Мультивитаминдер эмне үчүн керек?

Сенин күнүмдүк диетаңда организмге зарыл болгон бардык минералдар жана витаминдер камтылганбы? Андай эмес болсо керек, ошондуктан – мультивитаминдүү комплекстердин пайдасы тууралуу оку!

Негизинен бул эмне?

Мультивитаминдер – бул адамдын организми тарабынан иштелип чыкпаган, азык менен организмге келе турган ар кандай минераларды жана витаминдерди камтыган таблетка түрүндөгү комплекстер. Мультивитаминдерди кабыл алуу тамактанууну көзөмөлдөө зарылчылыгын алмаштырбайт, бирок бардык туура тамактанууга баалуу кошумча боло алат.

Мультивитаминдер менин ден-соолугумду жакшыртабы?

Туура тамактануу организмдин пайдалуу заттарга болгон негизги керектөөлөрүн камсыздоосу керек, жана витаминдер кошумча катары гана кызмат кыла алат. Wellness «Мультивитаминдер жана минералдар» мыразаларга и айымдарга арналган комплекси сенин ден-соолугуңа камкордук менен кылдат тандалып алынган 12 витамин жана 10 минералдан турат. Анын ичинде сени энергия менен камсыздоо үчүн В витамини жана саламат иммунитет үчүн D витамини бар.

Күн сайын мультивитаминдерди ичүү коопсузбу?

Коопсуз экени анык. Бирок, мультивитаминдүү комплекс сенин ден-соолугуңду колдоо үчүн ашыкча эмес, жетишсиз эмес, жетиштүү деңгээлде гана зарыл болгон витаминдерди жана минералдарды камтыган учурда коопсуз. Көрсөтмөнү жана дозалоону сактоо зарыл. Эгерде, сага бул вариант канчалык ылайык кеээринен күмөн санасаң, өзүңдүн дарыгериңен кеңеш ал.

Мультивитаминдер теримдин абалын жакшыртабы?

Теринин абалын жакшыртуучу ингредиенттер, адатта, мультивитаминдердин курамына кирет. Мисалы, С витамини – бул күчтүү антиоксидант териңдин жашоо күчүн жана жылмакайлыгын сактоо үчүн зарыл болгон коллагенди иштеп чыгуу процессинде эң маанилүү ролду ойнойт.

Мультивитаминдер чарчоо менен күрөшүүгө жардам береби?

Чарчоонун көптөгөн себептери болушу мүмкүн: стресс, начар маанай, азык аллергиясы, оору жана, албетте, уйкунун жетишсиздиги. Мультивитаминдүү комплекс чарчоого каршы дары катары кызмат кыла албаса дагы, жардам берүүгө кудурети жетет. Комплекстин курамындагы темир кислородго организмде айланууга жардам берет, ал эми магний энергиянын деңгээлине жооп берет. Ошондой эле мультивитаминдүү комплекстер иммунитетти колдоп, чарчоого себеп болгон көптөгөн оорулардын алдын алат.

Мен көп машыксам, мага мультивитаминдер керекпи?

Мультивитаминдер диетаңдагы боштуктарды толуктоого арналган – дүйнө жүзү боюнча бир дагы машыгуу буга жөндөмдүү эмес. Ошондой эле мультивитаминдүү комплекстердин курамында жүктөмдөн кийин организмди туура калыбына келтирүү үчүн зарыл болгон кальций, магний жана D витамини бар. Эң аягында, мультивитаминдер өпкөнүн жана жүрөктүн абалын жакшыртат, ал эми бул спорт менен машыгуу үчүн абдан зарыл болгон нерсе.

Текст: