Эне жакшы билет! (ата дагы)

Oriflame наристелер үчүн Baby O сериясын сунуштайт: ар бир каражаттын 95 % - педиатрлар тарабынан жактырылган табигый ингредиенттер. Эӊ камкор ата-энелер – блогерлер жана Oriflame-дин өнөктөштөрү — жаӊылыкты колдонуп көрүп, ата-эне болуу алардын жашоосун канчалык өзгөрткөндүгү тууралуу айтып беришти.

20 жашымда «Грань» аталган сериалды көрүп калдым, ал жердеги баш каармандын аты Оливия болчу. Жана ал «атайын агент Оливия Данем» деген сөздөр менен өзүнүн белгисин ар жолу алып чыкканда менин денем чымырап кетчү. Кандай күчтүү жана кооз ысым! Ошондуктан мен Оливиям менен кош бойлуу кезимде эле анын ысымы тууралуу чечим кабыл алынган эле.

Экинчи наристемди күтүп жүргөндө эркек бала үчүн миллиондогон ысымдарды тапканбыз, бирок, кыз үчүн бирөөнү дагы ойлонбоптурбуз. Биз көпкө чейин ойлондук, китептерди барактадык, жакындарыбыздын баарын эстеп чыктык, бирок майнап чыкпады. Кооз ысымдар чыгып жатты, бирок, биз үчүн эмес.

 

 

Ошол күнү мага узун кирпиктүү, сонун тармал чачтуу кыз чуркап келди. Ага менин тоголок курсагым абдан жагып калып, мени менен таанышууга келген экен. Апасы болсо артынан ага: «Мелисса, эжекеге асылба», - деди.

Менин башымда арфанын үнү жаӊыргандай болду! Мелисса, менин Лисичкам…

Мелисса — арабыздагы эӊ шок кыз!

 

  • 2,5 айында тоголонуп, 5 айында төрт аяктап жөргөлөп калган.
  • Жарнамаларга кошулуп ырдаганды жакшы көрөт
  • Улуу эжесинин мимикаларын кайталайт
  • Кийингенди жаман көрөт. Эмдөө учурунда бир үн чыгарып койбой, бирок, кийинүүгө келгенде кыйкырыкты салды.
  • Музыка менен жуунганды жакшы көрөт

 


Менин улуу кызымаллергик, ошондуктан мен химиялык жыты жок, таза курамдарды тандайм

 

Баса, менин байкашым боюнча: курамы канчалык таза болсо,

каражат ошончолук кымбат болот экен

Ошондуктан анча кымбат эмес, жакшы косметиканы табуу – бул белек

 

Baby O — бул чыныгы кенч, аны бир гана кичүү кызым эмес, улуу кызыма дагы колдоном.

 

 

Эне болуу менен бизнести айкалыштыруу мүмкүн экенин билсеӊ, аларды айкалыштыруу оӊой. Убактым жок деп себеп издебестен, баарына, эӊ биринчиден – өзүӊ үчүн убакыт табуу абдан маанилүү. 

 

Мен үйрөнгөн бир нече учурлар бар:

 

1. Которулуу

Башкача айтканда, өзүӊдөгү «эне» жана «ишкер» деген ролдордун тумблерин которуу. Эгер мен балам менен болсом, анда 100%га аны менен болом. Күтүүсүз бир идея келдиби? Мен анын жаралып, бышуусуна мүмкүнчүлүк берем, дароо жазып, кийинчерээк, «ишкер» ролуна киргенде аягына жеткирип иштеп чыксам болот. 

 

2. Ар бир бала үчүн өзүнчө убакыт табуу 

Сүйүү жана камкордук сөздөрүн айтып, аны менен жалгыз убакыт өткөрүү. Мен алар менен бирге өзүмдөн уялбайм. Балдар мени көп нерсеге үйрөтүшөт: кабыл алууга, ыраазы болууга жана сүйүүгө. Жөнөкөй болуп, аны менен бирге глобалдуу, чексиз ойлонууга. 

 

3. Менин эффективдүү убагымда иштөө

Мен жөн гана өзүмдүн күн ичиндеги эффективдүү убактымды таптым. Мен буга байкоолор жана өзүмдүн сезимдеримдин аркасы менен келдим. Андан ары болсо үй-бүлөөм менен баарын менин ырааттамама туураладык. 

