Калемсапты колуңа ал жана жаз: калемсаптын жана блокноттун жардамы менен жашоо-турмушту кантип өзгөртүү керек.

Кадимки блокнот ноутбук жана смартфонго караганда сага жана сенин бизнесиңе көбүрөөк пайда алып келиши мүмкүн. Ишенбейсиңби? Анда эмесе ушул үч жазуу практикасын колдонуп көр, анда сен болуп жаткан көйгөйлөрүңдү чече аласың, кызыктуу идеяларды таба аласың жана мыкты жыйынтыктарга жетишүүгө алар тоскоолдук кылуучу чектөөлөрдү таба аласың. Калемсапты колуңа ал – жана алга!

ЖАЗ, КЫСКАРТПА
Өзүңдү түшүнүүгө, оор жагдайларда күмөндүүлүктөн арылууга, постторду же  бизнес-пландарды жазууга жана көңүлүңдөгү бушайман сезимдерди сыртка чыгарууга  фрирайтинг — башыңа эмне келсе ошону жазып жүрүү практикасы жардам берет. Таймерди 15-20 мүнөткө кой жана өзүңдүн ой-пикирлериңди жаз. Эң башкысы – токтобо, грамматикасы тууралуу ойлобо жана редакциялаба. Кагаздагы  калемсаптын жазуу процессине гана көңүлүңдү кой, ошондо сен бир аздан кийин алар тууралуу сенин оюңа да келбеген кандай кызыктуу идеялар, толгонуу ойлору, терең сезимдер чыкканын сен өзүң байкабай да каласың. Фрирайтингди таңкы ритуалдын бөлүгү кылып алууга аракет кыл  — эртең менен ойгонгондон кийин түнү бою эс алып калыбына келген мээ, жана ал креативдерди берүүгө даяр болуп турган чакта, дароо жазып башта.  

КЫМБАТ БААЛУУ КҮНДӨЛҮК
Күндөлүк бул жашоо-турмуштагы окуяларды документтештирүү жана кагазга азаптуу оор санааркоолорду төгүлүп жазуу үчүн гана эмес. Бул өзүңдү-өзүң баалоону (ар күнү кечинде жетишкендиктердин тизмесин түзүү үчүн), жеке өзүңдүн өндүрүмдүүлүгүңдү баалоону  (кайсынысы аткарылбай калганын жана анын себебин жазууну) жогорулатуу жана маанайды көтөрүү, жакшыртуу (сен кимге жана эмне үчүн ыраазычылык билдирип кеткиң келет, ошолордун тизмесин келтирүү) үчүн курал (аспап) болушу мүмкүн. Ошондой эле, күндөлүк - чыгармачылыкты жана бизнести өнүктүрүүдө эң сонун жардамчы болуп саналат. Өзүндүн ишиңе байланыштуу 16 тема тандап ал, жана күн сайын алардын ичинен бирөөсү боюнча жаз. Тизменин акырына жеткенде кайрадан башта. Ушундай жазуулар аркылуу иштин процесстерине жана анын маанилүү багыттарына сен байкоо жүргүзө аласың,  прогрессти көрөсүң жана көйгөйлөрдү табасың.

ТИЗМЕЛЕРДИН КҮЧҮ
Жүз каалоо-тилектердин тизмесинин натыйжалуулугу жөнүндө сен мурдатан эле уккандырсың.   Чындыгында, тизмелерди ар түрдүү темаларга түзүүгө болот - жана алардын жардамы менен сен өзүңдү да жакшыраак түшүнөсүң, долбоорлорду да иштеп чыга аласың, өзүңдүн баалуулуктарыңды жана ишенимдериңди,  коркуу сезимиңди жана күмөндөрүңдү аныктап белгилей аласың. Варианттары төмөнкүдөй болушу мүмкүн: "Иштеп акча табуунун 100 ыкмасы", "Англис тилин үйрөнүүгө 100 себеп", "Мен ал жерлерде болууну каалаган 100 жер". Методиканын автору Кэтлин Адамс, биринчи 30 пункт, эреже боюнча, алар сенин башыңда көптөн берки ойлонтуп келе жаткан идеялар деп эсептейт. Калган 40 пункттан сен кайталанган жана бардык мүмкүн болуучу клишелердин түрүн табасың, ал эми калган акыркы 30 пункт - бул эң өзгөчө, креативдүү жана, балким, сенин абалыңа көбүрөөк туура келүүчү варианттар болуп саналышы мүмкүн.

 
Текст: Сүрөт: Oriflame