Фабрис Пеллегрен жыпар жыттарга карата өзүнүн кумарлануусу атасынан мураска калган, атасы да парфюмер болгон. Фабрис Францияда өскөн, кесиптик өнүгүүсү Robertet парфюмердик үйүндө өткөн, андан кийин Mane жана Hermès үйлөрү менен кызматташкан. Пеллегрен Thierry Mugler, Diptyque, Giorgio Armani жана, албетте, Oriflame үчүн жыпар жыттуу (парфюмердик) жана мода Үйлөрү үчүн эң белгилүү жыпар жыттарды түзүүгө катышкан.
Анын акыркы иши – аромат Giordani Gold Essenza, жыпар жыты; анын композициясында, парфюмердин сөзү боюнча күндүн жана бакыттын ноталары ачылат.
Биз ал бүтүндөй композицияга укмуштуудай сыйкырлуу көрүнүштү берген апельсин дарагынын гүлдөрүнүн ичке нотасын бөлүп белгилей алдык.
Италиянын образдары менен шыктанган жыпар жыт, флердоранждын ичке нотасын камтыйт. Бирок бул нотаны бөлүп алуу эң татаал маселелерден болду:
«Апельсин дарагынын гүлдөрүнүн нотасын бөлүп белгилөө технологиялык жактан жөнөкөй болгон жок, – деп түшүндүрдү Пеллегрен. – Мен өзүмдүн техник кызматчыларым менен бирге жумасына бир жолу ушул жытта эмне бар, ошонун мыктысын таап алуу үчүн керектүү басымды жана температураны орнотуу менен жабдууну кол менен настройкалап турдум».
Ушул нотаны экстрагировкалоо учурунда аны Пеллегрен колдонгон технология ушунчалык татаал, адатта ал эң жогорку сапаттагы жыпар жыттарды түзүү процессинде гана колдонулат.
Жыпар жытты түзүүдө убакыт жана чеберчилик талап кылынат. Апельсин дарагынын гүлдөрүнүн ноталарын жакшыртуу үчүн Пеллегрен нече ай убакытын жумшады. Жыйынтыгында анын жүрөгүндө флердоранждын нотасынын үнү угулган жыпар жыт алынды, анын үстүндө, цитрустун жана бергамоттун ноталары да угулат, жана – италиянын стилине тартуу катары – тоскан кипарисасынын базалык нотасы угулат.
Пеллегрендин сөзү боюнча апельсин гүлдөрүнүн нотасы « ансыз жыпар жыт мынчалык өзгөчө болмок эмес болгон дегендей » сыйкырлуу ингредиенти » болуп калды. Ушунчалык өзгөчө, бул нота Giordani Gold Essenza жыпар жытында гана колдонулат.