Love Nature жаңы өнүмдөрүнүн формулалары парабендерди камтыбайт, ал эми жуулуучу заттар биоажыроочу болуп, аларда силикондор, пластик микросфералар жок – бардык скрабдоочу бөлүкчөлөр бир гана табигый тектүү. Ингредиенттер органикалык фермалардын экологиялык шарттарында сүйүү менен пестициддер колдонулбай өстүрүлөт, ал эми таңгактар эми 40%га кайра иштетилген пластиктен турат.
Териге камкордук, планетага камкордук, сага камкордук – мына ушул Love Nature!
Органикалык алоэ вера + органикалык кокос суусу
Алоэ веранын жалбырактары 99.5%га суудан турат – дал ошондуктан ал өзүнүн нымданыруучу касиеттери менен белгилүү. Алоэ клеткалардын жаңылануусун тездетет, айыктырат, кычышууну жоготот, антиоксиданттык таасирге ээ жана терини кислород менен каныктырат. Каражаттарыбыз үчүн биз алоэни дүйнөнүн эң белгилүү органикалык фермаларынын бири болгон түндүк мексикалык Тамаулипас штатындагы фермадан сатып алабыз.
Нормалдуу териге арналган жаңы серияга биз кокос суусун коштук, ал нымдуулук деңгээлин сактоого жана колдоого жардам берет. Ал эпидермис клеткаларын бекемдөөчү цитокиндерди жана сезгенүүгө каршы таасири бар лаурин кислотасын камтыйт.
Чай дарагынын органикалык майы + органикалык лаймдар
20-кылымдын башында чай дарагынын бактериага каршы жана грибокко каршы күчтүү касиеттерин тастыктаган биринчи изилдөөлөр пайда болгон – аны жергиликтүү антибиотик катары да колдонушкан. Косметиканын курамында ал сезгенүүгө жана майлуу жылтыроого каршы күрөшөт.
Органикалык сулу + органикалык годжи мөмөлөрү
Сулу биотинге, белокко, магнийге, кремнийге жана фитин кислотасына, В тобунун витаминдерине бай. Бул күчтүү кокейль назик жумшак терини нымдандырып, жумшартып, тегиздеп, тынчтандырат. Көбүрөөк ыңгайлуулук жана азыктануу үчүн биз годжи мөмөлөрүн коштук – бул азыктандыруучу заттары, витаминдери, аминокислоталары жана антиоксиданттары бар чыныгы суперфуд.
Love Nature каражаттары үчүн годжи мөмөлөрү алардын тарыхый мекени – Кытайдан алынат. Алар төмөн температурада алыскы Нинся аймагында өстүрүлөт жана касиеттери толук кандуу ачылуусу, жайында жыйналат.