Париждеги дем алыш күндөрү: экөө үчүн 7 пикир

Дуйнодогу махабат шаарында дем алыш күндөрү эмнеге жетишүү мүмкүн? Биз көрсөткөн жолду окуп, уик-эндге пландарды түз!

Eclatamour жана EclatToujours жаңы жыпар жыттарын колдонуп көр жана Париждин романтикасын сез, ошондой эле байма-бай Norrsken зер жасалагаларына ээ болууга мүмкүнчүлүк ал! Толук шарттар тууралуу ушул жерден оку,  ал эми биз сен үчүн дүйнөнүн эң романтикалуу шаары боюнча гид даярдап койдук. Ал жерден эмнелерди сөзсүз түрдө аткаруу керек?

Эйфелев мунарасынын көрүнүшүнө суктануу менен кечки тамактануу 

Эйфелев мунарасына жыл сайын бир нече миллион туристтер көтөрүлүшөт. Шаардын панорамасынан тим эле демиңди ичиңе аласың, бирок процесстин өзү өтө көп убакытты алат жана бүт романтиканы бузат. Бардык жерде, билет сатылуучу кассалардан тартып тепкичтерге жана ар бир кабатка көтөрүлүүчү лифттерге чейин адамдарга жык толгон, чарчаткан кезек күтүүлөр. Анан калса, кайра түшүп келе жатканда так ушундай эле! Андан көрө жылдын башкы символунун өзүнүн романтикалуу түрүн алыстан карап отуруп алып, жыргалга баткан жакшы. Түндүн бир оокумуна чейин мунаранын жаркылдаган жарык учкундарын көрүү менен унутулгус элес алуу үчүн ресторандардын биринен столик заказ бергиле. Мисалы, Байыркы цивилизациялардын Музеийнин чатырындагы Les Ombres ресторанынан. 

 

Сите аралы боюнча сейилдөө

Вер-Галан сквери, Дофин аянты, гүлдөр базары, Консьержи замогу, готика саат куранты, жана албетте, атактуу Нотр-Дам — Сите аралына Париждин эски бөлүгүнө орто кылымдын архитектурасы жана атмосферасын көрүш үчүн сөзсүз барыш керек.

Дүйнөдөгү эң ири музейдин шедеврлерин көрүү

Ооба, аябай чоң кезектерди күтүүгө туура келет жана билеттер да кымбат бирок Луврга барбай туруп, Парижден кайрп кетүүгө таптакыр болбойт! Лайфхактарды карма: бүтүндөй бир күндү жалгыз гана музейди көрүүгө жумшабастан, билетти интернеттен сатып ал жана жүрүшүңдү пландап ал. Жөн гана кайсы картиналарды же скульптураны көргүң келет, ошону так чечип ал, жана мурдатан музейдин залдарынын планынан аларды таап ал. 

Макарундарды жеп көргүлө

Франция жана Италия миндаль, кант жана жумуртканын белогунан жасалган укмуштуудай назик жумшак пирожныйлардын мекенинин наамы үчүн  ушул күнгө чейин күрөшүп келишет — ал эми булар Париждин гастрономиялык символдорунун бири болуп калганы менен бардыгы тең абсолюттук түрдө макул! Рецептердин түп нускасын алуу үчүн Ladurée ге жөнө жана ошол жеринен эле тамшанып туруп жеп ал: себеби Россияга кетип бара жатканда, жолдон алар катып, бузулуп калышы мүмкүн. 

Атмосфералык көчөлөрүнөн сейилдеп басууну унутпа

Париж өзгөчө кичинекей көчөлөргө абдан бай, алар сени открыткадагы кооз жерлерден кем эмес таң калтырат.  Монмартредеги Жан Риктюс сквериндеги атактуу Сүйүү Дубалынын жанынан эстелик үчун романтикалуу сүрөткө түшкүлө: ошол жердеги үйлөрдүн биринин фасады «Мен сени сүйөм» деп 250 тилде кооздолуп жасалгаланган. Аббревуар көчөсүндө «Амели» фильмин тартышкан, Балык кармоочу-мышык көчөсү Париждеги эң ичке (тар) көчө (жазысы 1,8 м), ал эми живопистүү Кремье кооздолгон үйлөрү менен суктандырат.

Королдордой эс алуу

Тюильри бакчасын  Екатерина Медичинин өзүнүн буйругу боюнча 1564-жылы ачылган, сейилдерди куруу үчүн арналган мурдагы королдордун бакчасы азыркы учурда бардык Париждиктер үчүн жеткиликтүү. Аны шашпай кыдырып басуу, скульптуралардын коллекцияларын көрүү жана эң башкы бассейндин жанында эс алуу үчүн сөзсүз убакыт тапкыла.  


Дүкөндөрдү кыдырып жөнөгүлө

Жоголсун сувенирлер — алар париждин шик стилин берип турган, сапарыңар тууралуу сатып алган кийимдериңер жана аксессуарлар кийин эстетип турсун. Бюджетиңерге жараша соода жасагыла: Lafayette жана Printemps универсалдуу дүкөндөрүндө укмуштуудай сонундар жана бренддер күтөт, бюджеттик маркалар — андан алыс эмес бутиктер, Маре кварталында жана Сен-Жермен бульварынын четтериндеги — винтаж.

Текст: Сүрөт: Oriflame