 

 

4. Энергияны толуктап, өзүмө келүү

Бул үчүн мен жакшы көргөн жумуштардын тизмеси бар алар 50дөн ашык. Алар мен ырахат алуучу нерселер. Алар убактылары боюнча ар кандай, ошондуктан мен ар күн сайын бир нече вариант үчүн сөзсүз убакыт табам. Алар мени шыктандырып, энергия беришет, балансты калыбына келтирип, жаӊы күч менен алга жылууга мүмкүнчүлүк беришет.

 

5. Позитивдүү ойлонуу жана сүйлөө

Балдарым биздин бизнесибиз кандай экенин билишет. Биз бир команда жана алар биздин жардамчыларыбыз экенин билишет. Биз бир бүтүнбүз! Алар биздин өнөктөштөрүбүздү таанышат, жолугушуулар менен ишчараларга аралашып өсүштү. Алар биз менен бирге көӊүл ачууну жактырышат жана биздин кандай эс алып жатканыбызды көрүшөт. Биз бирге кыялданып, бул жолду дагы бирге өтөбүз – ал эми бул нерсеге бир гана ишеним менен жетүүгө мүмкүн. Ошондуктан, кыйынчылыктар болгондо, алар дагы муну сезип, моралдык жактан жана сөз менен бизге жардам беришет.

 

 

Мишка (үчүнчү наристебиз) төрөлгөндө, биз баарыбыз бири-бирибизге мындан да жумшак болуп калдык.  Улуу балдарым аны абдан жакшы көрүшөт. Аны эркелетип, аны алар канчалык сүйөөрүн жана күткөнүн айтышат. Эртеӊ менен аны биздин бөлмөдөн алып кетип, өз алдынча ойнотушат.

 

Baby O-нун жаӊы сериясы ар бир мүнөт эсептелип турганда, наристеге кам көрүүгө жардам берет.

Жумшак текстуралар тез сиӊип, мыкты иштешет:  

үч флакондо наристеге кам көрүү үчүн бардык нерселер бар


 

 

 

Наристелүү болгондон тарта мен адамдарга кызмат кыла баштадым. Мен толугу менен өзүмдүн колумда болгон учурумда эгоист элем, бирок, балдарым төрөлгөндөн баштап бирдиктүү боло баштадым. Менин ички көзөмөлгө алуу мүмкүн болбогон жалыным жакындарымды жылытуучу үй коломтосуна айланды.

 

Эне болуу кайрадан төрөлүү үчүн өзүӊдү жоготуп койгондой. Көз караштарыӊ,

багыттарыӊ, өзүӊө жана башкаларга болгон мамилеӊ бузулуп, кайрадан курулат

Энелик мага мындан да ишенимдүү, чыдамдуу, акылман, сүйүүчү, жоомарт болууга үйрөттү. Эго, амбициялар, коркунуч сыяктуу жалган нерсенин баары жоголот. Жана эӊ башкысы болгон сүйүү, жардам, камкордук жана колдоо калат.

Жакшы эне — бактылуу эне. Ал эми бактылуу болуш үчүн приоритеттерди коюуну үйрөнүү керек. 

Эне жакшы башкаруучу болуп, пландоо, өкүлдөө, мотвация жана көзөмөл сыяктуу жетекчинин негизги компетенцияларын өздөштүрөт. Анан сен наристеӊдин биринчи жылмаюусунан, биринчи кадамдарынан биринчи сүйүүсүн билдиргенинен бакытка чөмүлүп, эзилген учур келет. 

Жеӊилгис болосуӊ, анткени баары колуӊан келээрин түшүнөсүӊ!

Балдарыӊдын бактылуу көздөрү үчүн, үй-бүлөөӊ үчүн.

 Сенэнесиӊ, демек, сенсуперайымсыӊ!

Жаш ата-энелер үчүн негизги кеңеш: энеге жакшы уйку камсыз кылсаӊар, эч ким жабыр тартпайт!

Ал эми энелер өзүлөрү жөнүндө унутпай, өз муктаждыктарына көз жумбай, жардам суроону билүүлөрү керек.

