Теринин серпилгичтигин кантип кайтарса болот

Теринин өз серпилгичтигин жоготуусу картаюунун негизги визуалдык белгилерине кирээрин изилдөөлөр көрсөтөт. Биз Тери изилдөө борборунун директору Ален Мавон менен бул көйгөйдөн арылуунун эӊ эффективдүү ыкмалары жөнүндө сүйлөштүк.

ТЕРИНИН СЕРПИЛГИЧТИГИН ЖОГОТУУСУ ДЕГЕН ЭМНЕ?

Биз жаш кезде, теринин бириктирүүчү тканынын клеткасы – фибробласттар – коллаген менен эластанды терибиз жылмакай жана серпилгич бойдон калышы үчүн зарыл болгон санда иштеп чыгат. Бирок жаш өткөн сайын клеткалардагы табигый өзгөрүүлөр, жана ошондой эле айлана-чөйрөнүн зыяндуу таасири, мисалы, күн нурларынын терс таасири фибробласттардын иштөөсүнүн жайлашына жана алардын санынын азайышына алып келет жана буга байланыштуу коллаген менен эластиндин синтези да жайлайт. Натыйжада тери серпилгичтигин жоготуп, салбырай баштайт.

МУНУ КАНТИП ОӉДОСО БОЛОТ?

Ретинол

Ретинол, же А витамини, көптөгөн карылыкка каршы касиеттерге ээ, анын ичинен ал терини тартуучу эффект бериши мүмкүн. Ретинол клетка мембраналарынын структуралык компоненти болуп саналып, организмдин жана анын ичинде теринин антиоксиданттык коргоосуна жооп берет жана натыйжада ал өзүн жаш сезет. Бирок, доктор Мавон белгилеп кеткендей, кээ бир адамдардын ретинолго чоӊ сезгичтиги болуп, ал кызаруулар жана кычышуулар түрүндө байкалат.

Инвазивдүү эмес процедуралар

Инвазивдүү эмес процедуралар пластикалык хирургияга барбастан жакшы натыйжаларга жетишүүнү калагандардын арасында популярдуу болуп саналат. Мындай процедуралар көп, анын ичинде термаж – коллагендин иштелип чыгышына өбөлгө болуучу төмөн жыштыктуу радиотолкундар менен теринин тереӊ катмарларына таасир берүүдө турган аппараттык ыкма. Бирок, мындай процедуралар оорута тургандыктан, доктор Мавон аларды жактыра бербейт. «Термаж процессинде коллаген ашыкча ысытылышы мүмкүн, ошондуктан бул процедура теринин абалына көпкө чейин оӊ натыйжа берээрине мен ишенбейм».

AspartoLift

AspartoLift дандардын, уруктардын жана жаӊгактардын курамындагы аспарагин кислотасынан алынат. Клиникалык изилдөөлөрдүн жыйынтыктарына ылайык, AspartoLift фибробласттарды жашартып, алардын ийилчээктигин жогорулатып, коллагендин иштелип чыгышына өбөлгө түзөт. «Лабораториялык тесттер AspartoLift ээ болгон күчтүү карылыкка каршы касиеттерди тастыктайт, алар фибробласттарга 20 жыл мурун ээ болгон касиеттердин бардыгын кайтарып берет», – дейт доктор Мавон. AspartoLift’тин кээ бир адамдар үчүн ретинол кооптуу болгон кыйыр таасирлери жок, бирок мыкты жыйынтыктарды камсыздоо үчүн аны териге комплекстүү кам көрүүнүн алкагында колдонуу керек. UltimateLift сатып алуу 

Массаж

Өзүнө укалоону камтыган СПА-процедуралар, серпилгичтикти кайтаруу менен, териге ар кандай эффективдүүлүк менен таасирин тийгизиши мүмкүн. Укалоо адатынча өзүнө бетке арналган масканы жана жаак сызыгы менен тызылдатуучу кыймылдарды камтыйт. Доктор Мавондун айтымында, мындай процедура үчүн сөзсүз түрдө укалоо салонуна баруунун кереги жок: баарын өз алдынча кылсаӊ болот. «Бет булчуӊдарын жыйрылтуу жана бошотуу көнүгүүлөрү фибробласттарды өбөлгөлөп, серпилгичтикти жоготуунун алдын алат. Бул техника териге серпилгичтикти сактап калууга жардам берет. Күнүнө бир нече мүнөт көнүгүү жасоо менен комплекстүү кам көрүү процедуралары – жаш көрүнгөн теринин башкы сыры мына ушул!»

Текст: Сүрөт: Shutterstock