Чачты жана тырмакты кантип калыбына келтирсе болот — Татьяна Рыбакованын кеӊештери

Үйдөн кам көрүү, лайфхактар, тамактануу, мыкты каражаттар жана кошумчалар —Oriflame-дин расмий wellness-эксперти чачтын жана тырмактын сулуулугуна болгон комплекстүү ык-амалдардын сыры менен бөлүшөт.

 


Күн тийген күндөрдүн көптүгүнө жана жайды кубаныч менен күтүүгө карабастан, жаздын кечиликтери да бар, алар иммунитеттин начарлоосу жана авитаминоз.

Пайдалуу заттардын жетишсиздигинен улам

биздин терибиз кургап, чачыбыз сынып, түшүп

тырмактарыбыздын абалы начарлашы мүмкүн

Бүгүн аларды ушундай оӊой эмес учурда сырттан жана ичтен таасир берүү менен кантип колдоп, бул абалды оӊдоонун жолдорун бирге карап чыгалы.

Сулуулук ичтен

Жазында организм эмне болот?

Жаз келгенде, иммунитети төмөн адамдардын өнөкөт оорулары күчөйт, анткени климаттын өзгөрүшү – бул чоӊ стресс. Жылыткычтар бар жана абасы кургак жайлардан сыртка чыксак, ал жерде шамал, аяз, жамгыр болушу мүмкүн. Бул биздин тиричилик аракетибизди колдоого сарптоочу энергиябыздын санына таасирин тийгизет.

Жылдын суук мезгилинде биз аз кыймылдап 

таза абада көп убакыт өткөрбөй калабыз

Рационубуз көп учурда салыштырмалуу оор жана 

калориялуу азыктардын пайдасына алмашат

Кышында көп адамдар КРВИ жана сасык тумоого кабылышат – бул организмди алсыздандырып, биздин иммунитет жаз келгенде жана климаттын өзгөрүшүнөн келип чыккан стресске анчалык жакшы эмес формада кабылат. Иммунитети жогорураак адамдар алсыздыкты, уйкучулдукту жана тырмактын сынуусу, чачтын түшүүсү сыятуу витаминдердин жана минералдардын жетишсиздигинин тышкы белгилерин байкашы мүмкүн

Жазында чач менен тырмакты кантип бекемдесе болот?

Тамактануудан башта: рационуӊа витаминдерге, минералдарга жана пайдалуу майларга бай азыктарды кош. Жер-жемиштерди көбүрөөк же – аларда ичегилердин микробиотасын колдой турган клетчатка бар. Шекер жана сапатсыз тамак-аштар ичеги-карын жолунун иштөөсүнө терс таасирин тийгизет

Дан азыктары рационуӊдун негизи болсун  — 

мисалы, гречиха акшагы, кара буудай наны, жана  

ошондой эле белоктун сапаттуу булактары — күрп эти, ак балык

жана жаӊгактар, кызыл балык жана авокадо түрүндөгү пайдалуу майлар

Кошумчаларды ич — мисалы, , чачка жана тырмакка арналган нутрикомплекс, ал максатка багытталган таасиринин аркасы менен чач менен тырмактын абалын жакшыртат. Толук курс 3 ай – жазга ылайыктуу.

Курамында L-цистеин жана L-лизин аминокислоталары, С витамини, темир, цинк жана селен бар. Алар адамдын организминде чоӊ роль ойношот: алардын жетишсиздигинде эс тутум функциялары жана акыл жөндөмдөрү начарлайт жана органзмдин ооруларга каршылык көрсөтүүсү төмөндөйт

Бир гана С витамининин жетишсиздиги коллаген

карнитин, гормондор жана аминокислоталардын синтезинин

бузулуусуна алып келиши мүмкүн

Натыйжасында маанай жана теринин абалы бузулуп, тырмактар жука жана тез сынма болуп калат.

Зарыл пропорциялары бар туура тандалган комплекс бардык биохимиялык процесстердин туура жүрүүсүнө жардам берет. 3 ай бою күнүнө 2 таблеткадан ичип тур – курстан кийин 3 жумага тыныгуу жасоо зарыл.  Велнэс Пэкти ичүү менен айкалыштырса болот.

Чачтын жана тырмактын абалына дагы эмне таасир берет?

1. Кийим жана бут кийим чачтын электризациясына жана тырмак пластиналарына күч келүүсүнө таасирин тийгизет. Көп учурда стилдүү баш кийимдер тигилүүчү синтетикалык кездемелер өзгөчө катуу электризацияланат. Ал эми саркеч бут кийим — бул ар дайым эле сиздин таманыӊыздын калыбына туура келе бербейт, бирок, биз көп учурда сулуулук жана тренддер үчүн курмандыкка барабыз.

2. Жаш курак: адатынча, жыл өткөн сайын тырмактар жана чачтар сынма боло баштайт.

