Аяздуу кыш: суукта териге кам көрүү эрежелери

Эӊ суук күндөрдө да теринин жаштыгын, сулуулугун жана жаркыроосун кантип сактоого болот?

КАБЫРЧЫКТАНДЫРУУ

Суук мезгилде тери өзгөчө сезгич болот, бирок үзгүлтүксүз кабырчыктандыруу тууралуу унутпа. Өзүӊ үчүн майда гранулдуу жумшак каражаттарды же пилингдерди тандап, колдонуп көр. Процедураны жумасына бир жолудан көп эмес кайталап тур.

УБАКЫТКА КАМ КӨР

Кыш мезгилинде нымдандыруучу каражаттардын зыяндуулугу – бул миф, бирок, суукка чыгуудан мурда, созсүз түрдө сүйүктүү кремиӊдин толук сиӊүүсүнө чейин күтүү керек. Биз териге кам көрүүгө арналган каражаттарды сейилдөөгө чыгуудан 40 мүнөт эрте сүйкөөнү сунуштайбыз.

СУУНУН ГРАДУСУ

Биздин аймактарда температуранын өйдө-ылдый болушунан качып кутула албайбыз – ызгаарлуу суукта биз болушунча жылуулукту каалайбыз. Териӊе кошумча стресс жаратуунун кереги жок, ошондуктан бетиӊди, ысык эмес, жылымык сууга жуу.

СЫРДУУ ДУШМАН

Кышкы күн тийүүсүн олуттуу кабыл алуу кыйын, бирок эӊ суук күндөрү да абада биздин териге зыян келтирүүчү ультрафиолет жетиштүү болот. SPF15тен жогорку белгиси бар өнүмдөрдү колдонууну унутпа.

Сатып алуу

УКАЛОО

Крем сүйкөөдөгү жеӊил укалоо жана бир аз чапкылоочу кыймылдар – муну шашып жатканда, өзгөчө кышында көӊүлгө албай калабыз. Суукта кан айлануу жайлап калат, ал эми укалоо – бул кан айланууну өбөлгөлөөнүн эӊ жөнөкөй ыкмасы.

Сатып алуу

КОЛДОРДУ УНУТПА

Кышкы аяздуу абадан жабыр тарткан денебиздин дагы бир бөлүгү – бул колдор. Аларга жардамга азыктандыруучу майлуу крем жана кол кап келет. H2O Кышында бөлмөлөрдөгү кургак аба суусуздандырууга алып келет, жана бул биринчи кезекте терибизден чагылышат. Түлөөнүү жана кызарууну азайтуу оӊой – күнүнө 1,5 литр суу ичип, аба нымдагыч менен достошуу гана жетиштүү.

ЧАЧТАРЫӉДЫ КОРГО

Кышында баштын териси өзгөчө сезгич болуп калышы мүмкүн, ал эми туура эмес кам көрүү какачтын пайда болушуна жана чачтын сынышына алып келет. Чач жасалгаӊды топу жана плойка менен фендин жумшак режимдери сактап калат.