыматтарды бериӊиз;

- кардарыңызга жазуу түрүндөгү буюртма формасын бериӊиз;

- кардарга ал буюртманы жокко чыгара ала турган мезгил жөнүндө, ошондой эле товарды кайтарып берүү жана акысын кайтарып алуу укугу товар кайра сатыла турган жаӊы абалда болгон учурда мүмкүн экендиги жөнүндө маалымат бериӊиз;

- Орифлэйм өнүмдөрүнө кепилдиктерди берип, сатуудан кийинки тейлөө жана тиешелүү жол-жоболорду камсыз кылыӊыз.

 

- Орифлэймдин потенциалдуу Бренд Өнөктөшү менен баарлашканда:

- иш жүзүндө киреше жана сатуу адамдын өзүнө жана анын жөндөмүнө, сатуу процессине сарпталган убактысына, күч-аракетине жана башка факторлорго байланыштуу экендигин маалымдаӊыз;

- өнүмдөрдү жайылтуу / сатуу аркылуу киреше табуунун жолдору жөнүндө керектүү маалыматтарды бериӊиз.

- маектешиңизге Орифлэйм инновациялык өнүмдөрдү туруктуу иштеп чыгууга багытталган социалдык сулуулук компаниясы экендигин эскертиӊиз. Орифлэйм сапаттуу өнүмдөрдү жана бизнес куруу мүмкүнчүлүктөрүн сунуш кылат. Бул бизнес өзүнүн финансылык абалын дагы, жеке сапаттарын дагы жакшырта алат.

 

ОРИФЛЭЙМ БРЕНДИНИН КАРДАРЫ / ПОТЕНЦИАЛДУУ ӨНӨКТӨШҮ МЕНЕН СҮЙЛӨШҮҮДӨ ТӨМӨНКҮЛӨРГӨ ТЫЮУ САЛЫНАТ:

- кардарды өнүм сатып алууга же командага кошулууга мажбурлоо.

- өнүмдүн мүнөздөмөсүн ашыкча баалоо. Сиз өнүмдү колдонуу тажрыйбаңызды чынчыл жана адилеттүү түрдө ачыкка чыгарышыңыз керек, ар дайым өнүмдүн аннотациясына же Орифлэйм тарабынан берилген башка маалыматтарга кайрылыңыз.

- Oрифлэйм өнүмдөрүнүн мүнөздөмөлөрү жөнүндө, кирешелердин көлөмү жөнүндө, сиздин иш тажрыйбаңыз жөнүндө жалган айтуу фактыларына.

- адаштыруу, кардарга кысым көрсөтүү.

- кардардын суроосуна жообуӊуздун жоктугунан же жообуӊуздан күмөн санап жатканыӊыздан уялуу. Туура жообун тактоо үчүн, Орифлэймдин сатуу боюнча колдоо бөлүмүнө кайрылып, андан соң кардарга кайрылыңыз.

- башка компаниялардын өнүмдөрү менен адаштыруучу же туура эмес салыштырууну колдонбоңуз. Салыштыруу критерийлери объективдүү тастыктала турган фактыларга негизделиши керек.

- Башка компаниялардын ишкердик беделине доо кетирбеңиз, башка компаниялардын кардарларын тартпаӊыз же үгүттөбөӊүз.

- Башка кардарларды ушул сыяктуу сатып алууларды жүргүзүү үчүн сизге багыттап, анын өнүмдөрдүн баасын төмөндөтүп же сатып алуу баасын калыбына келтире аласыз деген талаптын негизинде адамды өнүмдү сатып алууга үндөбөңүз.