3. Күнүмдүк чач жуу жана көбүнчө чач жасалгалоо, өзгөчө чачтын сынма болуп, түшүп жаткан учурунда стресс жаратат.

Сулуулук сырттан

Өзүӊө ритуалдарды түзүп алөзүӊ жалгыз тырмагыӊды жана чачыӊды калыбына келтирүүгө жардам берүүчү сапаттуу каражаттар менен бирге.

Тырмактарга кантип жардам берсе болот?

1. Алардын абалын баала 

Саламат тырмактар түз, табигый жалтырак болуп, назик-кызгылт түскө ээ. Нормалдуу өсүүсү — бир жумада бир миллиметр. Эгер лакты өчүргөндө, алардын сынып, катмарланып жана саргарып жатканын көрсөӊ, эӊ биринчиден, жогоруда айтылган витаминдик-минералдык комплекстин эсебинен жана тамактануу боюнча кеӊештер менен А, Е жана С витаминдеринин жана ошондой эле темир жана цинктин жетишсиздигин толуктооӊ керек.

2. Кылдат мамиле жаса

Лактардан жана туруктуу гель жабууларынан убактылуу баш тартып, салондорго барганда япон маникюрун тандаганыӊ жакшы – ал тырмак пластинасын бекемдөөгө багытталган

Ар кандай химикаттар менен идиш-аяк  

жууп, үй жыйнаганда кол кап кий

ыӊгайлуу бут кийим кий

Ошондой эле күн сайын деӊиз тузу кошулган 20 мүнөттүк жылуу ванна жасоодон турган  10 күндүк курс сунушталат.

3. Үйдөн кам көрүү үчүн каражаттарды кылдаттык менен туура танда 

Мисалы, The ONE тырмактын өсүшүнө арналган каражатыС жана Е витаминдери кошулган көп компоненттүү формуласынын эсебинен ал тырмактын өсүшүн өбөлгөлөйт. Сен 3 күндөн кийин эле натыйжасын көрө аласыӊ! Таза тырмакка күнүнө 3 жолу сүйкө. Ошондой эле сага  The ONЕ тырмактарды бекемдөөчү жабуусу керек болот — ал катмарланып, сынуудан коргойт. Жарым тунук жалтырак жабуу табигый маникюр үчүн дээрлик өз алдынча лак боло алат – же болбосо түстүү лактын астына база катары колдонсоӊ болот.

Чачтарга кандай жардам берсе болот?

1. Тарак менен топуӊду алмаштыр

Табигый кылдуу жыгач тарак колдонгонуӊ жакшы, ал тароо учурунда чачтын көп түшүүсүнөн сактап, электризацияны төмөндөтөт. Ошондой эле сыртына атайын каптоо колонулган антистатикалык желимден жасалган тарактар бар. Полиэстерден жасалган топуну пахтадан жасалган топуга алмаштыр.

2. Рационуӊа суперфуддарды кош 

Эгер чачыӊ күӊүрт болуп калганын, көп түшө баштаганын байкасаӊ, аны ичинен бир гана витаминдик-минералдык комплекс менен эмес, ар түрдүү рацион менен да азыктандырууну уланта бер.

Бул кандайдыр бир кымбат баалуу сыйкырдуу азыктар эмес

жөн гана мөмө-жемиштер жана чөп-чарлар  —  көп учурда аларда,

 жашылча-жемиштерге караганда жана витаминдер көбүрөөк болот  

3. Чачка кам көрүү планын түзүп ал 

Агрессивдүү каражаттарды колдонбо, өзгөчө жукарган, сынма чачтарга. Эхинацея экстракты жана кофеин кошулган Hair Х чачтын өсүшүнө арналган линейкасына көӊүл бур — ал чачты бекемдетип, анын түшүшүн 8 аптанын ичинде токтотот.

Кам көрүү үч этаптан турат:

HairX чачтын өсүшүн өбөлгөлөөчү шампунубаса, чачты жууп жатканда, башты укалоого көбүрөөк убакыт бөлсөӊ, бул кан айланууну жакшыртат.

HairX чачтын өсүшүн өбөлгөлөөчү тонигибаштын таза терисине күнүнө эки жолу (душтан кийин же кургак) укалоочу кыймылдар менен сүйкө. Чайкаба.

HairX түшүүгө жакын чачтарга көлөм берүүгө арналган каражат кургак нымдуу чачка сээп, башыӊды ылдый каратып, фен менен кургат. Көлөмдүү чач жасалга камсыздалат.

Чачтын сырткы көрүнүшүнүн жакшыруусунан сырткары, комплексте фитонутриенттердин, майлуу кислоталардын комплекси, кофеин, эхинацея экстракты бар болгондуктан чачтын түшүүсү жана сынуусу азайгандыгын байкайсыӊар. Бул мырзаларга да, айымдарга да ылайыктуу.

Текст: