Экспертке суроо: бардыгы тамак-аш булалары тууралуу

Биздин тамак-ашыбызда тамак-аш булалары жетишсиз болсо, бирок кант жана транс майлар көп болсо, ичегиде зыяндуу бактериялар көбөйөт, ал эми пайдалуулар – төмөндөйт. Таза нукура тамак-аш боюнча эксперт Марлен Нордландер тамак-ашты сиңирүүгө жана жалпы эле ден соолук үчүн алар кандай таасирин тийгизе турганын айтып берди.

Тамак-аш булалары деген эмне?
Тамак-аш булалары — бул углеводдордун түрлөрүнүн бири, алар тамак-аш ферменттери (мисалы, кант жана крахмал)  менен ичке ичегиде эрийт жана ажырайт, жана андан ары жоон ичегиге жетет, анда бактериялар менен ферменттешет. Алар өзгөчө жемиштердин кабыктары, мөмөлөрдүн жана уруктардын эзилген массасы аларга бай.    
 
Алар эмне үчүн ден соолук үчүн маанилүү? 
Тамак-аш булалары негизги функцияны аткарат. Биринчиден, алар, заңды түзөт, ичегинин перистальтикасын жана организмдин туруктуу детоксикациясын стимулдайт. Экинчиден, алар тамак-аштын активдүү сиңишин камсыздоо менен аш-казандын микрофлорасы пайдалуу микроорганизмдерди азыктандырат.  

Микробдор эмне үчүн ичегиде жашашат?
Адамдын ичегиси — зыяндуу жана пайдалуу триллион бактериялардын үйү болуп саналат.  Жүздөгөн изилдөөлөр, биздин саламаттыгыбыздын көптөгөн  аспектилери ичегинин туура иштеши жана микробиомдун абалы менен байланыштуулугун тастыкташат.  Иммунитет системасынын 70% ашыгы ичегинин үстүндө жайгашкан, жана иммунитет системасы так ичегиден башталат. Пайдалуу бактериялар тууралуу камкордук көрүү жана аларды жетиштүү санда пребиотикалык тамак-аш булалары менен «кошумча тамактандырып» туруу абдан маанилүү.  

Бир күндө тамак-аш булаларын канчалык өлчөмдө кабыл алуу керек?  

Тамак-аш продукциясынын коопсуздугу боюнча Европа агенттиги (EFSA) бир күндө 30 грамм колдонууну сунушташат, бирок элдер бир күндө орточо 23 граммдан ашык эмес алышат – жана көптөгөн өлкөлөрдө бул көрсөткүч мындан да төмөн.  Мунун себеби иштетилген тамак-аштар нутриенттердин жана тамак-аш булаларын эң эле аз өлчөмдө камтыла тургандыгында турат.  

Тамак-аш булаларын мен жетиштүү санда алып жатканыма мен кантип ишеним ала алам?
Мында алар тамак-аш булаларынын бир күндүк ченемин толуктоого жардам бере турган бир нече жөнөкөй лайфхактар келтирилет:   

Эртең мененки тамакка таттуу хлопьялардын ордуна бүтүн дандууларды, ал эми андан да жакшысы – алар бышырууну талап кыла турган классикалык ботколорду (кашаны) тандап ал.  Таттуурак болушун  каалайсыңбы? Анда жаңы бышкан жемиштерден кошуп кой. 
Ак нанды жана макарон азыктарын бүтүн дандуулар менен алмаштыр.  
Картошканы кабыгы менен бышыр, аарчыба.
Печенье жана конфеттер менен чай ичүүнүн ордуна аларды жемиштерге, жашылчаларга жана жаңгактарга алмаштыр. 
Ар дайым тоңдурулган жемиштер жана жашылчалар запаста болуп турсун. 
Атайын кошулмаларды— мисалы, тамак-аш булалары менен Wellness пребиотикалык суусундугун ич (кабыл ал). 

Текст: