Нымдаштыруу тууралуу 5 факт

«Сууну көбүрөөк ичүү керек», — биз муну ысык күнү же машыгуу учурунда гана эстейбиз. Ал эми чындыгында суунун балансын, бул теринин сулуулугу үчүн гана эмес, жыл бою колдоп туруу маанилүү. Суюктуктун жетишсиздиги ден соолукка көбүрөөк таасирин тийгизээри сенин оюңа да келбесе керек!

Кызыктуу факт: …. ушуну сен билесиңби…
…адамдын денесинин 60% суудан тураарын билесиңби? Чын эле укмуш, туурабы? Чындыгында эле суу — бул адам организминин башкы компоненти. Ал ички органдардын иштешине колдоо көрсөтөт, булчуңдарга пайдалуу заттарды жеткирүүнү камсыз кылат, дененин температурасын жөнгө салат. Кызыктуусу, бул аялдардын денесиндеги суунун камтылган пайызы, эркектердикине караганда төмөн болот. 
Мындан тышкары, ал жаш куракка жараша өзгөрүлүп турат: жаңы төрөлгөндөрдүн организминде бул көрсөткүч 75%га, ал эми картайган адамдарда – 50%га жакын жетет.  


Ошентип, иш жүзүндө канча суу ичүү керек?
Дененин салмагына, жаш курагына, туура жашоосуна, дене тарбиянын активдүүлүгүнө, медициналык абалдарына  (мисалы, кош бойлуу жана эмчек эмизүү) жараша суунун керектүү өлчөмүн эсептөө үчүн ар кандай формулалар бар. Эгерде сен ичкен сууңа жаңыдан эле байкоо жүргүзүп баштасаң, татаалдаштырба, жөн гана базалык цифраларга таянып колдон. Чоңдор бир күндө орточо жок дегенде 1-1,5 литр суу ичиши керек. Кофе, чай, ширелер эсептелбейт - бир гана таза суу эсептелет.

Өзүңдү 100 пайызда сез
Суюктуктун жетишсиздигине карата организмдин биринчи реакциясы – бул тез чарчоо, энергиянын деңгээли абдан төмөн, көңүл коюунун начардыгы саналат. Эгерде, сенин энергияңдын деңгээли бир күндүн ичинде төмөндөп кетсе, анда кошумча бир стакан суу ичүү үчүн учур болуп саналат. Суунун азыраак эле жетишсиздиги – бул суюктуктун жетишсиздигинен дененин массасы 1-2% га жоготуу болот – бул баш ооруга, чарчоого, табиттин жоголушуна, баш айланууга алып келиши мүмкүн. Чыдамкайлык 3% белгисинде болсо, күч-кубатка жана өндүрүмдүүлүккө сокку тиет. 

Баланска жетиш
Көмүр тектердин ар бир граммы организмде 4 грамм суюктукту сактап турат – демек алар дененде суунун жетишсиздигине каршы күрөшүүгө жардам берет дегенди билдирет. Мындан тышкары, суунун балансын сактоо үчүн электролиттердин деңгээлине байкоо жүргүзүү абдан маанилүү: сен машыгуу учурунда катуу тердесең, анда, сыягы, анын өзү жабыркаган болот. Мында тартыштыктын ордун толтуруу үчүн кадимки эле сууга бир аз туз кошуу керек. 

Сууну кантип туура ичүү керек?
Изилдөөлөр бир күндүн ичинде сууну бир эле жолу көп ичкенден көрө, аз-аздан ууртап ичкен жакшы экенин көрсөттү. Суу куюлган бутылканы дайыма жаныңда алып жүрүп, ар бир жарым саат - бир саатта ичип тур. Өзүңдүн рационуңа Wellness коктейлин же суюк сорполорду кош. Алар суу балансын сактоо үчүн баардык зарыл заттарды — суу, көмүр тектерин жана тузду камтыйт.

 

 

Текст: Сүрөт: Oriflame