Менин оюмча, балдарга кыйынчылыктарды жеӊүүнү үйрөтүү керек.

 Кулагандан кайра турганыӊ бир жолкуга көбүрөөк болушу керек

Эгерде адам жашоодо кандайдыр бир көйгөйлөр менен кантип күрөшүүнү билсе, тыянак чыгарып, тоскоолдуктардын ордуна мүмкүнчүлүктөрдү көрсө, анда ал ийгиликке жетишет. 

Баланы өзүн сүйүүгө жана урматтоого үйрөтүү маанилүү, ошондо бала башкаларга дагы ушундай мамиле жасай алат. 

«Сакалдандым» деген сөз эмнени билдирет, кандай деп ойлойсуз? Бир күнү эртең менен ойгонсок, уулубуз ваннадан тытылган бети менен сыймыктанып чыкты. Эмне кылдың деп сурасак, ал: «атамдай болуп сакалдандым», - деди. Ал устара менен бетин кырыптыр. Ал Алексейдин Oriflame-ден алган атыр суусун аябай жакшы көрөт – ал: «барып атамдын атырын себинип келейинчи», - дейт.

Бирок азыркы учурда биздин балдар үчүн негизги косметика - бул Baby O сериясы. Мага өзгөчө  балдарга арналган майы : жакты: ал "сүт" кабыкчаларды жана кызарууну кетирет, жуунгандан кийин укалоо үчүн ылайыктуу. Ал эми мага төрөттөн кийин теримди калыбына келтирүүгө жардам берет. 

 

 

Менин биринчи жолу ата болгон күнүм эсимде… Мен башка шаарга жолугушууга кетип бара жатып, Регинадан чалуу күткөн элем. Анан, мына. Мен трубканы алсам эле, ал: «Кымбаттуум, куттуктайм сени. Ата болдуӊ!», - деди. Мен токтоп, жөн эле жылмайып жаттым, мен абдан бактылуу болдум

Мен анда Салават шаарына барып, пландалган үч жолугушууну өткөрдүм. Кубанычым койнума батпагандыктан, мен баарына ата болгонум тууралуу айта бердим, ал эми жолугушуулар ийгиликтүү аяктады.

Мен ар бир баламдын жашоосуна алардын биринчи күнүнөн баштап катыштым. Мен үчүн бул абдан маанилүү! Ушул үчүн биз Регина менен бирге Oriflame-ди тандадык: бирге иштеп, бирге саякаттап, балдарыбызды бирге өстүрүү үчүн. Жумушта эмес, вахтада эмес, өз ырааттамабызда. Албетте, биз өз бизнесибизде приоритеттерди так кармайбыз, бирок, баарына жетишебиз – өзгөчө азыр, аралыктан иштөөдө.

 

Балдарды тарбиялоо — абдан кызыктуу жана маанилүү маселе. Бул жерде менин педагогикалык билимим, балдар лагерлеринде жана мектептерде иштегеним жана Регина менен биргеликте өткөн тренингдерим жардам берет.

 

Эӊ кыйыныпринциптерден жана өзүӊ кандай тарбияланганыӊдан

сактаныпөзүӊдүн жаӊы, баамдалган көрүүӊдү жана багытыӊды түзүү.

Бирок, бул мүмкүн.

Бул жерде башкы нерсе - бул жеке үлгү, бизнес да буга жардам берет. Ар дайым окуп, өзүӊ менен иштөө, саякаттоо, спорт - муну бизнес талап кылат жана мунун баары балдарга жакшы үлгү болот. Бизнес өнөктөштөр - жигердүү, позитивдүү жана кызыктуу адамдар, биз үй-бүлөөлөр менен байланышабыз, балдарыбыз дагы тааныш, бул алардын өнүгүүсү үчүн жакшы атмосфераны жаратат.

Билесиӊерби, бизде бир салт бар: биз ар бир балабызды бир жашында жыл деңизге алып барууга аракет кылабыз

Балдар деӊизди, кумду жана айланадагы кооз сүрөттү биринчи жолу көргөндө,

бул абдан сонун сезимдерге алып келип, шыктандырат.