Ден-соолукка пайдалуу 8 пайдалуу адат, аларды жашоого жеңил эле киргизүүго болот

Жашоо деген эң сонун, бирок чектөөсү жок жашоо сонун? Аткарылат!

Игелестен башкы ашпозчу Мэт Поллдун кеңештерин окуп чык. Ал өзүнүн жашоо образын өзгөртүп, 60 кг арыктаган адамдын өзү так ушул. Эгерде, ал баарын өзгөртө алса, анда сен аны эмне үчүн жасай албайсың? 

1. ЧӨПТӨРДҮ КОШ
Салаттан башта! Жаңы жашылчалар жана чөптөр — курсакты тойгузуш үчүн жана негизги тамакты көп жеп албаш үчун зарыл нерсенин өзү.

2. … ЖАНА ЖАШЫЛЧАЛАРДЫ КОШ  
Бир табак тамакты элестет. Адатта ал тамакта эмнелер бар? Француз фриси, бир-эки котлет жана чөптөрдүн (салттуу) жалбырагы. Кел, ушул процессти кайра баштайлы. Тарелканын үчтөн бир бөлүгүнө биз жашылчаларды, андан кийин данды (мисалы, күрүч же гречка) жана белокту (балык же эт) салабыз.

3. ӨЗ ЭРЕЖЕЛЕРИҢДИ ОЙЛОП ТАП  
Рационго, бир караганда, даамы жок продуктуларды кошуунун көптөгөн жакшы жолдору бар. Бышырылган жашылчаларды же бууга бышкан жашылчалар сага жакпайбы? Жумуртка пашотубу же катуу бышкан жумурткабы? Болуптур анда, кереги жок. Аларды шорпого, рагуга же жаркопко кош. Даамдуу жана кыжырыңды да келтирбейт.

4. ЖАҢЫБЫ ЖЕ ТОҢДУРУЛГАНБЫ? ? 
Экөө тең! Жаңы жашылчалар, албетте, эң жакшы вариант. Өзгөчө кырдаалдар үчүн муздаткычка тоңдурулган жашылчалардын бир тобун салып коюу – эң сонун идея. Адатта, аларды сезондун так ортосунда чогултушат жана алар тез тоңдурулат, ошондуктан алар аш болумдуу азыктардын көпчүлүк бөлүгүн сактап калышат.

5. ДЕНИ САК АДАМДЫН БАРБЕКЮСУ  
Баардыгы грилде бышкан тамактарды жакшы көрүшөт, бирок аны жегенден кийин өзүңдү бир топ эле оор сезесиң. Этти гана эмес, жашылчаларды: цуккини, спаржа же козу карындарды да барбекюге даярдап көрчү. Май менен чачып, специяларды кошуп кой, мына эми даяр болду.

6. БАШКАЧА ӨЗӨК ЖАЛГООЛОР  
Бадыраң, сабиз же сельдерей — булар да тамак. Аларды кичинекей тилимдерге бөлө кесип, хумус же соус жаса, дасторконго закуска катары коюп кой. Ишенесиңби, бул абдан даамдуу болот. Жана конокторго да жагат. Дагы варианттар: калемпир, брокколи же жашыл буурчак.

7. КАРТОШКАНЫ БААЛА
Бул эң жөнөкөй тамак жана көпчүлүк адамдардын сүйүктүү тамагы. Бирок ден-соолукка пайдалуу альтернативалар да бар, аларды да рационго кошууга болот, мисалы: сабиз, пастернак же батат.

8. БАЙ ОКУЯЛАРГА КАРАЙ АЛГА!  
Тамактануу адаттары бала кезден эле пайда болот. Бирок чоңоюп өскөн сайын ден-соолукка пайдалуу жана даамдуу варианттар абдан көп пайда болот, алар жөнүндө сен билбешиң да мүмкүн. Фермердик базарлар, дем алыш күндөрүндө болуучу базарлар, супермаркеттер – алар абдан көп. Жаңыларын жеп көр! Жума сайын жаңы мөмө-жемиш же жашылча сатып ал. Ошентип гурмандыкка чейин жетүү да алыс эмес. Тамагың таттуу болсун!

Текст: Сүрөт: Oriflame