Франсуа Экладан француздардыкындай идеалдуу күн

Чыныгы француженкалар тууралуу: алардын алдында тура алгыс айымдардын, нукура сулуулуктун жана магнетизмдин эталону деген уламыштар айтылып келүүдө. Кайсы гана кыз ушул образды өзүнө алуу тууралуу кыялданбады экен! 8-мартты өзгөчө күн кылууга даяр бол: биздин эксперт Франсуа Экла элеганттуу француженкалрдын жашоо эрежелеринен шыктанууну алуу менен план түздү.

Сааттын ойготуучу шаңгыраган белгиси менен турууга ашыкпа
Француженкалар үчүн таңдын атышы — бул жалгыз өзү менен өзү болуу жана күнү бою жагымдуу маанайды тартуу үчүн мүмкүнчүлүк болуп саналат. Эч кандай шашуу жана стресс жок, ма шери! Адаттагыга караганда убакытты көбүрөөк пландаштыр, жайыраак болууга өзүңө мүмкүндүк бер. Сааттын ойготуучу шаңгыраган белгисинен кийин 5-10 мүнөттөн кийин гана тур: таттуу керилип-чоюлуп ал, бүгүнкү сени күтүүчү жагымдуу окуялар тууралуу кыялдан. Жайбаракаттык менен өзүңө эртең мененки тамакты даярда жана колуңа биринчи тийген джинсыңды кийип алып, ачка бойдон үйдөн чуркап чыгуунун ордуна жакшы кийимиңди тандап кий.    

 

Эртең мененки – пайдалуу, бирок даамдуу тамакты даярда
Француздардыкындай эртең мененки идеалдуу тамак – бул сенин төшөгүңө чейин алып келинген, аны да сен кайнатпаган, кофе. Бирок сен бүгүн жалгыз өзүң менен өзүң болуп, жыргалга батсаң,  йогурт жана хлопья тууралуу унут — бүгүн тамакты биз даярдайбыз! Кубануу менен! Эң сонун! Сен көптөн бери каалап келген, сүрөттөгү сыяктуу так ошондой эртең мененки тамакты танда. Жемиштери менен бышырылган каша, аябай кооз тост же сырниктер. Тамакты жайбаракат бышыр жана өзүңдө болгон  эң кооз идишке бир гана сүйүктүү өзүң үчүн сервировка жаса. Француженкалар тамактанууну бүтүндөй эле ритуалга (жөрөлгөгө) айлантуудан уялышпайт: тамактын даамына маашырлануу жана маектешүү менени столдун үстүндө сааттар бою отура бериши мүмкүн. Эгерде тамак нукура табигый болсо, анда алар даамдуу жана кооз болушу керек, ал эми  өзүңдү себепсиз деле жана өзүңдү күнөөлү сезбестен, круассан менен эркелетип алсаң да болот. 

 

Өзүңө камкордук көрүүгө аракеттен 
Француженкалар камкордук көрүүчү каражаттарды, өзгөчө дене үчүн каражаттарды  өтө жакшы көрүшөт. Сүйүктүү жыпар жыттары менен ондогон лосьондордун ичинен бирөөнү тандап алуу, терини нымдаштыруу жана жеңил массаж жасоо — мына чыныгы француздардыкындай камкордуктун  жана өзүңө чыныгы сүйүү тартуулоонун чыныгы көрүнүшү. Алар өзүнүн эң сонун денесинин ар бир сантиметрин жакшы көргөндү билишет жана белинде пайда болгон катмарлардан же ашыкча сантиметрлер үчүн капаланып да коюшпайт. Француженкалар  сулуулардын сулуусу экенине ишенишет – жана ушул ишеним айланасындагылардын баарына таралат. Күнүңдү өзүңө камкордук көрүүдөн башта. Майрамдын урматы үчүн көбүктөнүп көбүргөн ваннага түшүп алууга да болот — ооба, түз эле эртең менен эрте! 

 


Француз образын түз
Француженкалар эч качан буюмдарды карашпайт жана идеалдуу комплекттерди атайылап тандашпайт: алар жумушка жыйналууга болгону бир-эки минута эле жумшагандай болуп көрүнгөндү жакшы көрүшөт. Мага ишене берсең болот, чындыгында эле ушундай! Классикалык француздук макияж  — бир аз эркин, табигый, калың катмардагы тоналдык кремсиз же өтө каралжын түстөгү тендерсиз макияж. Териңдин жеңил жаркыроосу, калың каштар, көлөмдүү кирпиктер жана жаркыраган ачык помада. Образдын башкы акценти – жыпар жыт. Ансыз чыныгы француженка эртең мененки тамакка жаңы сroissant сатып алуу үчүн кошуна boulangerie да чыкпайт. Ушул жылдын жазына  фиалканын, иристин жана кедрдин ноталары менен жеңил жана айымдар үчүн Eclat Lamour  тандап ал.

 

Көңүл буруу менен жыргалга бат
Ушул жылы, сенин 8-мартыңды мен унутулгус кылам, шери! Мен сен үчүн өзгөчө куттуктоо: француздукундай чыныгы ырды даярдап койдум. kg.springoriflame.com   сайтына өт жана сенин урматыңа тартууланган ырды угуп, жыргалга бат!

 

 

Текст: Сүрөт: Oriflame