Скандинавиялык сулуулук: кам көрүү, макияж, стиль

Скандинавиялык кыздар сулуулукка комплекстүү мамиле жасоо менен белгилүү. Алар терисине бир гана косметиканын жардамы менен кам көрбөйт, бетин макияж менен өзгөртүүгө аракет жасашпайт, жөнөкөй, бирок стилдүү кийинишет. Кызыктыӊбы? Бул сулуулардан эмнени үйрөнсөӊ болоорун билип ал

 

Кам көрүү: ички жана тышкы сулуулук
Скандинавиялык аялдардын тамактануусу, физикалык активдүүлүгү, териге кам көрүүсү жана ички абалы бөлүнгүс болуп саналат. Алар сулуулукка комплекстүү мамиле жасоону карманышат жана бул жашоо образы болуп калат.

 
Спортзалдын ордуна швед кыздары күн ырааттамасына жөн гана активдүүлүктү кошушат. Жумушка велосипед менен барышат, курбулары менен жакынкы кофейнядан кофе жана круассан менен эмес, сейилбактан жолугушат. Натыйжа — сергектик, өзүн мыкты сезүү, беттин саламат кызаруусу. Мөөнөтү өтүп кеткен абонемент үчүн кайгыруу да жок!

 



Кам көрүүдө минимализмди жана функционалдуулукту артык көрүшөт, терини ичинен гана эмес, сыртынан да азыктандырышат. Белоктор, клетчатка, жемиштер, жашылчалар, пайдалуу майлар жана көп суу – скандинавиялыктардай саламат тамактануунун формуласы мына ушундай. Бирок эӊ баланстуу диета учурунда да бардык витаминдерди жана минералдарды алуу кыйын. Скандинавиялык кыздар бул тууралуу билишет жана  кошумчаларды териси кургап түлөп, иммунитети түшкөндө эмес, күн сайын ичишет.



Макияж: тренддердеги орточолук
Скандинавиялык кыздар орточо макияжды жактырышат, бирок тренддер менен эксперимент да жасашат –жөн гана аларды сактабастан, табигый сулуулугун баса белгилей турган нерселерди тандашат.


Эгер сен ачык макияждан баш тартып, байкалбаган макияжга өтүүгө даяр эмес болсоӊ,швед кыздардын сүйүктүү ыкмаларын, мисалы, көз караштын тереӊдигин күчөтүп, алардын түстөрүнүн байлыгын баса белгилөө үчүн, көздүн түсүнө жараша  тень  тандоону колдонуп көр: 

● Кара көздөр үчүн көк пигменттүү тень танда: көгүш, кызгылт көк, көгүлтүр. 
● Эгер көздөр жашыл болсо, кызыл түскө жакын бардык интенсивдүүлүктөгү түстөрдү кара – бул назик кызылдан кочкул кызыл жана күрөӊгө чейинки түстөрдүн бардык спектри. 
● Көк көздүү кыздар табигый түстөрдү тандаганы жакшы: саргыч боз, күрөӊ, алтын түстүү. Ошондой эле кызгылт сары түстөрдү да колдоно берсе болот. 
● Боз көздөргө нейтралдуу, бирок ошол эле учурда ачык түстөр ылайыктуу болот. Бул кара, күӊүрт күрөӊ, күмүш түстүү, басаӊдатылган кызгылт көк түстөр. 

Стиль: минимализм жана ыӊгайлык  

Скандинавиялык стилди үч сөз менен мүнөздөсө болот: функционалдуу, жөнөкөй, ыӊгайлуу. Шведче гардеробдун негизги тренддери:

● Минимализм. Скандинавиялык кыздар жөнөкөй силуэтти жана бычууну, тынч түстөрдү, бир түстүү кездемелерди тандашат, ал эми сүрөт болсо – бир гана классикалык сүрөттөргө (жол-жол, чакмак, «горох») артыкчылык беришет. Абдан функционалдуу гардероб болуп, андагы бардык кийимдер бири-бири менен айкалышат. 
● Бышыктык. Скандинавиялык кыздын кийими биз жогоруда жазган анын активдүү жашоо образына жооп берет, жогорку сапаттагы табигый кездемелерден жасалып, көп убакытка чейин колдонулат. Кийимдер бир нече жука катмар кылып кийилет жана бул өзгөрүп турган, суук аба-ырайы үчүн актуалдуу. 
● Аксессуарлар. Гардеробдун өзү базалык жана жөнөкөй болгондуктан, аксессуарлардын жардамы менен образга маанай берилет. Сенин сүйүктүү Norrsken брендиӊде жасалгаларды образга туура тандоо үчүн, күнүмдүк колдонууга арналган Everyday жасалгалар коллекциясы жана өзгөчө ишчаралар үчүн Festive коллекциясы бар. 

Текст: