Маскаларды чечебиз: маанилүү ишчарага 2 жума мурун даярдануу

Ар бир кыз жаӊы жылды толук даярдык менен тосууну каалайт. Жеке коргоочу масканы чечип, майрам бүткөнчө карнавал маскасына жашынып жүрбөш үчүн – бетиӊе кам көрүүгө көӊүл бур. Биздин бьюти-ритуалдардын декабрь айына болгон календарын карап, жаӊы жыл түнү өзүӊдүн сулуу жана жаркыраган териӊе суктан.

 

1-кадам: комплекстүү чечим

Күзгүгө жакшылап каран. Териӊ кандай көрүнүп жатат? Сени толук канааттандырабы? Оӊдоону каалаган нюанстарыӊ барбы? Сенин кам көрүүӊдүн швед столу — бул NovAge бренди, мында өзүӊдүн жеке маселеӊди чечүү үчүн серияны оӊой тапсаӊ болот. Эгер териге күнүмдүк кам көрүүнү адат кылып ала элек болсоӊ, бул пункт сен үчүн.



Бырыштарыӊ билине баштадыбы? Комплекстүү NovAge Ecollagen Wrinkle Power, аталган Орифлэймдин бестселлерин сунуштайбыз. Курамында далилдөөчү эффективдүүлүгү бар тренддүү anti-age компоненттер камтылган: пептиддер, төмөн молекулалуу гиалурон кислотасы, өсүмдүк сөӊгөк кдеткалары, деӊиз пребиотиги жана ниацинамид. Юиринчи колдонгондон кийин эле бырыштар 49%га тегизделип, ал эми бир айлык тынымсыз кам көрүү менен бырыштарга каршы күрөшүүдө чынында таасир калтыруучу натыйжаларды алса болот

2-кадам: тазалоо курсу

Жыл ичинде топтолгон чарчоо териде чагылдырылат: ал күӊүрт жана бодуракай болуп, клеткалык зат алмашуу жайлайт. Терең тазалоого убакыт келди! Ал майрам башталганга чейин 4 жуманын ичинде жаӊыланууга жетишип, сени тегиз саламат түсү жана жумшак жылмакай текстурасы менен кубантат

Биз NovAge эки фазалуу пилингин сунуштайбыз. Гликоль жана сүт кислоталары кошулган терини жаӊылоонун жогору эффективдүү программасы теринин текстурасын жакшыртып, түстү тегиздеп, кемчиликтерди салыштырмалуу байкалбас кылат.




3-кадам: жөн гана суу кош

Саламат тери – бул нымдалган тери. Жетиштүү суу ичүү маанилүү: күнүнө 1,5 литр – бул бир гана нымдандыруу эмес, тазалоо дагы. Бир гана таза суу клеткаларыбызды токсиндерден тазалай алат. Майрамга эки жума калганда терибизди суусуздандыруучу кофеинди колдонууну азайтканыӊ жакшы



Териӊ үчүн дагы көбүрөөк нерсе жасагыӊ келип, бирок убактыӊ тар болуп жатабы? Aqua Glow Ceramosides технологиясы жана брусниканын экстракты бар сулуулук суусундугуна көӊүл бур, ал комплекстүү кам көрүүнү күчөтөт: териӊ нымдалып, сулуу болуп, ичинен жаркырап калат



4-кадам: кептин баары маскада

Жаӊы жылга бир жума калганда негизги даярдыкка өтө баштасаӊ болот. Маскалар үйдөн кам көрүү үчүн эӊ эффективдүү каражаттардын бири болуп саналат. Биздин жашыруун амалыбызды колдонуп көр NovAge кездеме маскаларынын  бир жумалык курсу. Өсүмдүктөрдүн сөӊгөк клеткаларынын экстрактынын Moisture-Boosting комплексинин негизиндеги формула эркин радикалдарды нейтралдаштырып, теринин оксидативдик стресстен коргоп, табигый липиддик барьерди бекемдеп, териге кам көрүп, ага саламат жаркыроону жана жаштыкты тартуулайт.

Мындай курстан кийин беттин идеалдуу түсүнө кепилдик беребиз



 

 

5-кадам: түнкү сыйкыр

Экспресс-процедуралар минималдуу күч жумшоо менен максималдуу эффект берет. Ийгиликтин ачкычы – укмуштуудай тез таасир берүүчү активдүү ингредиенттер. Майрам алдында териӊди  NovAge кездеме маскасы менен эркелет. Аны кечки кам көрүүнүн акыркы этабы катары колдон: маска сыворотка менен кремдин таасирин күчөтүп, сонун нымдандырып, азыктандырат. Экзотикалык инка-инчи жана купуасу майлары терини тынчтандырып, калыбына келтирет, ал эми гиалурон кислотасы дем берүүчү нымдоо менен камсыздайт




Алмаздуу көз!

Майрамдык макияждын убактысы жакындап калды. Астыӊкы кабактын аймагындагы майда бырыштарды жазуу жана теринин түсүн тегиздөө үчүн сүйүктүү NovAge сериясынын кабакка арналган кремин колдон. Бул бренддин бардык кабакка арналган кремдеринин курамында назик терини азыктандырып, нымдандырган, кам көрүүчү компоненттер бар. Ал эми алардын жарыкты чагылдыруучу бөлүкчөлөрү, күн ичинде эс алууга убакыт таппасаӊ да, көз карашты дароо сергитип коюуга жөндөмдүү.

Биздин кеӊеш: кабакка арналган кремди  көз массажеру менен бирге колдонсоӊ, бул кан айланууну жакшыртып, шишикти таратууга жардам берет.

Мына, ошентип биздин декабрь айындагы бьюти-марафонубуз аяктады. Мунун натыйжасы мындан аркы комплекстүү кам көрүү үчүн өбөлгө түзөт деп үмүттөнөбүз. Сулуу тери кымбат кече көйнөгүнөн кем калышпаган кооздукту тартуулап, сени менен жаӊы жылдык түндөн кийин да калат. Келе жаткан майрамыӊыздар менен!

 
Текст: