Калыӊ жана күчтүү: чачтарды кантип бекемдөө керек

Жазында чачтарыбыз өзгөчө начарлайт: температуранын өйдө-төмөндүгү, авитаминоз жана организмдин мезгилдүү кайра курулуш чачтардын сынышын күчөтүп, алардын түшүшүнө алып келет. Аларды жаӊыланган чач түшүүгө каршы HairX сериясынын жардамы менен кантип бекемдеш керек экенин билип ал.

 

Туура тазалоо
Баштын териси жетишсиз деӊгээлде тазаланса, булганычтар чогулуп, чач фолликулаларынын азыктанышы начарлайт. Натыйжада чачтар алсыз жана сынма болуп, андан да көп түшө баштайт. Башыӊды жуу боюнча ритуалыӊды кайра карап чык Шампунду чайкоого шашпа: башыӊдын терисин жакшы укалап, көбүктөндүр, бардык булганычтарды тазалоо жана ошону менен бирге кан айланууну күчөтүү үчүн, бир дагы жерин калтырба.  Ал эми чачтардын өзүнө шампунь сүйкөбөш керек – аларга тамырларынан агып түшкөн көбүк эле жетиштүү болот.

Сынууга каршы күрөшүү
Чачтар түшүүдөн гана эмес, сынуудан да жукарат: эгер алардын негизи бекем болбосо, ал ортосунан же чачтын түбүнөн сынып, калыӊдыкты азайтат. Сөзсүз түрдө азыктандыруу жана бекемдөө эффекти менен  кондиционерди колдон: заманбап каражаттар чачтарды оорлоштурбайт, көлөмүн сактап, узундугун коргойт. Жуугандан кийин кошумча көлөм бере турган чачты бекемдөөчү каражаттарды колдон.

Баш терисине кам көрүү
Эртеӊ менен жана кечинде баштын терисине арналган  тоникти колдон, ал чачтын өсүшүн тездетет. Аны кургак же нымдуу чачка сүйкөсө болот, чайкоонун кереги жок. Эффектин күчөтүү үчүн жумасына 2-3 жолу процедураны 10 мүнөткө созудган толук кандуу укалоо сеансы менен аякта. Аны жумшак резина тиштери бар атайын массажер менен жасоо абдан ыӊгайлуу: ал микроциркуляцияны өбөлгөлөп, чачтын түшүшүн азайтып, нымдуу жана кургак тароого ылайыктуу.



Ичинен колдоо 

Чач жана тырмак — организмдин жалпы абалынын негизги көрсөткүчү. Эгер алардын көрүнүшү жакшы эмес болсо, анда организмге нутриенттер жетишсиз болушу мүмкүн. Азыктандыруучу заттардын келишин чачка жана тырмакка арналган нутрикомплекстин жардамы менен туурала.  

Комплекстин курамындагы темир чачтын түшүшүн токтотот, L-лизин алардын жашоо циклин узартат. Селен жана цинк чачтын өсүшүн колдойт, алма процианидиндери (антиоксидант) алардын санын, көлөмүн жана күчүн көбөйтөт.



Төрт этап 
Чачтарды колдоо жана бекемдөө үчүн бардык зарыл болгон каражаттарды сен HairX Fall Defence чачтын түшүшүнө каршы жаӊыланган сериясынан тапсаӊ болот. Клиникалык натыйжа: чачтын түшүшү болгону 8 жуманын ичинде көз көрүнөө жайлап, чачтар калыӊыраак жана тыгызыраак болуп калат. 

Деӊиз планктонунун негизиндеги TriActivate технологиясы чачтын түшүшүн азайтат, өсүшүн өбөлгөлөп, ичке жана жукарып бара жаткан чачтын тыгыздыгын жогорулатат. Гиалурон кислотасынын жана В3 витамининин негизиндеги Vitamin Moisture Matrix комплекси чачты нымдандырып, азыктандырат. Соя протеиндери жана майлуу кислоталар кошулган фитонутриенттердин комплекси чачтын саламаттыгын жана күчүн сактайт.

 


Кооз жана саламат чачка болгону төрт кадам:

    ●   Шампунь чачты кылдат тазалап, бекемдетет, алардын тыгыздыгын жогорулатат;
    ●   Кондиционер жука чачты азыктандырып, бекемдеп, тароону жеӊилдетет;
    ●   Тоник чачтын өсүшүн тамырдан баштап өбөлгөлөйт;
    ●   Чачты тыгыздоочу каражат аларды калыӊ жана жалтырак кылат

 

Текст: