Чачка арналган май жана түнкү кам кѳрүүнүн дагы 4 сыры

Сен бетке арналган ѳзүнчѳ түнкү кремди колдонууга кѳнүп, түндѳ активдүү ингредиенттер териге жакшыраак сиӊээрин билсеӊ керек. Бул чачка да тиешелүү. Идеалдуу каралган чач менен кантип ойгонуу керек жана чач жасалгалоо убактысын кантип кыскартса болот? Бирге карайлы!

1. Пахта жаздык каптарды жибекке алмаштыр 
Эгер эртеӊ менен сенин тѳшѳгүӊ согуш талаасына окшоп калса, анда бул пункт сен үчүн. Пахтага сүрүлүү чачты бузат: ал кургак жана сынма болуп, электрлешип, чачышып, жалтыроосун жоготот. Ал эми жибек бир гана саламат кѳрүнүштү эмес, голливуд зулпун да сактап калат: эгер сен чач жасалга менен уктасаӊ, эртеси күнү жылдыз болосуӊ!

2. Чачыӊды тара
Күн бою чачыңыз көп нерсени башынан ѳткѳрѳт, ошондуктан, жатаар алдында аны жакшы тароо маанилүү - түнү менен бир аз чачышкан чачтарың оорутуучу ороолорго айланышы мүмкүнКѳп тиштүү щетканы алып, учтарынан баштап түптѳрүнѳ чейин кылдаттык менен жылып тара. Башты жеңил укалоо менен аякта: аны ошол эле щетка менен же манжаларың менен жасасаң болот

3. Маска жаса  
Чачың оор учурларды башынан ѳткѳрүп жатканда, кадимки же май маскасын түнгѳ калтырып койсоң болот: эртең менен аны жѳн гана жакшылап чайкап, жумшак чачка ээ болосуӊ. Чыныда, ыңгайлуулугу аз – түнкү кам көрүү үчүн атайын каражаттарга көңүл бурганыӊ жакшы. Алар жаздыкты булгап, бардык төшөктөргө жана жаныӊдагы жолдошуӊа жабышып калбайт жана эртеӊ менен аны жуу зарылчылыгы болбойт – дароо жасалгалоого даяр чач менен ойгоносуӊ. Ыӊгайлуу! Бизге арган, уйгак, роза жана камелия сыяктуу тѳрт баалуу майлардын комплексинен турган Eleo-нун түнкү кам кѳрүүсү жагат. Уктап жатканда жеңил текстура жана толук калыбына келтирүүнү тартуулайт!

4. Толук кургат  
Чачтарды толук кургатпай жатуга болбойт – болбосо сөзсүз түрдө чачыӊ иретсиз болуп ойгоносуӊ. Тыгыз жана каттуу чачтын ээлери айырмасын байкабай калышы мүмкүн, бирок калгандары сапсаюу менен статикадан качып кутула алышпайт. Чачыӊды аягына чейин кургатып, жуулбай турган кам көрүүнү сүйкѳ – жалтырак чачтар менен ойгонуу үчүн атайын, түнкүкам кѳрүү болсо жакшы.  



5. Кѳлѳмдү сакта
Түн ичинде чачтарың басылып, кечээки фен менен кургатылгандан кийинки сонун кѳлѳмдүн изи калбай калат. Буга чыдоону токтот!  Тѳбѳӊѳ чачтарыӊды бир түйүмгѳ чогултуп, эртеӊ менен аны жандырып кой: көлөмү сакталып калат. Эң негизгиси, баштын кан айлануусун бузбаш үчүн, чачты өтө катуу түйбѳ. Чач байлагычтын ордуна, бала кездегидей чүпүрѳк же кичинекей жибек жоолук колдонуу ылайыктуу болот. Ысык стайлинг колдонбостон укмуштуу тармалдарды каалайсыӊбы? Уктаар алданда чачыӊды бош ѳрүп кой. Эгер кургак шампунь колдонууну пландасаӊ, аны да түнкүсүн жасаса болот: ал ашыкча май менен терди сиңирип, чач түптѳрү таза болуп ойгоносуӊ.

Текст: Сүрөт: Oriflame