Тамак-ашты жакшы сиңирүү үчүн 3 жөнөкөй көнүгүү

Тамак-аштын акырындык менен жай сиңиши дароо эле ичтин көбүшүнө жана дискомфортко алып келет, ал эми тамактын узак убакытта барып сиңиши анын туруп калуу кубулушутарына жана ичтин катышына алып келет. Дене тарбиялык көнүгүүлөр жактан активдүүлүк — ичегинин иштөөсүн жакшыртуунун эң сонун ыкмасы.

Ичегинин оптималдуу иштөөсү бузулган учурда, заң ичеги аркылуу өтө акырындык менен өтөт жана ал процессте нымдуулугун көбүрөөк жоготот да мунун өзү ичтин катышына, ичтин көбүшүнө жана дискомфортко алып келет.    

Биз тамак-аш булаларын жетиштүү түрдө алып жатабызбы жана сууну жетиштүү өлчөмдө ичип жатабызбы, алгач ошого ишеним алышыбыз керек. Бирок дене тарбиялык көнүгүүлөр да ичегинин перистальтикасын тездетүүгө жардам бере турганын сен билесиңби? Аэробика, чуркоо, сууда сүзүү жана бийлөө кандын айлынышын жакшыртат, ал эми йога ички органдарга массаж жасоо катары жардамын берет.

Мында бир нече натыйжалуу көнүгүүлөрдү келтиребиз.

1Отуруп алып оролуу

Баштапкы абал: кичинекей килемчеге отур, буттарыңды түптүз кылып өзүңдүн алдыңа сун, далыңды түздө. Сол бутуңду бүк жана оң тизеңдин сырткы тарабына таманыңды толук бойдон кой. Оң колуң менен бүгүлгөн бутуңду кармап, аны өзүңө карай болушунча жакындатып тарт. Сол колуң менен килемчеге таянып, денеңди өзүндүн ийилчээктигиң канчалыкка мүмкүндүк берсе, ошончолук сол жак тарапка денеңдин корпусун акырындык менен бур. Бир нече секунд ошондой кармап туруп, анан кое берип, эс ал. Ушуну денеңдин ар бири тарабы үчүн 10 жолудан кайтала.  

2. Бүктөлүү (Складка)

Баштапкы абал: далың менен чалкаңдан жат, денеңди жай коюп, анан буттарыңды бүк. Буттарыңдын тизелеринен кучактап алып, ичиңдин прессин жана колдоруңдун булчуңдарын чыңалтуу менен аларды көкүрөгүңө бекем кыс. Бир тараптан экинчи тарапка карай бир нече жолу чайкалып, андан кийин буттарыңды кое бер жана эс ал. Ушуну 5 жолу кайтала.

3. Вертикалдуу бүктөлүү

Баштапкы абал: буттарыңды ийиндердин кеңдигинде кой. Моюн омурткаларынан баштап, чекең менен тизелериңе жетүүнү каалаган сыяктуу акырындык менен аркаңды катуураак бүк. Буттун булчуңдарын колдоруң менен кучактай карма, денеңдин корпусун кылдаттык менен тизелериңе тарт, ушундай абалда бир нече секунд кармап тур. Ушуну 10 жолу кайтала.

Текст: