Skip to main content Skip to main menu Skip to search

Коомдук ишмердик

Oriflame өзүнүн кыялдарын талыкпай ишке ашыргандарды дайыма колдоп келген. Бул принцип кайрымдуулуктарга жайылтылат, компания аны менен өзү негизделген 1967-жылдан тарта иш жүргүзүп келе жатат.  

Калктын азыраак корголгон бөлүгүнө– балдарга жана жаш аялдарга– биздин жардам– аларга өздөрүнүн кыялдарын ишке ашыруусуна мүмкүндүк берет деп биз терең ишенебиз. Өз алдынча демилгелерди колдоого карата биздин бекем ишенимибиз коомдук жашоо-турмуштагы биздин катышуубуздун э негизги принциби болуп саналат. Жана бул Oriflameдин бизнес-модеоине толук туура келет.

Максималдуу натыйжага жетишүү үчүн бардык кайрымдуулук долбоорлорду биз Орифлэйм Кайрымдуулук фондуна бириктирдик. Биз өкмөттүк эмес уюмдар жана кайрымдуулук уюмдары менен кызматташабыз, алар окутуу демилгелерин турмушка ийгиликтүү ишке ашырууда чон тажрыйбаларга ээ, алар биздин максаттарды жана баалуулуктарды да бөлүшүшөт.  

Дүйнөлүк балдар фонду

Ар бир бала балалыкка, коопсуздукка, кубанууга, ойноого жана жашоо-турмушка болгон кызыгуу мамилесине карата укугу бар. Бирок тилекке каршы, көпчүлүк балдар ушул негизги укуктардан ажыраган. Швециянын королевасынын паторнажынын алдында негизделген, Oriflame анын кошо демөөрчүсү болуп саналган Дүйнөлүк балдар фонду бүт дүйно жузү боюнча жардамга муктаж балдарга жардам берет. Ушул уюмдун ишине жараша биз үйү жок балдарга, зөөкүрчүлүккө кабылган балдарга, балдар үйлөрүндө жашалаган балдарга жардам көрсөтө алабыз.


Балдар үйлөрүнө жардам

Кайрымдуулук долбоорлорунун алкагында, Oriflame компаниясы Кыргызстандын аймактарында бир катар балдар үйлөрүнө жардам көрсөтүп турат.