Териге жазгы камкордук көрүү

Ушул кышта сенин териң кайрадан: абанын кургактыгы, шамал, аба-ырайынын тез-тез бузулушу, күндү көрбөгөндүгү, витаминдердин жетишсиздиги жана стресске дуушар болуу менен көп кыйынчылыктарга дуушар болду. Ага кубаттуу энергия керек! Биз теринин жазгы көйгөйлөрүн кантип жеңүү керектигин жана кышкы уйкудан кийин аны кантип ойготуу керектигин айтып берели.

Көйгөй: сууну жоготуу жана  сезгичтик

Кыш мезгилиндеги жылытуу сезонунда бир нече айдын ичинде турак жайлардагы абанын кургактыгы түз эле биздин теринин нымдуулугун соруп ала баштайт. Ал тургай, кургак теринин да кемчиликтери жана майланышкан жылтырагы пайда болушу мүмкүн: ошондуктан табигый коргоочу анын тосмосу каршылык көрсөтүүгө аракет кылат, ал эми биз ага ушундай учурда жардам беришибиз керек.

Ичинен да, сыртынан да аракет жасайлы. Жумасына 1-2 жолу маска жаса, бозомтук тонду андан жеңилирээк тонго алмаштыр, ал эми бетте пайда болгон кичинекей дүүлүгүүлөрдү чайдын дарагынын майы менен чекиттеп сыйпа. Эч кандай чопо жана салицил кислотасын жолотпо — жабыркаган териге алар анын дүүлүгүүсүнө алып келиши мүмкүн. «Аква Глоу» ичип башта, ал 15 күндүн ичинде теринин нымдалышын калыбына келтирет, жана клетчатканын күнүмдүк ченемин колдон – ал денедеги нымдуулукту сактап турат.



Көйгөй: беттин бозомтук өңү

Акыры биринчи жаркыраган жазгы күн чыкканда, анын жаркыраган ачык жарыгында биз: бетибиздин кышка чейин таптакыр башка өңдө көрүнгөнүн байкай баштайбыз. Тешикчелер байкалаарлык болуп калган, беттин шабдаалыныкындай болгон өңүнөн бозомтук өңгө айланганы, ал тургай майда бырыштар да көбүрөөк байкалып калган өңдүү. Витаминдердин жана күн нурунун жетишиздиги, стресс, тамак-аштагы жана  режимдеги өзгөртүүлөр терини алсыздандырат. Аны энергия менен кубаттоого убакыт келди!

Териге күч берүү үчүн камкордукту өзгөртүүгө аракет кылып көр. Идеалында бардык продуктулар сен үчүн жаңы, бир линейкадан болушу керек. Биздин тандоо — абрикос өрүгүнүн органикалык экстракттары жана апельсиндин ширеси менен Love Nature жаңы сериясы. Тазалаган каражат тешикчелерди ичкертет жана силикондорсуз, парабендерсиз жанан спиртсиз биоажырай турган формулага ээ болуп саналышат. Тоник жуугандан кийин теринин балансталышына жардам берет, ал эми анын бөтөлкөсүнүнүн 40% кайра иштетилген пластиктен турат. Бетти сергитүүчү гель бетти нымдаштырат жана анын жаркыроосун калыбына келтирет. Болгону үч кадам – ошондо сенин териң чынында эле кайрадан калыбына келет!


 



Көйгөй: түлөп түшүүлөр

Кышында теринин жаңылануусунун табигый процесстери басаңдап калат: катаал климаттан кошумча коргонуу үчүн анын биринчи катмары калыңдап көбөйөт, ошондуктан  теринин үстүндө өлгөн клеткалар чогулушу мүмкүн. Анын натыйжасында тери какачтанып түлөп түшүүлөр пайда болот, алар бардык эле тоналдык кремдердин алдынан билинип турат жана алар жаз келгенге чейин биздин бетибизден кетпей бизди тынчсыздандырат.  

Чечим — регенерация процессин жакшы жүргүзүү үчүн жумасына 1-2 жолу пилинг жасоо керек, жана азыктандыруучу кремди сыйпоо керек, ал стресстин кесепетин азайтуу менен терини жумшартат. Жагымдуу бонус — фото карылыктан кошумча коргоочу катары SPF 50.

Текст: Сүрөт: Oriflame