Жаӊы жылдык бьюти-кече

Жаӊы жылды кантип майрамдаш керек, эмне белек кылыш керек жана идеалдуу селфи үчүн кантип макияж жасаш керек – Аяз Сулуу жана Oriflame’дин бьюти-эксперти Галина Ильина сенин идеалдуу майрамыӊ үчүн гид даярдап коюушту.

Бул сенин кечеӊ
Достор менен шаар сыртындагы үйгө баруу, үй-бүлө менен дасторкон үстүндө отуруу, клубдагы кече же романтикалуу уик-энд – сен кандай сценарийди тандасаӊ дагы, майрамдык камылгалар жөнүндө азыраак ойлонуп, ойдогудай көӊүл ач. Бир нерсе сөзсүз түрдө план боюнча болбой калат, бирок, ал сенин эсиӊде калбайт! Ал эми жылуу учурлар жана майрамдык сүрөттөр кышкы суук кечтерде көпкө чейин маанайыӊды көтөрүп турат

Досторду конокко кантип чакыруу керекСайтка кирип ичиӊдеги Аяз Атаны ойготуп - майрамдык открытканы түз жана жакындарың менен кийинки жылга сыйкырдуу каалоо-тилектериң менен бөлүш.

Эӊ башкысы — белек эмес
Бир жылда бир гана жолу келе турган аяз атанын ролунан ырахат алуу мүмкүнчүлүгү! Аз калагнда соода борборлорун кыдырып, чуркоонун ордуна, какао жасап, жайлуу төшөккө оронуп алып, үйдөн чыкпай эле белектерди танда. Абдан жөнөкөй!


Мода өкүмү
Идеалдуу образ жылдын башкы түнүн кайда өткөрөөрүӊө жараша болот. Сонун ресторанга келген адамдар өтүк менен жылуу шымга баа бербесе керек – бирок, кар менен урушуп, ойноодо сен жылдыз болосуӊ жана да үшүбөйсүӊ

Жаӊы 2021-жылды тосуу үчүн боз, көгүш, сары боз, ак түстөр актуалдуу – пастель түстөрүнө жана алардын айкалышына көӊүл бур, ал эми жаркырагыӊ келсе, күмүш түстү танда. Учкан фасондорго, көлөмдүү жеӊдерге, орто узундуктагы көйнөктөргө жана жеӊил кездемеден тигилген блузаларга көӊүл бур. Күмүш сымал металлдан жасалган  аксессуарларды тандоону унутпа – ал эми трансформер топтомду , тандаган болсоӊ, кече учурунда образдарыӊды өзгөртө аласыӊ

Негизги эреже — бут кийимиӊ кысып жатканын ойлобой, майрамдан ырахат алуу үчүн, кийимдер ыӊгайлуу болсун

Жаркыра!
Суук — тери үчүн, өзгөчө сезгич тери үчүн, абдан чоӊ сыноо. Ага талаптагыдай кам көр, анткени тери – бул фильтрлерди колдонбостон идеалдуу болгон жаӊы жылдык образдын негизи. Нымдандыруучу кремдерди колдонуп, бьюти-мифтерди унут. Аны кышында колдонсо болот жана колдонуу керек! Болгону крем толугу менен сиӊиши үчүн, сыртка чыгаардан мурда 40 мүнөт күтө тур. Колдоруӊду да унутпа, майлуу крем жана жылуу кол кап – анын эӊ жакын достору.

Бул жылы жаӊы жылдык макияж үчүн сага алтын түскө көӊүл бурууга кеӊеш беребиз – ал бардык түстөгү көздөрдү ачып, стереотиптерге карабастан, бырыштарды баса белгилебейт. Oriflame’дин бьюти-эксперти Галина Ильинанын алтын түстөр колдонулган макияжын карап көр

Боёнгонду жактырбасаӊ, же билбесеӊ да оӊой жасала турган макияждын дагы бир-эки түрү бул жерде. Биринчи түрү – көздүн бурчтарына бир аз  алтын түстүү тень кошсоӊ, көз карашыӊ жаркырап калат, ал эми эриндериӊе көлөм берүүнү кааласаӊ аны помаданын үстүнө эриндин ортосуна сүйкөп кой. Дагы бир идея – бет сөөктөргө алтын түстү колдонуу.  Mystic Black THE ONE 5-in-1 Wonder Lash XXL Mascara тушу менен интенсивдүү кара кирпиктер образды идеалдуу толуктайт.

Образды жаратуу үчүн өнүмдөрдү сатып алуу