Дүйнөлүк океан коркунучта: кантип жардам берсе болот?

Планетабызды сактап калуу үчүн өтө кичинекей кадамдар болбойт. Ар бирибизге жеткиликтүү болгон дүйнөлүк океанга жардам берүүнүн үч жөнөкөй ыкмасын билип ал.

ИШЕМБИЛИККЕ ЧЫК
Үйүңө жакын каалаган көлмөнү тандап алып, аны көзөмөлгө ал: эми чоң суунун бул бир кичинекей бөлүгү идеалдуу өз жайында болот! Досторуңдун компаниясын чогултуп, жергиликтүү дарыянын, көлмөнүн же суунун жээгин тазала. Бирге эмгектенүү жакындатат, ал эми таштандыларды кайра иштетүүгө өткөрсөң болот. 

КРАНДЫ ЖАП
Баштап алсаң болду! Тишиңди жууп жатканда болгону эле кранды жаппай койгондой сезилет. Бирок, кошуналарың, бүтүн үй, көчө жана шаардын баары ошондой кылганын элестетип көрчү. Планетада мындай шаарлар абдан көп.

Мындан тышкары, биздин электр энергиясын колдонуу деңгээлибиз жана углероддук так дүйнөлүк океанга абдан чоң таасирин тийгизет. Жарыкты жана электр приборлорун өчүр, жумасына бир жолу унаанын ордуна велосипедди танда. Oriflame’де биз имараттарыбыздын баарында бир гана кайра толукталуучу энергия булактарын колдонобуз.

ТЫНЫМСЫЗ ЖАРДАМ БЕР
Океанды жана анын жашоочуларын коргоо менен алектенген уюмду таап, волонтер болуп, ай сайын кичинекей сумманы которуп туруу жөнүндө ойлон. Сен жөн гана дүйнөлүк экологияга өз салымыңды кошпостон, жаңы досторду жана пикирдештерди табуу мүмкүнчүлүгүн аласың.