Мидсаммер: Швециядагы эң кооз жайкы күн

Гүлчамбарлар, сыйкыр, улуттук тамактар жана жакын достор – шведдер жылдын эң узак түнүн кандай өткөрөөрүн билип ал.

Мидсаммер — бул жайдын ортосу, күндүн жайкы турушу. Июнь айындагы бул майрам бутпарастык негизге ээ – дээрлик бардык европа элдери жылдын эң узак күнүн кандайдыр бир жол менен белгилеп келишкен, от жагып, каракчы өрттөп, бул күнү сыйкыр болот деп ишенишкен. Бүгүнкү күнгө чейин бул күнү терилген чөптөр дарылык касиетке ээ болуп саналат, ал эми сууга түшүү – ден-соолукту чыңдайт.

Учурда Швециядагы күндүн жайкы турушу – Рождестводон кийинки маанилүү күн. Мидсаммерге бир күн калганда чоң шаарлар бошоп, дүкоңдо жана ресторандар жабылып – шведдер жаратылышка кетишет.

Гүлчамбарлар

Мидсаммерди балдар жасаган гүлчамбарларсыз элестетүү мүмкүн эмес. Гүлчамбарлар эң жөнөкөй талаа гүлдөрүнөн жасалат, бул адамдарды жаратылышка жакындатат. Адатынча майрам күнү аларды аялдар жана балдар кийишет да, кечинде аксессуарларды үйлөрүнө алып кетишип, кийинки жылга чейин сакташат. Мындай гүлчамбарлар бакыт алып келет деп саналат.

Май шыргыйы

Майрамдын чыныгы белгиси – гүлдөрдөн турган чоң шыргый, ал алгач сөзсүз түрдө гүлдөр жана кайың талдары менен кооздолуп, талаага орнотулат, аны айланышат да… өрттөшөт. Салт ушундай, аны сактоо менен жиндердин баарын кууп, бир жылга күчтөнсө болот.

Бийлер жана көңүл ачуу

Шведдердин кичинекей бакалардын бийин бийлөө салтын жаш балдар жана улгайган адамдар абдан жактырат. Ырдын текстинде бакалардын суктанардык эмес тагдыры жөнүндө айтылат, антакени алардын кулагы да, куйругу да жок эмеспи. Ырдап бүткөндөн кийин бардыгы бакача чардап, күлүшөт. Ким бийге жана ырга жакын эмес болсо, өзүн көрсөтүүнүн башка жолдору бар. Мидсаммерде ар дайым чакан олимпиадалар өткөрүлөт. Катышуучулар мүшөк менен секирүү же бут кийим ыргытуу сыяктуу тамашалуу мелдештерде таймаша алышат.  

Сүрөт үчүн себеп

THE ONE’дын расмий визажисти Мария Лузинская сен үчүн жайкы кечелерге арналган жөнөкөй образ даярдап койду. Саламат териңе акцент жасап, күнгө күйгөн териңди жана бетиңдин кызылын баса белгиле. Кремдүү өнүмдөрдү колдон: алар көп функционалдуу, оңой суйкөлөт, көпкө кармалат жана табигый көрүнөт. Бетиңдин чыгып турган жерлерине жана кыймылдуу кабагыңа хайлайтер сүйкөп, бронзер менен каптал сызыктарын бое.  

Ачык көрүнгөн акцент – магниттүү чаптама кирпиктер. Магниттүү подводка менен кирпигиңдин түбүн ичке чийип, кургатып, кабагыңа кирпиктерди коюп, акырын басып, бекемде.

Сельдь, картөшкө жана шнапс

Күндүн жайк турушунда негизги менюну табияттын белектери түзөт: маринаддалган сельддин ондогон түрү, каймак жана укроп кошулган, сууга бышырылган жаш картөшкө, мешке бышкан балык, нан, бышкан жумуртка жана мөмө-жемиштен жасалган пирогдор. Суусундуктардан дасторконго көбүнчө сыра менен шнапс, түндүк кызыл мөмө-жемиштеринен жасалган компоттор, морстор жана үйдөн жасалган лимонаддар коюлат.

Сыйкырдуу түн

Мидсаммер түнүтөлгө салуу мезгили. Үйгө бара жатып кыздар гүлдүн 7 түрүн чогултуп, аларды жаздыгынын алдына коюп, түшүнө болочок жолдошу кирээрин күтүшөт. Уктоонун алданда швед кыздар туздуу буламык жешет, себеби анын аркасы менен алардын болочок жолдоштору түшүндө суу алып келип, суусунун кандырышат. Легендага ылайык, Мидсаммер – сүйүү жана сыйкыр мезгили. Мында да бир аз чындык бар, анткени жаш улан-кыздар дал ушул күнү таанышып, түгөйлүү болушат.

Жай. Сага жакыныраак

Ар бир жай өзгөчө, жана андагы ар бир күндү эстеп калгың келет. Күн нурунан, досторуңдун жылмаюусунан, дүйнөдөн ыракат алгың келет… Кел, муну бирге кылалы! Чынында бизге жакын адамдарга жакын бололу. Айланабыздагы жаратылышты байкап, ага өркүндөөгө жардам берели – бул оңой эле. Мейкиндикке ушул жерден дароо чөмүлөлү!

Жай бою биз менен бирге фестивалдарга, сынактарга жана экологиялык демилгелерге катыш. Кененирээк маалымат  Instagram-аккаунтунда жайгашкан.