Күндөн коргонуу тууралуу 5 фактор

Кеңири спектрдеги коргоонуу деген эмне, кеңседе санскрин менен пайдалануу керекпи жана каражатты канча өлчөмдө сүйкөө керек? Күндүн коопсуздугу тууралуу көптөгөн суроолорго жооп беребиз!

SPF факторуна жараша күндүн алдында канчалык узак убакыт жүрүүгө болот?

SPF (Sun Protective Factor) — бул биринчи кезекте күндөн коргонуунун убактылуу фактору.  Адам күндөн коргонуусуз анын алдында орточо 10 минутага жакын убакыт боло алат. Эгерде сен SPF 10 каражатын сүйкөнсөң, анда күндүн алдында коопсуздукта болуунун убакыты 100 минутага чейин жогорулайт, ал эми  SPF 30 — 300 минутага ж.у.с. Практикада, өзгөчө көл жээкте жүргөндө, биз санскринди ар бир эки саатта жаңыртып турууну сунуштайбыз: анын касиеттери тери менен, механикалык таасирлерден  жана суу тийгендеги реакциядан кийин алсыз болуп калат.

Өзүңдүн SPF факторуңду кантип тандап алууга болот?

Теринин тону канчалык агыш болсо, ошончолук жогорку SPF фактор талап кылынат.  Күндүн түз нурларынын алдында агыш тери 5 минутадан кийин эле кызарып баштайт, ал эми ошол эле учурда каралжын тери — болжол менен 15 минутадан кийин гана кызара баштайт. Ошондуктан каражатты тандоодо ушуларды эске ал.  

Менин тоналдык кремимде SPF бар. Беттин териси үчүн санскринди мен колдонбой койсом деле болот экен да?

Тоналдык крем, эреже катары, SPF-фактору болгон күндө да теринин коопсуздугун талаптагыдай деңгээлде камсыздабайт: аны өтө көп кылып сүйкөй албайсың, ал эми анын декоративдик касиеттери коргоочу касиеттеринен ашыкча болот. Макияжга чейин атайын күндөн коргонуучу каражатты колдон жана ал сиңгенге чейин күт. Декоративдик  косметиканы колдонуу учурунда кылдат болуу керек: продуктуну жайылта сыйпаба, а жеңил кыймылдар менен ургулоо аркылуу сүйкө.

Эгерде мен күнү бою кеңседе болсом — санскриндин мага кереги жокпу?

Күндөн коргонуучу каражаттарды пляждарда гана эмес, а шаарда жүргөндө да, ал тургай күнүгө — күн бүркөк учурда, жабык имарат жайларында, кышында да колдонуу керек! УФ-нурлар булуттардан жана терезелерден да жеңил эле өтүп турат, жылмакай буюмдардын үстүнөн чагылышып, териге таасирин тийгизет, гиперпигментация жана фотокарылыктын башкы себептеринин бири болуп саналат.

Кремди жука катмар кылып сүйкөйм — ушул жетиштүү болобу?
Санскриндин чындап эле иштеши үчүн аны көп эле сыйпа: бүтүндөй денеге эки чоң кашыктан кем эмес продукт керек болот. Эгерде спрейди колдонсоң, ал теринин ар бир сантиметрине чейин себилгенине ишеним ал, андан кийин гана аны массаж жасагандай кыймылдар аркылуу сүйкө.  

Күндөн коргонуучу кремди кандайча туура кылып сүйкөө керек?

Санскрин сиңип кеткенге үлгүрүшү, ал кийимге жугуп калбашы жана иштеп башташы  үчүн санскринди үйдөн чыкканга чейин 15-20 минута мурда сүйкөн. Эгерде сен терини сактап коргоочу тюбикти пляжга жеткенде гана чыгара баштасаң, анда биринчи 15-20 минутада сенин териң али коргоочусу жок болуп турат жана сенин териң күнгө күйүп кетиши мүмкүн.

Этикеткасында «Кеңири спектрге иштей турган УФ-фильтрлер» деп жазылып турат. Бул эмнени түшүндүрөт?

Алар терини күйгүзүп жибериши мүмкүн болгон UVB-нурларынан терини SPF коргойт — бирок анын таасиринен, анын ичинде терини андан да күчтүү UVB-нурларынын таасиринен компенсациялоо үчүн сага кеңири спектрдеги мультиактивдүү коргоочусу керек. Дерманын клеткаларына жетүү менен алар териге тереңирээк киришет жана алардын эртелеп карып кетүүсүн жана теринин рак (шишик) оорусун чакыруу менен эркин радикалдардын иштелип чыгышын провокациялайт. Сенин каражатың — мисалы, Oriflame ден бүт үй-бүлө үчүн Sun 360 күндөн коргоочу каражаттардын жаңы бренди сыяктуу каражат, күндүн нураларынын эки тибинен коргой турганына ишеним ал.

Редакцияны тандоо

Multi-Rays технологиясына жана Sun 360 сериясынын каражаттарынын калыбына келтирүүчү шведдин табигый ингредиенттерине жараша ал терини күндүн нурларынын зыяндуу таасиринен, айлана чөйрөнүн кирдешинен жана теридеги суунун азайышынан терини коргойт.   Ыңгайлуу форматты: спрей , крем, балдар үчүн крем, лосьон стикти танда — жана аба ырайынан көз карандысыз жашоонун эң мааинлүү учурлары менен ырахаттан.

Күндөн коргоочу каражаттардын курамын кантип окуу керектиги жана анын эң ишенимдүүсүн тандап алуу тууралуу көбүрөөк бил.

Текст: