1. ДАЯРДЫК
Төшөктө жатканда адатта, сен эмне кыласың: эс аласыңбы, иштейсиңби, попкорн менен же, ал тургай, кечки тамак ичип жатып, телесериялдарды көрөсүңбү? Булардын баарына ооба деген жооп болсо, анда пайдалуу жакшы адаттардан башта: уктоочу бөлмөдө — уктоо гана керек! Сенин үйүңдө өзүңдү толук бош коюуга боло турган жер болушу керек. Аны сен чыныгы жайлуу кылып жасап ал: жогорку сапаттагы матрас жана жагымдуу түстөгү кездемеден тигилген шейшептерди тандап ал, түнкү шам-чыракты жана терезенин сыртындагы көчөнүн шам-чырагынын жарыгы көрүнбөшү үчүн калың парданы илип кой. Бардык керексиз нерселерди, өзгөчө телевизорду, чыгарып сал.
2. БИР КҮНДҮН ИЧИНДЕ
Спорттун сүйүктүү түрүн жаса, бирок кечинде эмес: ушундай кылуу менен сен денеңди бошоштуруп, эл алдырасың, күнү бою топтолгон стресстен жана ашыкча энергиядан арыласың. Күндүзгү уйкудан убактылуу баш тартуу керек: түшкү тамактан кийин 15-20 мүнөттүн ичиндеги уйку да, кечинде уктоону кыйындатуу менен көйгөйлөрдү жаратат. Уйкуга чейин 8 сааттык убакыт мурда кофе ичпегенге аракет жасоо керек — эсиңде болсун, кофеин кофеде гана эмес, шоколадда да бар экендигин унутпа.
3. УЙКУГА ЧЕЙИН 3-4 СААТ МУРДА
Кечки жеңил тамак учуру — сен ачкачылыктан ойгонгуң келбейт! Белокторду жана татаал углеводдорду танда, алар сага узак убакытка чейин тойгон сезимин тартуулайт — бирок түн ичинде таттууларды (анын ичинде мөмө-жемиштерди) жебегенге аракет жасоо керек, бул фигурага гана зыяндуулугунда эмес. Кант чачыроону жаратат, андан кийин кандагы глюкозанын деңгээлинин кескин төмөндөшүнө алып келет, ал уктоого тоскоолдук кылат жана уйкунун өзүнүн сапатын да төмөндөтөт.
4. УЙКУГА ЧЕЙИН 2 СААТ МУРДА
Выключи все электронные приборы: экраны излучают синий свет, который негативно влияет на выработку гормона сна. Кроме того, новая информация стимулирует мозговую активность и возвращает бодрость как посреди рабочего дня. Вместо «еще одну серию и спать» почитай книгу, помедитируй или прими теплую ванну, а для увлажнения используй Бардык электрондук шаймандарды өчүрүп кой: экрандар көк түстөгү жарыкты чыгарат, бул уйку гормонунун иштелип чыгышына терс таасирин тийгизет. Мындан тышкары, жаңы маалымат мээнин активдүүлүгүн стимулдайт жана жумуш күндүн ортосундагыдай сергектикти берет. "Дагы бир серияны көрөм, анан уктайм" дегендин ордуна, китеп оку, медитация жаса же жылуу ваннага түш, ал эми нымдануу үчүн ТЫНЧТАНДЫРУУЧУ ЛАВАНДА ЖЫПАР ЖЫТЫ МЕНЕН БОЛГОН ТАЗАЛООЧУ МАЙДЫ колдон.
5. УКТААРДЫН АЛДЫНДА
Дененин үстүнкү бөлүгүнө жана жаздыкка лаванданын эфир майынын негизиндеги атайын спрейди чач, ал денени жана акылды тынчтандырууга жардам берет. Уктоо мезгилинде кие турган масканы кий — бул жарыкты өткөрбөйт жана толук караңгылыктын натыйжасын берет. Сен укташыңа бир дагы үн тоскоолдук кылбашы үчүн берушини кош. Көзүңдү жумуп, денеңдин акырындык менен тынчтанып бара жатканын элестет. Мында, сенин көздөрүң эртең менен гана ачылат!