Эко-стилдеги Жаӊы жыл: Аяз Экодон 5 лайфхак

Белектерди өз колуӊ менен таӊгактап, үйдү жандуу балатынын жыпар жытына толтуруп, жакындарыӊ үчүн эӊ мыктысын тандоо – планетага камкордук менен жаӊы жылды кантип тосуш керек экенин билип ал.


Таӊгактоо үчүн экологиялык материалдар 

Куранттар кагылгандан кийин таштандыга канчалаган таӊгактар жана банттар түшөөрүн элестетип көрчү? Кооз жасалганын жашоосу кыска – демек, желим колдонбоого аракет кыл.

Кооз жана чынында майрамдык таӊгакты планета үчүн зыяны азыраак материалдардан, мисалы, кадимки эле кагаздан жасаса болот. Төмөндөгү мисалды карап, кадамдарды аткар! Катуу крафт, картон, көтөрмө, жип, тобурчак, арча бутактарын – фантазияӊа жараша нерселерди колдон

Колго жасалган балаты оюнчуктары  

Шведче жасалгаланган майрамдык балаты кандай болот? Дарактын негизи көлөмдүү себеттин ичине жашырылып, тегерегине крафт кагаздарга оролгон белектер коюлат. Балаты адатынча анча көп эмес винтаждык же колго жасалган оюнчуктар менен кооздолот. Каминдердин устүнө белгилүү Даларна аты жайгашат. Майрамдык жасалганын негизги принциби – баары өз чени менен болушу керек.

Жаӊы жылдык жасалгаларды өз колу менен жаратуу – бул өзгөчө майрамдык салт. Жөнөкөй кагаз гирляндалары, арча бутактарынан жасалган Рождество гүлчамбары жана шуру жасалгалары – мунун баарын ар бир үй-бүлө мүчөсү жасай алат.

Эч кандай бир колдонмо идиш-аяк жок!
Желим табактарды коюп, майрам аяктагандан кийин аларды таштандыга салуу – жаӊы жылда мындай логикадан баш тартууну сунуштайм. Бир колдонмо желим дасторконго бир кече үчүн коюлат, ал эми жаратылышта 100дөн 1000 жылга чейин ажырашы мүмкүн. Шаӊдуу кечелер үчүн ак табактарды сатып алып, дасторконду кагаз сүлгүлөр, сүлгүлөр үчүн шакекчелер, тобурчактардан турган композициялар, арча бутактары жана шамдар сыяктуу жасалгалар менен кооздоп кой

Жакындарга камкордук менен тартууланган белектер 
Мага белектерде табияттын бир бөлүгү катылгандыгы жагат, ошондуктан Oriflame өнүмдөрүн тандоо менен мен эч качан жаӊылбайм. Жыпар жыттарга көӊүл бур – алар 100% табигый алкоголдун негизинде жасалган. Love Nature жана Beautanicals каражаттарынын жуулуучу формулалары биоажыроочу болуп саналат, ал эми алардын идиштери кайра иштетилген желимден жасалат. Wellness’тен Омега-3 Friends of the Sea тастыктамасы менен белгиленген, «Деӊиз кальцийи жана D витамини» комплекси Исландия жээктеринин кол тийбеген таза сууларынан кайра калыбына келүү критерийлерине ылайык жыйналган биоактивдүү кальцийдин негизинде жасалган

Жөнөкөй кайрымдуулук иштер 
Жаӊы Жылдын алдында эӊ кичинекейлерди өзгөчө камкордук жана көӊүл менен курчагыӊ келет. Oriflame сайтынан жана каталогунан лента түрүндө белгиленген өнүмдөрдү издеп, жакындарыӊа белектерди танда. Аларды сатып алуу менен сен балдарга жардам бересиӊ, анткени сатуулардан түшкөн каражаттардын бир бөлүгү кайрымдуулук фондго которулуп, балдардын жашоосун өзгөртүүгө жардам берет. Сүйүү менен бөлүшүү сен ойлогондон да оӊой!