Өзүӊө ишенүү үчүн 4 жыпар жыт

Кыялыӊдагы ишке маекке баруу, маанилүү жолугушуу, сүйүктүүӊ менен жолугушуу, же жөн гана маанайыӊ көтөрүӊкү боло турган күн - сага өзүӊдү баарынан мыкты сезүүӊ үчүн жапыр жытты кантип тандоо керек экенин айтып беребиз.

1. МААНАЙДЫ КӨТӨРҮҮ
Эч нерсе болбосо деле, өзүңүздү болуп көрбөгөндөй жаман сезген учурлар болот. Же мындай жагымсыз нерсе болуп өткөндөн кийин жөн гана оюӊ бир жерге топтоолбой калышы мүмкүн. Анык нерселерден тышкары (тыныгуу, сейилдөө жана ромашка менен чай ичүү), жыгач жыпар жыттары жардам берет. Эмнеге? Жыгач ноталары кыйын кырдаалда тынчтандырып, ал тургай, сен каалаган ишенимди жана күчтү бере алат. Мисалы, Possess The Secret жуп жыпар жыттары. Парфюмерди айымдардын жыпар жытын жаратууга сыйкырдуу жашартуучу алмаларды сактаган Идунн кудайы жөнүндөгү уламыш шыктандырган. Бул жемиштер башка кудайларга күч берип, жеңишке болгон ишенимди арттырган. Эркектердин  Possess The Secret Man  жыпар жыты чагылган менен бороонду башкарган Тор кудайы жөнүндөгү уламыштан шыктануу менен жаралган. Тордун балкасы күчтү жана түгөнгүс энергиянын символу болуп саналат. Жаңы Possess The Secret топтомунда Тор менен Идунндун негизги сырлары камтылган. Алардын күчүн сез!

2. ЫНАНДЫРУУ ЖАНА ЖЕӉҮҮ
Маанилүү жолугушууга же маекке даярданып, толкунданып жатасыӊбы? Салкын гүл жыпар жыттарын танда. Алар күчүӊдү жыйноого жардам берип, эмне болсо дагы тынчтандырат. Незабудка гүлүнүн, ак карагаттын жана кедрдын ноталары кошулган Lucia Bright Aura  жыпар жыты — таза, салкын жана ачык жыпар жытка ээ болуп, өзүӊө болгон ишенимиӊди арттырып, энергияга толтурат

3. ЖҮРӨККӨ ЖЕТҮҮ
Биринчи жолугушуу. Эмне кийсем? Чач жасалгамды кандай кылсам? Макияжчы? Жамгыр, кар, мөндүр жаасачы, же мен туура эмес сүйлөп алсамчы? Тынчтык, бир гана тынчтык. Сен үчүн сүйлөгөн жыпар жыт керек Eclat Mademoiselle . сыяктуу. Назик, романтикалуу, жумшак — чыныгы классика. Алмурут менен фрезиянын жашыл ноталары, жүрөгүндөгү гибискустун жана розанын гүлдестеси жана жыгач-мускус шлейфи — анын жүрөгүнө жетип, сен жөнүндө күнү-түнү ойлондурат. Биринчи жолугушуу үчүн идеалдуу тандоо.

4. ЭӉ АЧЫК ЖАРКЫРОО  
ишемби күнү кечинде кечеге барып, баарын таӊ калдырууну кааласаӊ, биздин сага сунушубуз бар. On the Edge жаӊы жыпар жыты сага керектүү нерсе. Кара фиалканын, апельсиндин жана булгаарынын ноталары кошулган чыгыш жана жыгач жыпар жыты сезим кошуп, өзүӊ жөнүндө ачык билдирүүгө жардам берет. Тикендүү капкагы бар оригиналдуу флаконду сен каалаган кыры менен койсоӊ же сумкаӊа сала жүрсөӊ болот.

Текст: