Идеалдуу жуп: wellness стилиндеги романтика

Бекем үй-бүлөнү жана ийгиликтүү бизнести кантип куруп, бири-бирибизге кам көрүп, биринчи күндөгүдөй сүйүүнү кантип сактап калуу керек? Oriflame бизнес Өнөктөштөрү Сүйүшкөндөр күнүнүн урматына өз окуялары менен бөлүшүшөт!

 

Кантип таанышканыӊыздарды айтып берсеӊиздер?

Алена: Иван экөөбүз жалпы досторубуздукунан жолугушканбыз, анан мен дароо эле бул менин адамым экенин түшүнгөм

Иван менин көз алымда чыныгы мырзанын бардык сапаттарына ээ болчу:

ишенимдүү, токтоо, чынчыл, боорукер жана тамашакөй

Мен Иван менен тааныша электе, юрфактын студенти болуп жүргөн кезде эле Орифлэймдин Өнөктөшү болгом. Бир нече ай өткөндөн кийин ал бизнес жөнүндө кененирээк айтып берүүмдү суранды. Ал учурда ал жалданып иштөөдөн жадап жаткан, жана биз тез эле бирге өнүгө баштадык

Иван: Биринчи жылы эле биз алты орундуу суммаларды иштеп таба баштадык, ал эми 7 жыл өткөн соӊ Орифлэймдеги кирешелерге болгон бардык базалык керектөөлөрдү жаптык. Үйлөнүү тоюбузга алган насыябызды жаптык, автопрограмма боюнча автоунаа алдык, өзүбүз үчүн 20 өлкө ачтык, 30 чарчы метрди 300 чарчы метрге алмаштырдык, коммерциялык жана турак жай кыймылсыз мүлктөн турган 5 объект сатып алдык.



Үй-бүлө менен бизнестин ортосунда балансты кантип кармайсыздар?

Алена: Oriflame — гармониялуу жашоо үчүн идеалдуу аспап. Мен жаӊы келгенде эле муну түшүнгөм. Мен үй-бүлөмдү, мамилелеримди же өзүмдү жоготуу менен көп акча иштеп табууну каалаган эмесмин, анда баары болсо да, эч нерсе кубандырбай калат болчу – жашоонун даамын татпайсыӊ, көздөрүӊдө боштук пайда болот

Мен бир гана татыктуу акча таппастан, инсан катары өнүгүүнү, мамилелеримди күн сайын жакшыртуунун үстүндө иштеп, ар бир көз ирмемге кубанууну максат кылгам.

Гармониялуу мамилелердин сыры эмнеде?

Иван: Биздин башкы сырыбыз — бири-бирибизди урматтап, бири-бирибиздин кемчиликтерибизге эмес, оӊ жактарыбызга көӊүл буруп, колдоо



Алена: Көп учурда Иван чыр-чатак чыга электе эле аны чечип коет. Ал чыныгы эркек катары менин көп учурда реалдуулук менен эч байланышы жок аялдык эмоцияларымды тынчтандырып, сүйлөшүүлөр аркылуу баарын түшүндүрүп, иретке келтирип коюуну билет.

Активдүү ритмди колдоп турууга сиздерге эмне жардам берет?

Алена: Эки балалуу болгонубуздан, биздин күндөрүбүз абдан каныккан: мектеп, секциялар, машыгуулар. Активдүү, саламаттуу жашоо образын сактоого Wellness линейкасы жардам берет. Улуу балабыз мектепке бараардан мурда коктейль жана витаминдерди, ичүүнү, ал эми чоӊ теннис боюнча машыгуулардан кийин  батончик жегени жактырат. Кичүү уулубуздун азырынча төрт гана тиши бар, ал эртеӊ мененки тамак учурунда буламык менен бирге балдар үчүн «Омега-3»  ичет.

 «Мультивитаминдер жана минералдар» комплексине  жана нутрикомплекске саламат, узун, калыӊ чачтарым үчүн ыраазымын. Биз көрсөткүчтөрдү көзөмөлдөө үчүн ар дайым анализ тапшырып турабыз жана 10 жылдан бери Wellness — мында бизге жакшы жардамчы болуп келет.



Кантип таанышкансыздар?

Глюза: бул 2004-жылы болгон. Мен — кечээ эле окуу жайын аяктап, энергетикалык компанияга жумушка орношууга келгем. Рустем болсо ал жерде иштеп жүргөн

Директорго маектешүүгө келип, биринчи эле Рустемге жолуккам. Биринчи эле аны көргөндө: «Оо, бул жерде абдан жагымдуу жаш жигиттер иштешет экен го!», - деп ичимен ойлоп койгом. Андан: «Директорду кайдан тапсам болот?», - деп сурадым. Ал болсо мага: «Бизде директор эмес, башкы директор», - деп катуу жооп берди. Ошентип, мен анын бөлүмүндө иштеп калдым



Бул сүйүү биринчи көз караштан пайда болдубу? Ал сиздерге керектүү адам экенин кантип түшүндүӊүздөр?

