Аш-казандын жакшы иштеши үчүн 4 лайфхак.

Сенин аш-казаныңда дискомфорт болбосо да (бирок чындыкка тике карап көрөлүчү — биздин көпчүлүгүбуздө тамак-ашты сиңирүүбүздө көйгөйлөр бар), анын оорубай иштеши үчүн камкордук көрүү жалпы эле биздин организмдин жакшы сезүүсүнө түз таасирин тийгизет. Сага эң жөнөкөй аракеттер жардам берет — бирок аны күнүгө жасоо керек.

Сенин аш-казаның суткасына 24 саат бою иштейт: ал сен жеген тамактарды үзүлтүксүз иштетет, азыктык заттарды талдайт жана бардык ашык заттарды сыртка чыгарат. Тамак-ашты сиңирүүдө анын иши ушуну менен аяктайт. Сенин иммунналык клеткаларынын 70%ы так аш-казандын үстүндө жайгашкандыгынан баштайлы – бул сени ал патогендик микроорганизмден коргой турган фронттун биринчи линиясы.

Аш-казандын жакшы иштешинин негизги факторлорунун бири – биздин  микробиомдун абалы, жакшы жана жаман микроорганизмдердин экосистемалары.  Микробиомдорду алар баланстоого жардам бере турган төрт жөнөкөй кадам бар.

1. Клетчаткаларды көбүрөөк жегиле

Биздин көпчүлүгүбүз аны жетиштүү санда албайбыз. Сунушталган чен - күнүнө 30 грамм, ал эми биз орточо аны тамак-аш менен бирге болгону 23 грамм жейбиз. Клетчатка — бул пайдалуу микроорганизмдер үчүн тамак-аш болуп эсептелет, ал аш-казандын микрофлорасын жакшыртат жана тамак-ашты сиңирүүнү стимулдайт.

Лайфхак: сен даяр, кайрадан иштетилген тамакты азыраак жегенге аракет жаса, жана өзүндүн жашылча-жемиштердин, буудай унунан жасалган нан жана акшактарды жегендин эсебинен күнүгө клетчаткаларды жегенди көбөйт.

2. Сууну жетиштүү түрдө ич

Сууну жетиштүү түрдө ичүү аш-казандын жакшы иштеши жана туруктуу түрдө заңдоо үчүн эң чоң мааниси бар. Суунун жетишсиздиги ичтин катууланышына, ичтин көбүшүнө жана дискомфортко алып келет.   

Лайфхак: күндө 8-10 стакан суу ичүүгө аракет жасоо керек. Алар рационго ашык  калорияларды кошо турган таттуу суусундуктарды ичүүдөн алыс бол.  Сууну көп санда  камтыган продуктуларды: йогурт, айран, дарбыз, коон жегенге, сорпо ичкенге аракет жаса.

3. Ферменттелген продуктуларды жегиле

Биз биринчи пунктта анын үстүнөн иштеген клетчатка болгон пайдалуу бактериялар үчүн азык болуп калат. Ал эми алардын санын көбөйтүү үчүн алар тирүү пробиотиктерди камтыган ферменттелген продуктуларды:  йогурт, кефир, кимчи, комбучу жегиле.  

Лайфхак: ар түрдүү продуктулар ар түрдүү типтеги пробиотиктерди камтыйт.  Микробиомдун вариативдүүлүгүн кобөйтүү үчүн мүмкүн болушунча түрдүүлөп тамактануу зарыл.

4. Активдүүлүк менен толукта

Спорттун бардык түрлөрү аш-казандын перестальтикасын күчөтөт. Аэробикалык  көнүгүүлөр аны  кандын циркуляциясын күчөтүүнүн эсебинен аны стимулдайт, ал эми чоюулуулар жана йога ичиңден массаж катары таасирин тийгизет.  

Лайфак: сен спортту сүйбөсөң күндөлүк тартибиңе актвидүүлүктүн жөнөкөй түрлөрүн киргизүүгө аракет жаса.  Эгерде сенин жумушуң отуруп иштеген жумуш болсо, лифттерге түшпөгөнгө, саат сайын жеңил көнүгүүлөрдү жасаганга аракет жаса.  

Текст: Сүрөт: Oriflame