Зыяндуу чөйрө: табият факторлору териӊе кандай таасирин тийгизет

Ар күнү сен жана сенин териӊ айлана-чөйрөнүн негативдүү таасирине дуушар болосуӊар. Кайсы факторлор өзгөчө хыяндуу жана алардан өзүӊдү кантип сакташыӊ керек? Бул суроого биздин териге кам көрүү боюнча экспертибиз, Мелина Галеади жооп берет.

1. УЛЬТРАФИОЛЕТ МЕНЕН НУРЛАНУУ
«Күн – биздин терибиздин эӊ кооптуу душмандарынын бири. УФ-нурлануу клеткалардагы эластин менен коллагенди бузат да, ал өз кезегинде бырыштардын пайда болушуна жана беттин контурунун тактыгын жоготууга алып келет. Андан тышкары, күн нурлары тери түсүнүн өзгөрүүсүнө жана эрте картаюунун белгиси болгон пигменттик тактардын пайда болушуна себеп болушу мүмкүн.  

Эксперттин кеӊеши
«Мен SPF-фактору бар каражаттарды колдонуунун маанилүүлүгүн баса белгилөөдөн тажабайм – асманды булут каптап турса дагы, кыш болсо дагы, УФ нурлары булуттардын арасынан өтүп, териңизге зыян келтириши мүмкүн. Күнүмдүк коргонуу үчүн SPF 15 же андан жогору кремдерди танда. Кошумча коргоону каалайсыӊбы (пигменттик тактарды азайтуу сыяктуу бонустары менен)? Анда мен  SPF 35 Optimals Even Out» пигментацияга каршы коргоочу крем-флюидин сунуштайм

2. ТАШТАНДЫЛАР ЖАНА БУЛГАНЫЧТАР
Түтүн жана абага бөлүнүп чыгуучу заттар сыяктуу факторлор организмибизге ичинен терс таасирин тийгизип, дем алуу системабызды бузуп, ал эми сыртынан териге түздөн-түз таасир этет. Ультрафиолет нурлары сыяктуу эле, булгануу клеткаларды бузуп, теринин кургак болуп, эрте картайышына алып келет.



Эксперттин кеӊеши
«Айлана-чөйрөнүн булганышы териңе чоң таасир этет. Эгер сен шаарда жашасаң, анда андан жашырынуу мүмкүн эмес, ошондуктан сулуулук рационуӊа кам көрүнүү боюнча пайдалуу адаттарын киргизүүнү сунуштайм. Эртең менен жана кечинде бетиңди тазалап, ар дайым макияжды кетирип, кургак териге арналган, жаркыроону жоготууга каршы каражаттарды колдон. Optimals Age Revive жана Even Out өнүмдөрүнө көңүл бурууну сунуштайм. Алардын курамында Anti-Pollution Active комплекси бар, ал сени айлана-чөйрөнүн таасиринен коргоп, теринин нымдуулук деңгээлин сактоого жана анын жаркыроосун кайтарып берүүгө жардам берет».

3. ТАМЕКИ ТАРТУУ
Жаңы эч нерсе жок: тамекинин түтүнү териң үчүн абдан зыяндуу. Түтүндүн сага тиешелүү бөлүгүн алуу үчүн тамеки тартуунун деле кереги жок, анткени пассивдүү тамеки тартуу ошондой эле терс таасирин тийгизип, эрте картайып, бырыштын пайда болушуна алып келиши мүмкүн. Ошондой эле, түтүн терини күңүрт кылат

Эксперттин кеӊеши
«Тамеки тартпабул менин башкы кеӊешим»

4. КОНДИЦИОНЕРЛЕР ЖАНА БОРБОРДУК ЖЫЛЫТУУ
Үйдүн температурасын ыңгайлуураак кылып өзгөртүү үчүн көпчүлүгүбүз радиаторлорду жана кондиционерлерди колдонобуз. Тилекке каршы, бул терибизге эң жакшы таасир этпейт. Борбордук жылытуу жана радиаторлор абаны, жана натыйжада, териңди да кургатат. Кондиционерлер дагы теринин кычышуусуна жана түлөөсүнө алып келиши мүмкүн



Эксперттин кеӊеши
«Бул факторлор менен күрөшүү үчүн, сен күн сайын териге комплекстүү кам көрүүнү адат кылып алышың керек бул кургоонун пайда болушу, жаркыроонун жоголушу жана майда мимикалык буруштардын пайда болушу менен байланышкан көйгөйлөрдү чечүүнүн эң оңой жолу. Тазалоо, сергитүү, көздүн айланасына арналган нымдандыруучу крем, андан кийин күндүзгү же түнкү кремболгону төрт жөнөкөй, бирок, эффективдүү кадам».

Текст: Сүрөт: Oriflame, Getty