Майрамдардан кийин кантип өзүбүзгө келүүбүз керек?

Бул макаладан майрамдардан кийин тамактануу жана уйку режимин калыбына келтирүүнүн, организмди колдонун, даамдуу бир нерсе жегиӊ келгенде, аны туура кубандыруунун кеӊири нускамасы менен таанышасыӊ.

Ар жыл сайын баягы эле нерселер: кыш майрамдарынын алдында бир катар иш-чаралар, корпоративдер, достор менен жолугушуулар болуп, жана, албетте, көптөн күткөн Жаӊы жыл келет. Дасторкон түркүн таттууларга жана салттуу бардыгыбыз сүйгөн тамак-аштарга толот. Көӊүл ачуудан тышкары бизди бузулган уйку жана тамактануу режими күтөт, жана ал логикалуу натыйжаларга: ашыкча салмакка, шишикке, булчуӊдардын тонусун жана рельефин жоготууга, теринин чарчаӊкы түсүнө жана алсыроого алып келиши мүмкүн.

Бирок, бул дароо эле капаланып, майрамдардын натыйжасын тезирээк оӊдоого башыӊ менен кирип кетүүгө себеп эмес!

Эмесе, баштайлы!

1. Таза аба менен дем ал

Сейилдөөлөрдөн баштап, акырындык менен саламат жашоо образына кайтып кел. Физикалык активдүүлүк акыл ишине өбөлгө түзөт, ошондуктан спорт мээни ойготуп, организмге күч берет. Майрамдардан кийин мыкты вариант — кардиомашыгуулар, сөзсүз спортзалга акча сарптоонун кереги жок. Аларды сейилдөөлөргө алмаштырса болот. Элестетип көрсөӊүз – жарым сааттык сейилдөө калорияларды жоготуп, кан айланууну жакшыртып, иммундук системанын ишин колдойт.

 

2. Акырындык менен туура тамактанууга кайтып кел 

Узакка созулган майрамдык дасторкондордон кийин дароо ачкалыктан баштоо туура эмес. Эсиӊде болсун: эгер организм кокустан эле тамак албай калса, энегрияӊ азаят. Зат алмашуу жайлап, азыктандыруучу заттар энергияга эмес, майга айлана баштайт. Көбүрөөк жашылча жана жер-жемиш жеп, акырындык менен тамактанууӊду оӊдоп, жана, албетте, күнүгө витаминдерди ич.

 

3. Пайдалуу шам-шум этүүлөргө өт

Эгер организм күн ичинде даамдуу нерсе каалап жатса, муздаткычтагы бутербродду алууга шашылба. Өзүӊдү туура жана баланстуу шам-шум этүүлөргө үйрөт. Мисалы, Wellness протеин батончиги таттуу сүйүүчүлөр үчүн да, өз саламаттыгына кам көрүп, формада болууну каалагандар үчүн да мыкты чечим болуп саналат.

Сатып алуу

 

4. Суу балансын жөндө

Суу зат алмашууну тезетип, организмге калорияларды тез жоготууга жардам берет. Жана эӊ негизгиси, биз көп учурда суусоону ачкалык менен алмаштырабыз, жана суу да каныгуу сезимин бере алат. Эн азында, бир стакан суу майрамдык баштыктардын ичинен кокустан момпосуй алып жеп алуудан сактайт.

 

5. Уйкуӊду кандыр!

Ойлоруӊду тонуста кармоо үчүн, жетиштүү укта. Бул макалада уйку жөнүндө кеӊеш эӊ маанилүү. Түн ортосуна чейин жатып, бир убакта турууга аракет жаса: организм жакын арада режимге көнүп, сааттын коӊгуроосуна чейин эле өзү ойгоно баштайт. Уйкунун сапаты анын санынан да маанилүү экени эсиӊде болсун. Сапатуу уйку сага тонуста жана жакшы маанайда болууга жардам берип, жана, албетте, сенин иммунитетиӊди сактайт.

 

6. Мотивация изде

Жана акыркысы — өзүӊө мотивация бер! Майрамдардан кийин кадимки тамактануу жана иш ырааттамасына кайтып келүү ар дайым оор. Максаттарды коюп баштап, аларга жетишкенде өзүӊдү сыйла. Көксөгөн кыялдарыӊа канчалык тез жакындашыӊ дал ошол күч жумшоолорго көз каранды болот эмеспи.

Туура тамактан, даамдуу шам-шум эт, күнүмдүк рационуӊа витаминдерди кош, спорт менен машыгып, сергек бол. Бул майрамдардан кийин жаӊы жашоо баштоого сөзсүз түрдө жардам берет!

Текст: