Жашоону кантип жөнөкөйлөтүүгө болот: 10 лайфхак

Жумуш күндөрү канчалык татаал болоорун биз билебиз. Күндөлүк стресстерге каршы жана баланстын ачкычы — бул кадимки эле жөнөкөйлүк. Биз бош убакыт табууга жана аны сен сүйгөн адамдарың менен өткөрүү үчүн анын 10 ыкмасын таптык.

1. Дем алыш күндөрү даярда
Ооба, бул чоңдор үчүн: тамактарды бир жумага эрте даярдап коюу эринүүнү алып келет. Жөнөкөй чечим убакытты жана акчаны үнөмдөөгө, туура тамактанууга жардам берет, ал эми эң башкысы — бүгүн эмне тамак даярдасам деп ар бир жолу ойлонбойсуң. Тамактарды жөн гана тоңдуруп кой, анан керек учурунда ысытып ал.

2. Колуң менен жаз
Смартфон жана компьютерлердин доорунда бул күлкүлүү болуп да угулат, бирок бул чынында эле иштейт. Сен таң каласың, бирок жөнөкөй эле күндөлүк сатып алуулардын тизмесин кол менен жазып алуунун өзү эле сага тынчтанууну жана нервиңдин калыптануусуна жардам берет.  Кийинки деңгээл — саякаттардан келген открыткалар жана чыныгы эле каттар.
 
3. Тренддердин аркасынан кубалаба
Сенин гардеробуңдан сен ойлогондон эки эсе көп комплекттерди түзүүгө болот. Эртең эмне кием деп кечинде эле ойлонуп башта: эртең менен шашып жатканда бул айкалыш сенин оюңа да келмек эмес. Кийинип-жыйналганга убакытты кетирбеш үчүн жана дайыма жогорку деңгээлде көрүнүш үчүн капсулалык гардероб чогулт.   
 

4. Машинаңды үйгө калтыр
Айрым учурда коомдук транспорт машинадан да ыңгайлуу болот. Мына азыркы убакта: аны кардан тазалоонун, жууп тазалоонун, парковка үчүн күрөшүүнүн жана бир бокал вино ичейин деп чечсең, машинаңды алуу үчүн кайра ресторанга кайрылуунун кереги жок болот. Бир жумада эки жолу өзүндү ушул иштерден бошот.  Автобусту, метрону танда, же керек болсо жөө жүр. Бул эң сонун мини-тренировка жана айлана-чөйрөнү сактоого мүмкүнчүлүк.

5. «Жок» деп айтканга үйрөн
Кел, чындыкка тике карап көрөлүчү — ушунун баарын жасап чыгууга эч кимдин убакыты да жок, алы да жок. Жумуштагы, үйдөгү жана жекече жашооңдогу аткарылбаган маселелер катуу стрессти жаратат. Артыкчылыктууларын алдыга кой да, ал эми калгандарынан чын ниетиңден жеңил эле баш тарт.  
 
6. Сезгичтигиңди жандыр
Сен өзүндү жакшы угууң жана башкысына басым жасооң үчүн сага кымбат килемченин же кымбат студиядан йога сабактарын алуунун кереги деле жок. Жөн гана ар күну эртең менен бир нече минутаңды өзүңө арнап кой жана өткөндөр жана келечек тууралуу ойлонбостон, азыркы учурда гана бол.  Бул бир күнгө эң кубаттуу энергия болот. 
 
7. Тизмелерди түз 
Жашоодо ар дайым иш үстүндө болуу — бул алар күндөн күнгө көчүрүлө турган, тоодой болгон чечилбеген маселелер. Мында күндөлүк жазуунун жана пландоонун модалуу системасын колдонуу милдеттүү деле эмес. Жөнөкөй эле тизмени жазып алсаң, ал адаштырбай сага жардам берет. Аткарылды деп аны чийип коюу кандай жагымдуу! 
 

8. Тыныгууга кой
Бир жумада бир күнү жана күнүгө бир саат экрансыз — бул чаттардын билдирүүлөрү, чалуулар жана жаңылыктар  ар тараптан атака койгон заманда, 21 кылымдын алтын эрежеси. Кээде 24/7 бою байланышка чыкпай койсоң да болот: сен ушинтип гана эс ала аласың, кайрадан ишке кире аласың жана күндөрүңдү жаңы идеяларга толтура аласың.  

9. Ашык нерселерден арыл

Ар бир буюм өз ордунда турса жана үйдө бир да ашыкча нерсе жок болсо, сен аларды издөөгө жумашала тургандын эсебинен убакыттын сааттарын үнөмдөп аласың. Эскилерди туруктуу түрдө таштандыга кетирип тур. Керексиз буюмдар, бузулган техника, сувенирлер — жок кылынсын! Үйүңдө ошондо дем алуу канчалык жеңил болуп калганына сен таң каласың.

10. Күндөлүк камкордук көрүүндү жеңилдет

Анда ушунчалык көп болгон каражаттардын дүйнөсүндө, эң жөнөкөй нерсе мыкты чечим болушу мүмкүн: мисалы,  Essentials күндөлүк камкордук көрүү , бул сенин териңе комфорт жана нымдуулукту, ал эми сага — кымбат баалу убакытты тартуулайт, ал эми убакытты чынында абдан маанилүү нерселерге жумшоого болот.  Тазалоочу каражат жана каноланын нукура майы жана Е витамини менен бет үчүн креми назик тазалоону жана дароо эле нымдуулукту тартуулайт.  Ар бир күн үчүн мына ушул гана керек! Зарыл болсо кошумча камкордук көрүүнү колдон: бальзам эриндерди терең азыктандырат жана жумшартат, ал эми маска теринин бырыштарын жазылтат жана анын нымдуулугунун деңгээлин колдоп турат.  

Текст: Сүрөт: Oriflame