Cѳѳктѳрдү бекемдетүүнүн 4 ыкмасы

30 жаштан кийин сөөктөр тыгыздыгын жоготуп, остеопороз коркунучу жогорулайт. Биз төрт жөнөкөй кадам менен сөөктү кантип саламат сактап калууну билебиз!

Сөөк ткандарынын минералдык тыгыздыгы туулгандан баштап, сѳѳк массасынын жогорку чегине жеткенче, болжол менен 25 жашка чейин өсѳт. Андан кийин тыгыздык жоголо баштайт, бирок сергек жашоо мүнөзү жана туура тамактануу ден-соолукту чыңдап, сөөктү сактоого жардам берет..

1. Кальций же
Кальций — бул бир гана күчтүү тырмактар жана саламат тиштер эмес. Кальций сөөктөрдү тыгыз кылат, кандын уюшуна, булчуңдардын жыйрылышына жана жүрөктүн согуусуна шарт түзөт. Бардык системалардын иштеши үчүн ар дайым канда бир аз кальций болушу керек, эгерде рационуңда ал аз болсо, анда ал сөөктөрдөн жуулуп алынат

Биздин организм кальцийди өз алдынча өндүрбөйт, ал тамак-аш менен гана келет. Рационуӊа йогурт, быштак, жашыл жер-жемиштер, шпинат, жаңгак, боб ѳсүмдүктѳрү, сардиналар (сөөгү менен же!) жана бобо ѳсүмдүктѳрү болугшу керек. Тамак-ашка тузду аз кошуп, ѳзүӊдү кофе менен газдалган суусундуктардан чекте – мунун баары кальцийдин сиңишине тоскоол болот.

2. Денеӊди кыймылдат
Дене салмагыӊ менен болгон көнүгүүлөр сөөк массанын өсүшүнө түрткү берет жана тыгыздыктын жоголушун азайтууга жардам берет. Жөнөкөй нерседен башта: жерден көтөрүлүү, отуруп туруу, секиргич менен секирүү

3.Эшикке чык
Эгер D витамини жетишсиз болсо, тамактан алынган кальций организмге сиңбей калат. Анын эң жакшы булагы - күн экенин унутпа. Сенин максатыӊ – күн сайын 15-30 мүнөт, ал эми түндүк аймактар үчүн (айрыкча кыш мезгилинде) бир аз кѳбүрѳѳк таза абага же күнгѳ чыгуу.

4. Рационго кошумчаларды кош
Кальций организмге тамак-аш менен гана кирет жана керектелген санынын 30-40% гана сиңет. Күнүмдүк норманы алуу оңой эмес, андыктан кошумчалар менен ѳзүӊѳ жардам бер, мисалы, Wellness "D витамини бар деңиз кальцийин" колдонуп көрүңүз. Деӊиз балырынан алынган кальцийден тышкары, анын курамында D витамини жана патенттелген AquaminTM комплекси бар –бул кальцийдин активдүүлүгүн жана сиңүүсүн күчөткөн дагы 72 микроэлемент болуп саналат..

Текст: Сүрөт: Oriflame