Күндөн коргонуучу кремдин кайсынысы жакшы?

Санскриндин милдеттүү ингредиенттери менен биздин шпаргалканы колдон жана ага ишенүүгө боло турган каражатты жеңил эле тандап ал.

SPF (Sun Protective Factor)бул күндөн коргонуу фактору. SPF канчалык көп болсо, ал каражат күндөн ошончолук узак убакыт жана ишенимдүү коргойт. Биз санскринди эки саат сайын, айрыкча жээкте жаңыртууну сунуштайбыз: анын касиеттери тери менен реакция болуп, механикалык таасири жана суу менен байланышуу аркылуу алсырайт. 



UVA-нурлары — атмосферада алар жутулуп кетпеген ультрафиолеттик спектрдин нурлары булуттардан да өтөт жана Жердин үстүнө чейин жетет. Алардын териге болгон таасирин биз сезбейбиз, ошонусу менен алар коркунучтуу. Алар өтө терең кирип кетиши да мүмкүн жана гиперпигментацияны, эртелеп эле фотокарылыкты, теринин рак оорусун, күндүн нуруна болгон сезгичтикти чакыруу менен дерманын клеткаларына да жетиши мүмкүн.

UVB-нурлары — алардын 90% атмосферада жутулуп кетет, бирок калган 10% Жердин үстүнө чейин жетет жана эпидермистен да өтүп кетет. Биз алардын териге болгон таасирин сезебиз — ал кызарат, ысыйт, күйүп да кетет. Так ушул нурлар алтындай болгон кооз загар үчүн жооп берет, жана ушул эле нурлар күндүн нуруна болгон сезгичтикти жана теринин рак оорусун провокациялайт.

Күндөн коргонуучу каражатты тандоо учурунда ал UVA да, жана UVB- нурларын да бөгөттөй турганына ишеним ал.  Этикеткадан эки аббревиатураны тең же «Кеңири спектрде колдонуучу УФ-фильтрлер» деген жазууну изде. Мисалы, SPF жогорку фактору (30 дан 50 чейин +) менен Multi-Rays технологиясы жана кеңири спектрде колдонуучу УФ-фильтрлер менен Oriflameден жаңыртылган Sun 360 сериясы терини UVA/UVB-нурларынан коргойт, демек бул, күндөн күйүп калуунун, фотокарылыктын, теринин рак оорусунун алдын алат.

Күндөн коргоочу фильтрлер эки түрдө болот.

Химиялык фильтрлер нурларды жутуп алат,  териге сиңет. Ушундай фильтрлер менен каражаттардын текстурасы жеңил, беттин терсиси үчүн идеалдуу келет, себеби терини майлуу кылбайт жана макияж үчүн жакшы негизди түзөт.
Химиялык санскриндин курамынан кандай заттарды издөө керек: Avobenzone (авобензон), Mexoryl SX/XL (мексорил), Tinosorb S/M (тиносорб), Octocrylene (октокрилен), Oxybenzone (оксибензон), Sulisobenzone (cулисобензон) ж.у.с. Химиялык фильтрлердин толук тизмелерин түйүн-тармактардан табууга болот.

Физикалык фильтрлер нурларды таратып жайылтат, теринин үстүндө иштейт. Физикалык фильтрлер тери үчүн болгон каражаттарда колдонулат. Физикалык фильтрлери менен болгон текстуралар жабышкак жана илешкек жана ак түстө болот
Физикалык санскриндин курамынан кандай заттарды издөө керек: Zink Oxide (цинктин оксиди) же Titanium Dioxide (титандын диоксиди). Эгерде сенин каражатыңдын курамында ушул каражаттар жок болсо — демек сеники химиялык санскрин.

Oriflameден Sun 360 күндөн коргоочу каражаттарынын курамында кошумча коргоо үчүн  химиялык да, жана физикалык фильтрлер да бар. Бул каражаттар аралаш типтеги каражаттар

Фильтрлерден тышкары анын курамынан алар териге камкордук көрүүчү, текши загар алууга жардам бере турган жана аны көбүрөөк убакытка сактап кала турган өсүмдүктүн экстракттарын жана нымдаштыруучу компоненттерди издегиле. Sun 360 каражаттарында ушундай үч компонент бар.

Е витамини эң кубаттуу антиоксидант, күндүн жана айлана чөйрөнүн терс таасиринен пайда болгон кычкылдандыруучу стресске каршы турат
МорошкаА, С жана Е витаминдерин жогорку санда камтылганы үчүн шведдер тарабынан «токой алтыны» деп аталган сейрек кездешүүчү мөмө-жемишиАнын экстракты теринин нымдуулугун сактайт жана  УФ-нурларынан коргойт
Түндүк пахтасы кант жана минералдарга бай, теринин коргоочу бөгөтүн бекемдейт, ошондой эле терини күндүн алында жүргөндө тынчтандырат.

Күндөн кесепетсиз ырахат алуу үчүн Sun 360 күндөн коргоочу каражаттарын күнүгө  пляжда гана эмес, шаарда да, күн бүркөк учурунда да колдон. Күндөн коргонуу тууралуу ушул жерден көбүрөөк бил.

Текст: