Суу да ажырата албайт: достуктун пайдасы тууралуу 3 факт

Достор — бул биз аны өзүбүз тандап алган үй-бүлө. Рухубузга жакын адамдар биздин жашообузду толуктап турат: анда жаңы идеялар, пландар, кыялдар жана бактылуу учурлар туура келет. Чындыгында чыныгы достукту баалоо керектигинин себептери абдан көп – биз дагы үчөөнү таптык.

1. БИЗ КҮЧТҮҮРӨӨК БОЛОБУЗ
Окумуштуулар бекем достук спорт жана туура тамактануу сыяктуу эле, биздин денебизге  жана ички дүйнөбүзгө да таасирин тийгизе турганын тастыкташат. Ал стресс менен күрөшүүдө жана оорудан кийин кайра калыбына келүүдө жеңил айыгууга жардам берет жана жакын туугандар менен жылуу мамиледе болуу сыяктуу эле ички гармония үчүн да ошондой эле мааниге ээ.

2. БИЗ ЖАШООДО КӨБҮРӨӨК КУБАНАБЫЗ
Жумуштагы стресстер, оору, чарчоо, сүйүктүү адамың менен ажырашуу - кандай гана болбосун, достор ар дайым ал жагдайды башка жагынан кароого жана жаңы, күтүүсүз жактан карап көрүүгө жардам берет. Мыкты чечимдер так ушундан келип чыгат! Жүрөктөн чыккан сүйлөшүүлөр жана чын жүрөктөн чыккан күлкүлөр терс эмоциялардын калдыктарынан бери жок кылатЖашоодогу кара тилкелеринен өтүүдө ал сени өзүн кандай билип тушүнсө, сени да ошондой билген жана түшүнгөн адам менен өтүү алда канча оңой. Жакын достор баардык психологдордон жана бир чака балмуздак алдындагы кайгылуу фильмдерден да мыкты  колдошот. Алар туура сөздөрдү оңой табышат, ал эми бардыгы артта калганда, алар биздин жеңиштерибизге чын жүрөгүнөн кубанышат

3. БИЗ ИЙГИЛИКТЕРГЕ ЖЕТИШЕБИЗ
Адамдардын ортосундагы кызматташтыктан тартып үй-бүлө түзгөнгө чейинки бардык мамилелер достуктан башталат. Ал ар кандай адамдар менен баарлашуунун баа жеткис жөндөмүн өрчүтүүгө жардам берет: биз дүйнөгө болгон көз карашыбызга карама-каршы келген адамдар менен да орток тил табууну үйрөнөбүз
Чыныгы достук "1 + 1 = 11" формуласы боюнча түзүлөт: силер идеялар менен бөлүшөсүңөр, кыялдарга карай тезирээк жетүүгө бири-бириңерге жардам бересиңер. Ушундай достор менен күнү бою диванда жатып алып, чипстерге толгон пакеттерди бошотуу менен күндү өткөрүү мүмкүн эмес: сен достор менен бирге инсан катары өнүгөсүң жана көбүрөөк аларга берүүнү каалайсың, жакшы иштерден аянбай, көбүрөөк берүүгө умтуласыңБир жагынан, достук бизди ыңгайлуу зонадан да тышкары чыгууга түрткү болот, башка жагынан, так ошонун өзү жылуулуктун, чоң шаардын чөлүндөгү тынчтыктын  жана кабыл алуунун оазиси болуп калат.  Оор жумуш күн аяктагандан кийин ал жерде эс алууга жана өзүң жалгыз боло ала тургандай болгон коопсуз жай болуп саналат

Редактордун кеңеши 

Эң жакын досуңа күтүлбөгөн сюрприздерди жасоо абдан жагымдуу, алар менен бир нерселерди табуу да оңой, анкени силерде жалпы окшоштуктар көп: сүйүктүү фильмдер, музыка, ресторандар, кийимдерге болгон тандоолор. Силер ушунчалык жакын болгондуктан, сен ал досуң үчүн - эң интимдүү болгон белектердин бири болгон - жыпар жытты да тандап ала аласың.

«Мисс Баттерфляй» цинниини нотасы менен Friends World for Her көңүлүңдү бур – ал силердин достуктун күчу тууралуу сөздөргө караганда ал көбүрөөк айтып турат. Циннии чексиз гүлдөөсү менен белгилүү: бүчүрүн үзүп алсаң, ошол үзүлгөн жердин ордуна бир нече жаңысы өсүп чыгат.  Ошол сыяктуу эле, чыныгы достук сыноолордон кийин андан да бекемдейт. Friends World for Her  шайыр кызга эң сонун жагат, анткени ал бактылуулук сезими: шабдаалы, гүлдөр, ваниль жана жылуу карагайдын базасы сыяктуу жыттанат. Ал ага сөзсүз жагат!

Текст: Сүрөт: Getty Images