Жаңы Natural Balance батончиктери: мындан дагы даамдуу жана пайдалуу

Саламат шам-шум этүүгө арналган сенин сүйүктүү Wellness батончигиӊдин курамында протеин жана азык булалары эми мындан да көбүрөөк, май, углевод жана шекер азыраак, калорияуулугу төмөнүрөөк жана пальма майынын ордуна кокос майы кошулган. Жаңы өнүм жөнүндө көбүрөөк бил!

1. Пайдалуу чечим

Тамактануулардын ортосунда көп учурда ачкачылыкты жана күч-кубаттын жетишсиздигин сезебиз. Катуу ачкачылык учурунда туура тандоо жасоо ар дайым оңой эмес. Таттуу жана ден-соолукка пайдасыз нерсени жегибиз клкт, бирок мындай шам-шум этүү кыска мөөнөткө гана токчулукту камсыздайт. Бул кандагы шекердин көтөрүлүп кетишине алып келет жана тез эле дагы бир нерсе жегиӊ келет!

Шоколаддын ордуна энергияңды тамак-аш салынган контейнерлерге караганда кыйла аз орун алган даамдуу протеин батончиги менен толтур. Natural Balance батончиктери таттууларды сүйгөн, бирок өздөрүн жакшы формада кармагысы келгендер үчүн бул жакшы чечим.

2. Курамындагы жогору сапаттуу протеин

Чындыгында жакшы протеин батончигинин маанилүү өзгөчөлүгү – анын саны эмес, белоктун сапаты. Natural Balance батончигинин курамында сүт протеининин изоляты жана сүт сарысуусунун концентраты түрүндөгү 10,5 грамм белок бар.

Сүт протеининин изолятында белоктун үзгүлтүксүз чыгышы үчүн сарысуу (тез сиңүүчү) жана казеин (жай сиңирүүчү) белоктору бар. Сүт сарысуусунун концентраты - булчуң белогунун синтезин стимулдаштыруучу ачкыч болгон лейцинди камтыган тармактуу тутуму бар аминокислоталардын (BCAA) булагы. Биригип, алардын курамында организмдин сулуулугун жана саламаттыгын куруу, калыбына келтирүү жана колдоо үчүн зарыл болгон 9 маанилүү аминокислоталар бар.

3. Азык булалары

Natural Balance батончиктери өсүмдүктөрдүн табигый булактарынан алынган азык булаларын - фруктоолигосахариддерди жана полидекстрозаларды камтыйт. ФОС - бул ичегибиздеги микробиомду азыктандыруучу жана саламаттуу микрофлораны сактаган пребиотикалык азык булалары. Жогорку сапаттагы клетчатка менен протиеиндин айкалышы ачкачылыкты азайтып, узак убакытка чейин токчулук сезимин сактоого жардам берет.

4. Табигый ингредиенттер
Natural Balance протеин батончиктерин тандоо менен, сен эмне жеп жатканыңды жакшы түшүнөсүӊ: курамы табигый, анда глютен, ГМО, жасалма боёгучтар жана консерванттар жок. Мөмө-жемиштин даамына клюква, кара бүлдүркөн, карагат жана малина бөлүкчөлөрү кошулган алар антиоксиданттарга бай жана Түндүк Европанын кең токойлорунда өсөт.

5. Калориялуулугу төмөн
Natural Balance мөмөлөр кошулган протеин батончиги сенин күндүк рационуӊа болгону 115 калория кошотөз салмагын көзөмөлдөгөндөр үчүн идеалдуу жеӊил шам-шум этүү. Даамы болсо чыныгы десертке окшош!