Өзүңдүн жыпар жытыңды кантип тандоо керек?

Кээ бир адамдар өмүр бою бир жыпар жытты алмаштырбаса, экинчилери жылдар бою өз жыпар жытын издеп, таба алышпайт, ал эми үчүнчүлөрү ар бир маанай үчүн бир нече жыпар жыт болушу керек деп ойлошот. Сени тааныта турган өзгөчө фирмалык белгиң жана стилиңдин белгиси болгон өзүңдүн идеалдуу жыпар жытыңды кантип аныктоо керек? Биз бүтүндөй бир нускаманы даярдап койдук – жыты менен изде!

1-кадам: жыпар жыттын түрү

Тандоо жөнөкөй болушу үчүн, жыпар жыттар негизги түрлөргө бөлүнөт: гүл, жыгач, чыгыш, цитрус, деңиз, жашыл, жемиш. Ар бир түрүнүн аталышы өзүн өзү түшүндүрөт. Деңиз жыпар жыттары – салкын жана жеңил, туздуу желаргынын ноталары бар. Жашыл – бул жамгырдан кийинки токойдун, жаш жалбырактардын же жаңы чабылган чөптүн жыты. Чыгыш жыпар жыттары көбүнчө таттуу, каныккан, өткүр болот. Мындай жөнөкөй классификация композициялардын ар түрдүүлүгүнөн адашып кетпөөгө жардам берет.

Лайфхак

Сүйүктүү атырың кайсы түргө кирээрин билип алып, ошол эле топтун башка жыпар жыттарын карап көр.

2-кадам: ольфактордук пирамида

Ар бир жыпар жыт компоненттердин дагы үч тобуна бөлүнөт жана алардын гармониясы анын пирамидасын же түзүмүн түзөт. Музыкалык чыгарма сыяктуу эле, жыпар жыттын композициясы ноталар боюнча курулат. Үстүңкү ноталар жыпар жыттын биринчи таасирин калыптайт. Алар эң жеңил, тез ачылып, атыр себилгенден кийин 5-15 мүнөт кармалып турат. Ошентип Eclat Femme жана Amber Elixir менен таанышуу ширелүү мандаринден башталса, ал эми Amber Elixir Crystal балтикалык янтардын аккорду менен таң калтырат. Жүрөк ноталары — жыпар жыттын негизи, анын мүнөзү. Үстүңкүлөрдөн кийин ачылып, 1,5-4 саат сезилип турат. Бул көбүнчө гүл, жемиш, жыгач ноталары. Ошентип  Love Potion Midnight Wish жыпар жытынын жүрөгүндө таттуу кофе болсо, ал эми Sublime Nature Tuberose — тубероза жыпар жытына ээ. Негизги ноталар — жыпар жыттын шлейфи. Алар акыркы ачылып, баарынан узак жаңырып, композициянын акыркы аккордун жаратат. Негиз катары мускус, амбра, ваниль көп колдонулат. Же, мисалы, пачули  Possess парфюм суусундагыдай.

Лайфхак

Флаконго көңүл бур, ал ичинде эмне бар экендиги жөнүндө көп нерсе айтып бериши мүмкүн. Гүл композициялары үчүн, көп учурда кызгылт түс тандалып, алтын түстүү бөлүктөр асыл, каныккан, премиалдуу жыпар жыт жөнүндө кабар берет, ал эми жашыл, көк түстөргө ээ болгон жөнөкөй флакондор — салкын жана жеңил жыпар жытка ээ экендиги анык.

3-кадам: жыпар жыттын концентрациясы

Парфюмерия этикетинде белгилүү бир эрежелер бар: мисалы, кеңседе же транспортко түшөөрдө өтө интенсивдүү жыпар жыттарды колдонууга болбойт, себеби алар айланаңыздагы адамдардын тынчын алышы мүмкүн. Апаптуу жайкы күндөрү жеңил жыпар жыттарды же парфюмдалган спрей-дезодорантын тандоо керек, ал эми кышында каныккан, жылуу жана таттуу жыпар жыттар териде назик ачылат. Жыпар жыттын концентрациясынын көрсөткүчүнө көңүл бур, ал сага багыт алуугажардам берет. Ал туруктуулукту эмес, композициянын жаңыруусунун интенсивдүүлүгүн чагылдырат.

Лайфхак

Жыпар жыт менен бир сериядагы спрей-дезодорантты же денеге арналган кремди колдон – ошондо анын туруктуулугу узарат. Мындай окшош өнүмдөр болбогон учурда, жытсыз кремди жана дезодорантты тандасаң, алар парфюм менен конфликт жаратпайт.

Текст: