Суусузданган териге кам көрүү: 5 эреже

Териңдин тартылып, суусуздануусуз кантип азайтууну ойлонуп жатасыңбы? Биз күнүмдүк кам көрүү жана коргоо үчүн мыкты лайфхактарды чогулттук – эсиңе ал!

Кургак тери VS суусузданган тери

 Аракеттерге өтүүдөн мурда, эки түшүнүктүн ортосундагы айрымачылыкты карап көрөлү. Кургак тери себумдун иштелип чыгуусунун бузулушу менен мүнөздөлөт, ошол эле учурда суусуздануу – бардык тери түрү, сыртынан да, ичинен да жетиштүү нымдалбаганынан улам кабылган абал болуп саналат. Мындай түргө, мисалы, майлуу тери кирет – аны эки эсе активдүүрөөк нымдандырып туруу зарыл.

Тери саламат болушу үчүн, майлар менен суунун балансы керек. Ошондой эле күн режими жана туура тамактануу жөнүндө да унутпоо зарыл – жакшы кам көрүү бул түзүүчүлөрдү да эске алат.   



Ашыкча тазалоодон алыс бол

Ооба, изоляция жана карантин учурунда биз күн ичинде көбүрөөк душка түшө баштадык – релаксациянын мындай ыкмасы чынында эле эң натыйжалуулардын бири болуп саналат, бирок, тилекке каршы, бул пайдалуу эмес. Анткени, буу жана ысык су утери барьерин табигый коргоодон ажыратат.

Душтан да, ваннадан да жылуу сууга жуунууга жана процедура убактысын кыскартууга аракет жаса — дерматологдор 10 мүнөттөн ашык эмес жуунууну сунушташат.

Курамдарды оку

Курамында жуучу каражаттар жана жыт бергичтер бар өнүмдөр кургоону күчөтүшү мүмкүн, ошондуктан  жумшак тазалоочу каражатты  же сүтчөнү — колдон – алар табигый майларды сактап, нымды кармайт. Ар дайым спиртсиз жуунуучу каражаттарды тандап, нымдуу териге дароо нымдандыруучу крем сүйкө, - ошондо өнүмдөр эпидермиске жакшыраак сиңет. 

Нымдандыруучу каражаттардын курамына кирген компоненттердин сапаты да териге таасирин тигизет. Ошентип, ши майы, минералдар, глицерин, гиалурон кислотасы же керамиддер кошулган кремдер нымды жакшы кармап, кургоону азайтат.  

Эгер тери майлуу жылтыроого жакын болсо, атайын айкалышкан тери үчүн иштелип чыккан жеңил текстуралуу кремди , колдонуу жакшы – ал жакшы нымдандырып да, себумдун иштелип чыгышын да көзөмөлдөйт.

Ысык мезгилде күнүмдүк кам көрүүнүн үстүнөн, терини коргоо үчүн, SPF кошулган каражаттарды колдон.

 Абаны нымдандыр!

Пандемия учурунда биз көбүнчө убактыбызды үйдө өткөрдүк, көбүнчө өлкөлөрдө чектөөлөр дагы эле иштеп жатканда, аба нымдагыч сатып алуу жөнүндө ойлонуу керек. Бөлмөдө аба кургак болгондо, ал териден нымды тартып алып, табигый барьерди бузат.

Абаны баланстоонун дагы бир ыкмасы – бөлмө өсүмдүктөрү. Топуракка тез-тез суу куюп, жалбырактарга суу чачып турууну унутпа: алар кычкылтекти гана эмес, терибизге керек болгон нымды да бөлүп чыгарат



Гардеробду текшер 

Күзүндө жана кышында, поралардын ичкеришине, тартылуусуна жана микросыныктарга жол бербөө үчүн, териңди муздак абадан жана температуранын өйдө-төмөн болуусун сакта. Жайында SPFти гана эмес,  баш кийимдерди да унутпа – беттин назик терисин кошумча коргоо ашыкча болбойт. Дененин терисине кам көрүп, табигый кездемелерди танда – адатынча, алар көбүрөөк аба өткөрүп, денеге жагымдуу. Пахтадан, бамбуктан, жибектен жана ошондой эле жумшак жүндүн түрлөрүнөн (альпака, кашемир, меринос) тигилген кийимдерди танда

Диетаңды ойлон 

Бул ушунчалык жөнөкөй жана көп берилүүчү суроо, бирок теринин абалы үчүн бул абдан маанилүү: сен сууну жетиштүү ичесиңби? Күнүмдүк сунушталган норма сегиз стаканды түзөт, ал эми активдүү жашоо образын жүргүзсөң, андан дагы көбүрөөк. Канчалык көп суюктук жоготсоң, ошончолук активдүү аны толтуруу керек.

Теринин саламаттыгы менен жеген тамагыбыздын ортосундагы байланышты эске алуу менен, өз рационуңду карап чык. Организмиңди көп өлчөмдө жашылча-жемиштердин жардамы менен да ичинен «нымдандырса» болот. Андан тышкары, теринин табигый барьерин бекемдөө үчүн алмашкыс майлуу кислоталарды күнүмдүк колдонууну көбөйтүү керек. Менюга Омега-3 жана 6 (майлуу балык, жаңгактар же активдүү кошумчалар) булактарын кошуу жөнүндө ойлон.  

Жаңыланган Optimals сериясын колдонуп көр, ал теринин суусуздануусуна каршы күрөшүп, аны нымга толтурат.