Өзүңдүн коркуу сезимдериңди кантип жеңүү керек

Коркуу – бул табигый эмоция, ал ар бир адамда бар. Бирок коркуу сага өзүңдүн максаттарыңа жетүүгө мүмкүндүк бербесе же стресске кабылууга алып келсе, аны териштирип чечмелөө керек! Бул үчүн эмнелерди жасоо керек, биз ушуну айтып берели.

1. ТҮШҮН 
Сен эмнеден жана эмне үчүн коркосуң, ушуларды так түшүнүүгө аракет кыл. Сенин коркууңдун себеби, реалдуубу же жокпу? Сага конкреттүү түрдө эмне дискомфорт алып келет? Эгер сен өзүндүн коркууңдү түшүнүп турсаң, аны менен күрөшүү сен үчүн алда канча жеңилирээк болуп калат. 

2. ДЕМ АЛ 
Сен күтүлбөгөн жерден коркунучтуу бир нерсе менен беттешип калсаң, сага жөнөкөй эле дем алуу техникасы жардам берет. Демиңди кармап, онго чейин сана, андан кийин акырындык менен демиңди чыгар. Андан кийин үч секунд ичинде мурдуң менен дем алып, ооз аркылуу акырындык менен демди чыгар. Бул процесс учурунда сенин денең жана акыл-эсиң бошошуп, жай гармониялык абалга келгенин элестет. . 

3. СҮЙЛӨ
Өзүңдүн коркуу сезимиңди башкалар менен бөлүшүү тууралуу оюңдун өзү эле сени коркутат, бирок ага карабастан ошондой кылуу чынында эле жардам бериши мүмкүн. Ошондуктан жакын досуңа же жакын бир тууган адамыңа ишенип айт – айрым учурларда өзүңдүн кыйынчылыктарың тууралуу жөнөкөй эле баяндап сүйлөө жашоону бир топ эле жеңилдетип коюуга жөндөмдүү келет. 

4. ЖАЗ 
Эгер өзүндүн кооптонууларың туурасында айтсак – сен үчүн акыркы чара, алар тууралуу жазууга аракет кылып көр. Күндөлүк жазуу сага өзүңдүн кооптонууларыңды жана алардын көмүскөдөгү себептерин жакшы түшүнүүгө сага жардам берет.

5. ПОЗИТИВ ИЗДЕ 
Өзүңдүн кооптонууларыңдан кандайдыр бир позитивди жана пайдалуу нерсени табуу – кыйын, бирок натыйжалуу. Көпчүлүк элдин алдында чыгып сүйлөөнүн алдында санааркап, толкунданасыңбы? Ар бир адам өзүнүн ой-пикирин көптөгөн эл менен бөлүшүү мүмкүнчүлүгү баарына эле келе бербейт, ушул туураалу ойлон. Учуудан коркосуңбу? Сен саякаттай ала тургандыгың үчүн ааламга ыраазычылыгыңды билдир. Ыраазычылык билдирүү сезими бул – күчтүү сезим, ал коркуу сезимин жеңип чыгууга жана санааркоону төмөндөтүүгө жөндөмдүү келет. 

6.ӨНҮК 
Белгисиздик менен беттешүү сени коркутушу мүмкүн. Коркуу сезимдеринен, аларды изилдеп окуу аркылуу арыл: китептерди оку, документалдуу кинолорду көр, подкасттарды ук. Билим, бул – күч! 

7. АДАТТАРЫҢДЫ АЛМАШТЫР 
Кофе же алкоголь ичимдигинен баш тартуу, спорт менен үзгүлтүксүз көнүгүү, туура тамактануу, балансталган диета– ушундай пайдалуу адаттар сен өзүңдү ишенимдүү алып жүрүшүңө көмөктөшөт жана өзүндүн коркууңду жеңип чыгууга жардам берет.

8. ЖАРДАМГА КАЙРЫЛ 
Эгер, сен өзүндүн кооптонууларың менен күрөшүүгө күчүң жетпей турганын сезсең, балким, сенин жардамга кайрылууга убакытың жеткендир. Кесипкөй психолог же терапевт кыйынчылыктар менен күрөшүүгө сага сөзсүз түрдө жардам берет.





Текст: Сүрөт: Getty Images