Теринин ар бир түрүнө нымдандыруучу каражат тандайбыз

Бардык түрдөгү терилер нымдандырууга муктаж. Бирок, бул бардык эле тери түрүнө бир чечим туура келет деген сөз эмес. Биз экспертибиз Мелина Галеадиге кеӊеш сурап кайрылдык.

СЕЗГИЧ ТЕРИ
Белгилери: кызаруу, тартылуу жана кычышуу. Мындай тери айлана-чөйрөдөн баштап косметикалык ингредиенттерге чейинки бардык дүүлүктүргүчтөргө реакция көрсөтөт.

Илимден бир аз
Теринин үстүӊкү катмарлары барьер катары иштейт: бардык таасирлерден коргоп, нымдандыруунун зарыл болгон деӊгээлин колдоого жардам берет. Сезгич териге ээ болгон адамдарда бул барьерден өтүү көп учурда оӊой болот. Мына ошондуктан ал нымдуулукту жоготуудан азыраак корголгон. Канчалык коргоо аз болсо, тери сырткы таасирлерге ошончолук сезгич болот. Жаш өткөн сайын барьердин эффективдүүлүгү төмөндөп, натыйжада кийин тери кургоодон жабыркайт.

Эмне куткарат
тынчтандыруучу, нымдандыруучу жана коргоочу касиеттери бар каражаттар. Мисалы,
нымдандыруучу күндүзгү крем же Optimals Hydra Care кургак/сезгич териге арналган түнкү креми  (сен уктап жатканда табигый барьерди бекемдөөгө жардам берет).

МАЙЛУУ ТЕРИ
Белгилери: кеӊейген поралар, сезгенүүлөр, Т-аймагындагы безеткиле. Мындай тери өтө көп себум бөлүп чыгарат, натыйжада, күндүн аягында сенин макияжыӊ бузулат, тень кабагыӊа топтолуп, уюлдук телефонуӊдун экранына бетиӊдин тагы калат.

Илимден бир аз
Ашыкча себум — тери дисбаланста болгонунун белгиси. Көп учурда биз терини тазалоодо аша чаап кеткендиктен, себум мурдагыдан да көп бөлүнүп чыгат. Бул маселеден чыгуу үчүн баланстоочу жана нымдандыруучу касиеттерге ээ болгон өнүмдөрдү танда.

Эмне куткарат
бир эле учурда ашыкча себумдун пайда болушунун алдын алып, оптималдуу нымдандырууну камсыз кыла турган жеӊил текстуралуу жалтыратпоочу каражаттар. Сен майлуу теринин көзгө көрүнүүчү натыйжалары менен гана күрөшүүӊ керек болот. Менин сунушум –
 Optimals Hydra майлуу териге арналган жалтыратпоочу күндүзгү крем-флюиди. 

КУРГАК ТЕРИ
Белгилери: күӊүрт түс, толгон поралар, мимикалык бырыштар, бир аз кызаруу. Буга теринин тартылуусун жана түлөөсүн кошобуз.

Илимден бир аз

теринин кургактыгы эпидермистин жана анын тышкы катмарынын нымдандыруунун туруктуу даӊгээлин сактоо жөндөмдүүлүгүнө көз каранды болот. Көп учурда тери жаш өткөн сайын же климаттык өзгөрүүлөрдөн улам кургак болуп калат. Себумдун иштелип чыгышы азайып, ал теридеги нымдуулуктун санынын азаюусуна алып келет. Суук климат жана кышындагы температуранын өзгөрүүсү терини кургатып, ага терс таасирин тийгизет.

Эмне куткарат

ыӊгайлуу текстурага ээ болгон азыктандыруучу өнүмдөр.
Нымдандыруучу күндүзгү кремди же Optimals Hydra Care кургак/сезгич териге арналган түнкү кремин танда.   

АЙКАЛЫШКАН ТЕРИ
бул тери түрүн дароо аныктоо оӊой эмес. Айкалышкан тери түрүнө ээ болгон адамдар чекесинде, мурдунун үстүндө жана ээгинде (Т-аймакта) ашыкча майлуулукту жана жылтыроону жана беттеги кургактыкты байкашат.

Илимден бир аз
айкалышкан тери кургактыктан жабыр тартышы мүмкүн – аба-ырайынын шарттарынан улам. Себумдун иштелип чыгышы ысык климатта көбөйүп, төмөн температурада азаят. Гормоналдык өзгөрүүлөр да өз таасирин тийгизиши мүмкүн. Мындай териге кам көрүүдө балансты кармоого аракет кылып, Т-аймактагы ашыкча жылтыроого каршы күрөшкүӊ келсе да, нымдандыруучу каражаттарды колдон.

Эмне куткарат
Тери ар кандай абалда болгондуктан биз бир тери түрүнө арналган өнүмдөрдү колдонууну сунуштайбыз, мисалы, бир гана майлуу же бир гана кургак териге арналган каражаттар. Сага бир учурда эле ашыкча жылытыроо менен күрөшүп, теринин нымдануусун жана саламат жаркыроосун сактоочу каражаттар керек.
 Optimals Hydra Radiance нормалдуу/айкалышкан териге арналган күндүзгү жана түнкү нымдандыруучу кремин сунушайм.

Текст: Сүрөт: Oriflame and Getty