Баланын иммунитетин кантип көтөрүү керек

Барды ката-энелер өз балдарынын иммунитетин кантип сактоо керек экенин билиши керек. Наристенин коргоочу күчтөрүн бекемдөө ыкмалары кичинекей адам бекем жана айлана-чөйрөгө туруктуу болушуна багытталган – жана буга балдар үчүн Wellness өнүмдөрү жардам берет.

 

Балдарды тарбиялоону алардын жашоосунун биринчи күндөрүнөн баштоо керек экендиги баарына белгилүү бул эреже иммунитетке дагы тиешелүү. Кичинекей организмдин коргоочу касиеттери дайыма көзөмөлдө болуш керек.

Келгиле, баланын денесин кантип чыңдоо керектигин жана бала гармониялуу өнүгүшү үчүн эмне кылуу керектигин бирге карап чыгалы.

1. Жетиштүү жана сапаттуу уйку

Туура эс алуу өсүп жаткан организмдин иммундук системасынын клеткаларына жакшы таасирин тийгизет. Балдар уйкуда жакшы өсүшөт, анткени балдар уктап жаткан учурунда алардын зат алмашуусу чоңдорго караганда тезирээк болот. Бала өтө көп чарчабай, ар дайым күчүн толук калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керек. Балдар үчүн күнүнө 8 сааттан кем эмес уктоо оптималдуу деп эсептелет.

2. Активдүүлүк жана физикалык жүк

Физикалык активдүүлүктүн эң маанилүү милдети - баланын организминин иштөө жөндөмүн жана ички органдардын туура иштешин колдоо. Баланстуу кыймыл-аракет көңүлдү көтөрөт, иммундук системаны чыңдап, нерв системасын нормалдаштырат жана уйку режимин жакшыртат.

Балдар жана өспүрүмдөр үчүн жумасына 3 5 жолку 30 мүнөттөн 1 саатка чейин созулган физикалык активдүүлүк жетиштүү деп эсептелет. Бул комплекстүү болушу керектигин жана мында жүрөк-кан тамыр системасы да, сөөк-булчуӊ аппаратыны да козголушу керектигин унутпоо зарыл. Сабактардын системалуу болушу өтө маанилүү - ошентип, баланын кичинесинен баштап тынымсыз физикалык көнүгүүлөрдү жасоо адаты калыптанып калат.

3. Рационалдуу жана туура тамактануу

Туура тамактануу - бул белок, май жана углеводдор боюнча балансталган жана бардык керектүү витаминдер менен минералдарды камтыган рацион. Туура тамактануу – бул жөн гана туура түзүлгөн күнүмдүк меню эмес, ошондой эле тамактануу режими, ошондой эле балага тамак-аш этикетин үйрөтүү. Адамдагы бала кезинен калыптанган тамактануу адаттары өмүр бою анда калат да, ал кийин өз балдарын да ушундай тамактанууга үйрөтөт. Дал ушул себептен, бала кичинекей болуп, биз даярдаган жана сунуш кылган нерселерди жеп жаткан учурда, анын ден-соолугун сактоого жардам бере турган туура адаттарды калыптандыруу өтө маанилүү.

4. Витаминдүү коргоо.

Баланын организминдеги метаболизм тездетилгендиктен, тамак-аш ар түрдүү болушу керектигин жана витаминдерди көбүрөөк камтышы керектигин унутпоо зарыл. Демек, баланын иммунитетин бекемдөө үчүн жетиштүү өлчөмдө витаминдер, микроэлементтер, белоктор жана башка пайдалуу жана керектүү заттар зарыл. Ошондой эле, бала дагы эле өсүп келе жаткандыгын жана анын гармониялуу өсүүсүнө жардам берүү керектигин унутпаңыз. Тамак-аштан керектүү азыктандыруучу заттарды алуу ар дайым эле мүмкүн боло бербейт, жана бул жерден биздин кошумчалар деп аталган жардамчыларыбыз жардамга келишет. Келгиле, балаңыздын күчтүү жана чың ден-соолукта өсүшүнө, ошондой эле анын иммундук системасын колдоой турган эң керектүү витаминдер комплекстерине токтололу.

Oriflameден Wellness «Мультивитаминдер жана минералдар» балдарга арналган комплeкси өз таасири боюнча универсалдуу жана өз курамында кичинекей организмдин толук кандуу өсүшү үчүн эӊ зарыл болгон минимумун камтыйт:

● Иммунитетти көтөрөт, көрүүнү жакшыртат (А, С, D, витаминдери, цинк, селен, рибофлавин);

● Сөөк системасы жана тиштер үчүн пайдалуу (D, K, витаминдери, кальций жана магний);

● Булчуӊдарды бекемдеп, энергиянын булагын камсыз кылат (B тобунун витаминдери, кальций, магний, железо жана хром);

● Мээнин жана нерв системасынын ишин колдойт (В тобунун витаминдери, йод жана цинк).

«Oriflameден Wellness балдарга арналган «Омега-3»  — бул көбүнчө деӊиз азыктарынын жана балык майынын курамында боло турган көп каныккан май кислоталар. Бала үчүн бул заттар абдан маанилүү болуп саналат, анткени алар:

● Интелектуалдуу жөндөмдөрдүн өнүүшүнө жардам берет;

● Сезгенүүгө каршы касиеттерге ээ;

● Жүрөк-кан тамыр системасынын оптималдуу иштешине өбөлгө түзөт;

● Көӊүл коюу, эс тутум, логикалык ой жүгүртүү жана мотриканын өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт;

● Стресстерге чыдамдуулукту жогорулатат.

Текст: