Кара моюлдуу түндɵр: бул мɵмɵ териге жана денеге кереметтүү таасир берет!

Кичинекей сыя кɵк мɵмɵ сонун даамынан тышкары терибиздин кооздугу жана бүтүндɵй организмдин саламаттыгы үчүн кɵп сандаган пайдалуу касиеттерди камтыйт№ бул макаланы окугандан кийин сиз кара моюлу бар каражаттарга кɵңүл бура баштайсыз – жана бул бекеринен эмес!

Кара моюл жɵнүндɵ кɵптɵгɵн уламыштар бар

Өсүмдүктүн vaccínium myrtíllus деген аталышы «vacca» — “уй” деп которулган латын сɵзүнɵн алынган деген версия бар. Кара моюл ушунчалык баалангандыктан, анын пайдалуу касиеттери уйдун үй чарбасындагы болгон пайдасы менен салыштырылган!

Славян салттары боюнча, кара моюл токчулуктун, молчулуктун, тынчтыктын жана сүйүүнүн белгиси болгон. Босогонун алдындагы кара моюл мɵмɵлɵрү чакырылбаган коноктордон коргойт деп эсептелген. Кээ бир элдерде кайгылуу учурларда кара моюлдан таттуу токоч бышыруу салты бар – ырымдарга ылайык, кара моюл кайгыдан арылууга жардам берип, кооптуу болгон депрессиядан коргогон, анткени кайгыруу үй-бүлɵнү толук кандуу жумушчудан жана багуучудан арылткан. Кельттер кара моюлдун негизинде сүйүү суусундугун жасашкан — бул мɵмɵгɵ ушунчалык күч беришкен!



Байыртадан адамдар кара моюлдун дарылык касиеттерин, 
анын ичинде картаюуну жайлатып, 
организм үчүн убакытты артка буруу касиетин байкашкан

Биздин күндɵргɵ чейин элдик медицинанын бактерияга каршы жана антиоксиданттык касиеттери бар ондогон рецепттери келген. Кара моюл жеген үйдɵ врачтын жумушу жок деп да айтышкан. Бүгүнкү күндɵ кара моюл – биологиялык активдүү кошумчаларда кɵп кездешүүчү компонент.

««Астаксантин жана кара моюл экстракты» комплекси эркин радикалдардын терс таасирине каршы күрɵшүү үчүн атайыништелип чыккан. Эркин радикалдар ткандардын жана органдардын физиологиялык бузулушуна алып келүү, эрте картаюуга ɵбɵлгɵ түзүү ыктымалдыгы менен кооптуу. Комплекстин курамындагы антиоксиданттар эркин радикалдардын таасиринен келип чыккан оксидативдик бузулууну кыскартат. Кара моюл күчтүү антиоксиданттык касиеттерге ээ болгон флавоноид антоциандардын аркасы менен эркин радикалдарга каршы күрɵшүүгɵ жардам берет – дал ошолор кара моюлга каныккан түс берет.

Натыйжа: комплексти тынымсыз ичүү эркин радикалдар менен шартталган клеткаларды оксидативдик стресстен коргоого, организмдин жаштыгын узартууга жана бардык тутумдардын ишин колдоого жардам берет.

Кара моюлдун курамындагы нутриенттер кɵрүүнү курч кылып, жүрɵктү жана кан тамырларды оорулардан коргоп, жаштыкты узартат. Мындай бай химиялык курамы жана кеңири таасир берүү спектри бьюти-индустриянын кɵңүлүн ɵзүнɵ бурган: кара моюл теринин ар кандай түрлɵрү, абалдары жана муктаждыктары үчүн косметикада кɵп кездешүүчү компонент болуп калды.

Кара моюл экстракты терини оксидативдик стресстен коргойт жана жаштыкты узартат, кан тамырларды бекемдетет жана куперозго каршы күрɵшɵт. Ал А витаминин, же картаюу белгилерине каршы далилденген натыйжалуулугу бар карылыкка каршы күчтүү компоненттердин бири болгон ретинолду — ошондой эле, коллагендин иштелип чыгышына ɵбɵлгɵ түзүп, эркин радикалдарга каршы күрɵшкɵн С витаминин камтыйт.

Кара моюлдун бактерияга каршы касиеттери да абдан баалуу. Экстракттын курамындагы Магний кан айланууну жакшыртат жана тынчтандырат, марганецжана кобальт жарааттардын айыгуусун тездетет ийлɵɵ заттары безеткиге каршы күрɵшүп, себумдун иштелип чыгышын кыскартып, пораларды ичкертет. 

Optimals Urban Guard 3D кɵп функциялуу тазалоочу каражаты
— бул бир флакондогу бет жуучу каражат, скраб жана маска. Жумшак тазалап, кабырчыктандырып, чоң шаардагы айлана-чɵйрɵнүн терс факторлорунун таасирине кабылган терини жандандырууга жардам берет. Пораларды терең тазалап, нымдандырат, жана сергитет, беттин саламат түсүн калыбына келтирет. Скрабдын бɵлүкчɵлɵрү экологиялуу жана кара моюл уруктарынан жасалган, алар теринин ɵлгɵн клеткаларын назик кабырчыктандырып, терини сергитет.

Натыйжа
: тери жылмакай, таза, айлана-чɵйрɵнүн терс таасиринен корголгон.



Кара моюл кошулган нымдандыруучу каражаттар теринин коргоочу барьерин калыбына келтирет, нымдын деңгээлин толуктайт жана анын жоголушуна жол бербейт, ниацинамиддин аркасы менен жумшартат, сергитет.

Беттин күңүрт түсүнɵ жана эркин радикалдардын таасирине каршы күрɵшүү кара моюлду чоң шаардын жашоочулары үчүн коргоочу линейкалардын алмашкыс компоненти кылат.

Нымдандыруучу сывороткасы Optimals Hydra Radiance тамактануу боюнча эксперттер тарбынан атайын ага жаркыроо берүү үчүн иштелип чыккан. Азыктандыруучу заттардын туура балансы жана табигый тектүү технология клиникалык жактан далилденген 24 саат бою нымдандырууну тартуулайт. Жеңил гель текстурасы терини муздатып, сергитип, аны атлас сымал жылмакай кылат. Сыворотка нымды сактоо жана теринин нымдануу деңгээлин колдоо жɵндɵмү менен белгилүү болгон кара моюлдун шекерин камтыйт.

Натыйжа: активдүү иштеген азыктандыруучу заттар жана интенсивдүү нымдандыруу үчүн технологиялар териге жаркыроо берип, ага саламат түсүн жана жумшактыгын сактоого жардам берет.

Optimals теринин бардык түрлɵрүнɵ арналган нымдандыруучу маскасы суу балансын калыбына келтирип, суусузданган териге 10 мүнɵттүн ичинде жаркыроону кайтарып берет. Курамындагы тɵмɵн молекулалуу гиалурон кислотасы жана дан куурай шекери суусуданган, күңүрт, кургак терини калыбына келтирип, ага саламат жаркыроону кайтарып берип, дискомфорттон арылтат.  

Кара моюл курамындагы шекердин жана витаминдердин аркасы менен нымдандыруучу эффект берип, табигый жемиш кислоталарын камтыгандыктан терини жумшартып, сергитет.

Натыйжа
: тартылуу сезими жок, коргоочу барьер калыбына келтирилди. Муздатуучу гель текстурасы терини жагымдуу сергитет, тынчтандырат жана жумшартат.