Глюза: Менин биринчи көз караштан сүйүп калгандыгым анык! Ар бир кыз оюнда өзү үчүн идеалдуу мырзанын образын кармап жүрөт эмеспи, анан мен Рустемди көргөндө, ал ошол образга дал келди. Чынында, эч кандай кызматтык роман жөнүндө сөз болгон жок. Бир канча убакыт өткөн соӊ мен жумуштан бошонуп кеттим, анан жай күндөрүнүн биринде ал мага чалып, сейилдөөгө чакырды.

Рустем тараптан биринчи көз карашатан ага сүйүү келгенби же жокпу – мен муну акыркы 14 жылдан бери ачыктай албай келем! Ал эрдик менен унчукпай, жылмайып жүрөт.

Тарыхыӊыздардын кайсы учурунда Oriflame пайда болду?

Глюза: 2016-жылы мен экинчи декретте элем

Кызым 10 айга толгондо мен жөн эле

үйдө отура бербей, өнүккүм келди.

Мен декрет менен бирге алып кете турган иш издей баштадым. Инстаграмдан кокусунан Ляйсан Даминованын баракчасын таап калып, ал мендей эле декреттеги эне экенин, аны менен бирге бизнесин өнүктүрүп жатканын көрдүм. Аны бир-эки ай карап жүрүп, ага жазып, кененирээк билип алып, аракет жасап көрүүнү чечтим.

Кечинде жолдошум үйгө келсе эле: «Мен бизнес баштадым!», - дегеним эсимде. Ал менин жумуш издеп жатканымды билчү, мени абдан жакшы колдоду. Өзгөчө эӊ башында, эч нерсе жасай албай жатканымда моралдык жактан, балдарды карашып, үй иштерине жардам берип жатты. Болжол менен бир жылдан кийин, мен үч наам жаап, премияларды алганда, биз үй-бүлөлүк номерди жол-жоболоштуруп, бирге өнүгө баштадык.



Адаттагы күнүӊүздөр кандай өтөт?

Глюза: Азыркы учурда экөөбүз теӊ жалдануу боюнча жумуштарыбыздан бошонуп, үйдөн бизнес жүргүзөбүз. Биздин эки кызыбыз бар – Камила жана Дилара, 10 жашта жана 5 жашта. Эртеӊ менен улуу кызыбызды мектепке, кичүүсүн бала бакчага узатабыз. Адатынча, мен аларды даярдайм, Рустем болсо алып барат. Эртеӊ мененки тамакты экөөбүз же көбүнчө Рустем жасайт. Рустем ар дайым эрте турат, мен болсо тескеринче. Кээде, кыздарды узатып коюп, мурдагы жумушума эртеӊ менен эрте туруу кандай кыйын болгондугун эстеп, азыркы жумушумдун эркин форматта болгондуктан ашык бир саат жатып эс алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгондугума сүйүнөм

Рустем: Кулпунай даамдуу коктейлди абдан жакшы көрөбүз, абдан жакшы көрөбүз «Мультивитаминдер жана минералдар» комплексин ичебиз, я дополнительно пью кальций, а Глюза — Аква Глоу. На страже иммунитета детей — «Омега-3» и витамины. Потом мы садимся за работу, полностью онлайн: созвоны, запуски новичков, координации, планерки. Наши партнеры живут по всей России. После школы и садика у девочек секции и занятия. Они обе занимаются спортивно-бальными танцами, младшая ходит в бассейн, старшая на английский. Вот такой типичный будний день онлайн предпринимателей!

Сиздер бирге эмнени кыялданасыздар?

Глюза: Оо, бул биз жакшы көргөн нерсе, кыялдарыбыз көп! Бул саякаттар, чоӊ үй, бизнес боюнча максаттар, жана биздин көксөгөн максатыбыз же миссиябыз десек да болот – өлкөбүздөгү элдин бизнес-моделибизге болгон мамилесин өзгөртүү

Рустем: биз убакыттын өтүшү менен адамдар өздөрү эле лидерлерди тандап, Oriflame ар бир адамга жеткиликтүү болуп, алар анын өсүү жана жашоодогу гармония үчүн чектелбеген мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө билишет деп ишенебиз.

Редакциянын тандоосу

Айымдарга жана мырзаларга арналган «Мультивитаминдер жана минералдар»бул эркектердин жана аялдардын организминин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен иштелип чыккан, 12 витамин жана 10 минералдан турган балансталган формула. Күнүмдүк колдонуу башкы нутрицевтиктерге болгон керектөөнү толтурууга, энергиянын деӊгээлин жана бардык системалардын туура иштешин сактоого жардам берет.