Бир гана зарыл болгон нерсе: жаңы жылда териге кам көрүү эрежелери

Жаңы жыл – бул жаңы жашоо баштоо үчүн мыкты себеп. Бул жолу териге кам көрүү боюнча ритуалдарды жаңыртсаң эмнеге болбосун? Териңди жакшыртууга жардам бере турган беш пайдалуу адатты сунуштайбыз!

ЖЫЛ БОЮ SPF

Күн нурлары – теринин картаюусунун негизги фактору болуп саналат, ал эми күндөн коргоочу каражаттар – жаштыктын чыныгы эликсири. Бирок күн бүркөк убакта сыртка коргоосуз чыгуу болбойт: күн нуру ар дайым бар болот, демек, SPF кошулган каражатты күн сайын колдонуу зарыл.

Изилдөөлөр көрсөткөндөй, биз нурлануунун 70%-н такыр күтпөгөн учурда алабыз: ачык терезенин түбүнө отурганда же аялдамага чейин басып бара жаткан учурда. Мындан тышкары, ультрафиолет нурлары керамиддерди (башкадан мурда терибизди кургоодон сактаган пайдалуу майларды) бузат, демек,күндөн коргоочу каражаттартериңе нымданган бойдон калууга жардам берет. Аларды үзгүлтүксүз колдонуу үчүн дагы кандай себептер керек?

 

ТАЗАЛЫК САЛАМАТТЫКТЫН БАШАТЫ

Эгер сен макияжды тазалабастан жатып алсаң, териңди эркин радикалдар (шаардын булганган абасында толгон терс заттар – алардын айынан сен улуураак көрүнөсүң) чабуулга алат, ал эми эртең менен пораларың толуп калат (териге безеткинин чыгуусунун негизги себеби). Ошондуктан, жатаардын алдында бетти жуунун зарылчылыгына сени ынандыруунун деле кереги жок деп ойлойбуз. Анда эртең менен бетти жуунун эмне кереги бар деп сурашың мүмкүн? Жооп беребиз: түн ичинде теринин үстүнө чогулуп калган токсиндерден, ашыкча майдан жана өлгөн клеткалардан арылуу үчүн.

терини тазалоого арналган аППАРАТты  колдонуу менен сен күнүмдүк тазалоодо жаңы деңгээлге чыксаң болот. Ал булгануудан жана өлгөн клеткалардан бир кыйла эффективдүү арылууга жардам берет.

«Тери – бул биздин денебиздин эң чоң органы жана айлана-чөйрөнүн агрессивдүү факторлорунун жолундагы биринчи коргоо сызыгы»

СЫВОРОТКА ЖӨНҮНДӨ УНУТПА

Сен нымдандыруучу кремди колдонуп жүрсөң керек, бирок сывороткалар териң үчүн канчалык пайдалуу жана зарыл экенин билесиңби? Дал ошол сывороткалар териңе жаркыроо берип, майда бырыштарды жазып, терини тартып, башка кам көрүү каражаттарынын натыйжалуулугун жогорулатууга жөндөмдүү болот. СЫВОРОТКалар жогорку концентрациядагы активдүү ингредиенттерди камтыгандыктан жана суулуу текстурага ээ болгондуктан, алар териге тереңирээк кирип, тезирээк таасир бере башташат.

 

 

ТҮНКҮ КАМ КӨРҮҮ

Түнкү кам көрүү үчүн атайын каражаттар териңе оор күндөн кийин кайра калыптанууга, зыяндуу айлана-чөйрөгө каршы күрөшүүгө жардам берет, демек, сага жаш көрүнүүгө жардам берет. Ошондуктан тазалоочу каражатка жана тоникке кошумча катары жакшы кайра калыптандыруучу түнкү крем сатып ал. Териңдин конкреттүү көйгөйлөрүн чече турган кремдерди танда, мисалы, картаюунун биринчи белгилери менен күрөшүү үчүн SKINERGISE ылайыктуу, ал эмиULTIMATE LIFT теринин серпилшичтигин кайтарып берет.


ИЧИНЕН КОЛДОО

Тери – бул адамдын денесиндеги эң чоң орган жана айлана-чөйрөнүн зыяндуу факторлорунан коргоочу биринчи сызык. Ал бизди зыяндуу микроорганизмдерден, ультрафиолет нурларынан, ысыктан, нымдан жана булгануудан коргойт, ошондуктан анын саламаттыгын колдоо абдан маанилүү. Ал үчүн сага бардыгынан мурда витаминдерге, минералдарга жана антиоксиданттарга бай баланстуу диета керек. Майлуу балыктан алынганОМЕГА-3 майлуу кислоталары терини нымданган жана саламт бойдон сактоого жардам берет. Бирок Омега-3 терибизге керек болгон жалгыз нерсе эмес.Балырларда жана Тынч океан лососунда камтылган пигментАСТАКСАНТИН, ВИТАМИН комплексинин курамына кирет жана теринин чоюлчаактыгын жакшыртып, нымдануусун колдоп, бырыштарды азайтат.

Жаңы жылды жаңы пайдалуу адаттар менен тос!