2022-жылы чындап туруктуу косметика деген эмне?

Бүгүнкү күндө кам кɵрүүчү каражаттардын өндүрүүчүлөрүнөн көбүрөөк экологиялуулук күтүлөт. Эми ингредиенттер адам үчүн толук коопсуз гана болбостон, жаратылышка, сууга, топуракка терс таасирин тийгизбеши керек, микропластиктер камтылбашы керек, аларды өндүрүү айлана-чөйрөнү мүмкүн болушунча аз булгашы керек... Экологиялык кам көрүү үчүн талаптар кɵп – жана биз үмүттөрдү актайбыз! Love Nature линейкасы ар дайым өзүнүн табигый ингредиенттери менен белгилүү болгон, бирок азыр ал мурдагыдан да жакшырды. Аны кантип жакшыртканыбыз жана ал эмне үчүн керек болгондугу тууралуу көбүрөөк билип алыңыз.

Жаңыланган формулалар
Love Nature денеге жана чачка арналган ɵнүмдɵрү мурдагыдан да жыпар жыттуу болуп, линейка жаңы айкалыштарга жана текстураларга байыды. Мурдагыдай эле, эч кандай парабендер жана силикондор жок – жана ар бир ɵнүмдɵ, жөн гана табигыйдан тышкары, жок дегенде бир 100% органикалык ингредиент бар (чындыгында, көбүндɵ экиден ɵнүм!). Планетанын суу ресурстарына болгон жүктɵмдү азайтуу үчүн, бардык чайкалуучу формулалар азыр биологиялык жактан ажырайт. Эгерде ɵнүмдɵ кабырчыктандыруучу бөлүкчөлөр камтылса, анда алар толугу менен табигый болуп – курамында тыюу салынган микропластик жок. 

Кɵбүрɵɵк табигыйлык, кɵбүрɵɵк маалымат 
Курамдар мурдагыдан да табигый болуп калды – жана биз муну ар бир энбелгиде сыймыктануу менен көрсөтөбүз. Эми ар бир самында, кондиционерде, кремде жана денеге арналган лосьондо сиз табигый ингредиенттердин так пайызын таба аласыз: бардыгы таңгакта жазылган.

Бул өзгөрүү шампундардын, душ гелдеринин жана кремдердин, ошондой эле суюк самындардын энбелгилерине таасирин тийгизген жок – бирок бул алардын курамындагы маанилүү жана толук коопсуз ингредиенттердин бири дагы эле синтетикалык ингредиент болгондуктан гана. Көрүнүп тургандай, биз толук чынчылбыз.

Кɵбүрɵɵк ширелүү жыпар жыттар жана кызыктуу текстуралар 
Биз ингредиенттердин эң сүйүктүү айкалыштарын сактап, жаңыларын ойлоп таптык – ошол эле ширелүү жана жагымдуу жыпар жыттар. Жана жагымдуу сезимдерди кошуу үчүн, биз бай жана жумшак текстураларды иштеп чыктык – чындыгында, сен алар менен ырахаттанасың!

 

Жакшыртылган натыйжалуулук
Сезимдерден тышкары, эффект дагы биз үчүн абдан маанилүү – ошондуктан денеге жана чачка арналган бардык каражаттардын формулалары жакшыртылган жана кылдат текшерилген. Азыр денеге арналган кремдер 48 саат бою нымдандырат – бул тесттер менен далилденген.

Экологиялуу таңгак
Формулалар биз жакшырткан жалгыз нерсе эмес. Азыр Love Nature ɵнүмдɵрүнүн ар бир таңгагы жарым-жартылай кайра иштетилген пластмассадан жасалган – жана анын курамынын пайызы да таңгактын ɵзүндɵ жазылган. Жана, албетте, ар бир таңгакты кайра иштетүүгө берип, ошону менен дүйнөдөгү пластиктин көлөмүн азайтса болот. 

Ар бир ɵнүм жɵнүндɵ көбүрөөк окугуң келсе, бул жерди бас. Ал жерден сен ар бир ɵнүмдүн таасири жана биз кандай ширелүү айкалыштарды сунуштай тургандыгыбыз жөнүндө бардык маалыматты – биз сага жана планетага ушунчалык сүйүү менен жараткан линейка жөнүндө баарын таба аласыз.